Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 19-марты № 13-21-1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 14- августундагы № 696 “Формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү. КРАЭ-9” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталган практикасы менен максималдуу ыраттуулугун камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 14-августундагы № 696 “Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү. КРАЭ-9” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бѳлүмүнѳ:
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республиканын министрликтери, ведомстволору, жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору «КРАЭ-9. Формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор | Д.К. Бостонов |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине
караштуу Жарандык авиация
мамлекеттик агенттигинин
2026-жылдын 19-мартындагы № 13-21-1
буйругуна тиркеме
1) 1-бөлүмдөгү «Интерактивдүү API (iAPI)» термини төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Интерактивдүү API системасы (iAPI). Аба кемесин эксплуатанты тарабынан чогултулган API маалымат элементтери каттоо мезгилинде улуттук коопсуздук органдарына берилүүчү электрондук байланыш системасы, алар аба кемесин эксплуатациялоочу тарабынан бөлүнгөн каттоого туруу убактысынын ичинде ар бир жүргүнчү боюнча бул эксплуатантка жооптук билдирүү жөнөтүшөт.»;
2) 1-бөлүм 1-абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы 2,3,4,5-абзацтар менен толукталсын:
Жүк жөнүндө алдын ала маалымат системасы (Cargo API), аба транспорту менен ташылуучу товарлар жөнүндө маалыматтарды берүүнүн электрондук системасы, мында аба кемесинин эксплуатанты же анын ыйгарым укуктуу өкүлү жүк жөнүндө алдын ала маалыматты аба кемеси келгенге чейин бажы органдарына жиберет.
Жүктөр жөнүндө алдын ала маалыматтын интерактивдүү системасы (Cargo iAPI)". Эки тараптуу маалымат алмашуунун электрондук системасы, мында бажы органдары реалдуу убакытка жакын режимде аба кемесинин эксплуатантына же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө көзөмөлдөө максаттары үчүн берилген жүк маалыматтарынын статусу жөнүндө жоопторду (билдирүүлөрдү) жөнөтөт.
“Машина менен окулуучу жол жүрүү документи (МОЖЖД) – Doc 9303 документинде көрсөтүлгөн техникалык талаптарга жооп берген жол жүрүүчү документ. Ал милдеттүү визуалдык (визуалдык окулуучу) маалыматтарды жана өзүнчө милдеттүү кыскача маалыматтарды машиналык окууга жарактуу форматта камтыйт.
Эскертүү: Бул аныктама «жол жүрүү документи» термининин аныктамасы менен айкалышып колдонулушу керек.”;
3) 1-бөлүмдө «Жүргүнчүлөр жөнүндө алдын ала маалымат системасы (API)» термини төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
«Аба кемелерин пайдалануучулар ар бир жүргүнчү жана/же экипаж мүчөсү боюнча керектүү маалымат элементтерин чогултууну жана аларды учуп чыгууга чейин же учуп келүү алдында улуттук коопсуздук органдарына иштетүү үчүн берүүнү, ошондой эле аларды келүү аэропортундагы биринчи чек арага багыттоону ишке ашыруучу электрондук байланыш системасы.»;
4) 1-бөлүмдө «Электрондук МОЖЖД» терминини төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Электрондук машина менен окулуучу жол жүрүү документи (МОЖЖД) – Doc 9303 документиндеги техникалык талаптарга жооп берген, өзүнө орнотулган байланышсыз интегралдык схемасы бар МОЖЖД.
Эскертүү: Бул аныктама “Машина менен окулуучу жол жүрүү документи (МОЖЖД)” термининин аныктамасы менен айкалышып колдонулушу керек.»;
5) 27‑пункт төмөнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«27. Аба кемесинин эксплуатанты же анын ыйгарым укуктуу агенти, эгерде алар тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга ушул Эрежелердин 9-бѳлүмүндѳ көрсөтүлгөн ар кандай документтерде табылган катачылыктар атайылап жасалбаганын жана алдамчылык ниетинен же орой шалаактылыктан улам эмес экенин далилдей алышса жазага тартылбайт, аба кемесинин эксплуата же анын ыйгарым укуктуу агенти жазага тартылбайт.»;
6) 59‑пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«59. Эскертүү. Doc 9303 документинин техникалык талаптары менен колдонуу мѳѳнѳтү бүткѳн күндү жана машина окуй турган аймакта кѳрсѳтүлгѳн башка маалыматтарды өзгөртүүгө жол бербейт. Бул талаптар машина окуй турган форматта берилген визаларга тиешелүү.»;
7) 3‑бөлүм төмөнкү мазмундагы 72¹,72²,72³ пункттары менен толукталсын:
«72¹. Паспорт документтин экинчи аныктамасы менен берилген учурда Doc 9303 документиндеги спецификациялардын талаптары сакталышы камсыз кылынат.
Эскертүү 1. Документтин экинчи аныктамасы машиналык окулуучу паспорттун түрүн көрсөтөт, мисалы, бул жѳнѳкѳй паспорт, дипломатиялык паспорт же өзгөчө кырдаалдарда колдонулуучу паспорт экендигин кѳрсѳтѳт. Паспорт китепчесинин коддору машиналык окулуучу аймагында да, визуалдык текшерүү аймагында да колдонулат жана Doc 9303 документтин 4-бөлүгүндө көрсөтүлѳт.
Эскертүү 2. Өзгөчө кырдаалдарда колдонулуучу паспортторго берилген экинчи документ коду анын бир эле бланкты колдонуу менен чыгарылган учурларга Doc 9303 документтин 8‑бөлүгүндө көрсөтүлгөн.
72². Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан берилүүчү бардык паспорттор Doc 9303 документиндеги спецификацияларга ылайык документтин экинчи аныктамасы менен 2028-жылдын 1-январына чейин чыгарылышы камсыз кылынат.
72³. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары Doc 9303 документиндеги спецификацияларга ылайык, документтин гармониялаштырылган экинчи аныктамасы жок берилген паспорттордун мөөнөтү 2038-жылдын 1-январына чейин аякташын камсыздайт.»;
8) 74-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«74. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары өтө жогорку деңгээлдеги бүтүндүктү жана коргоону камсыз кылуу максатында, арыз тапшырылган учурдан тартып чечим чыгаруу жана документ берүү процесстеринин бардыгына тийиштүү көзөмөл каражаттарын орнотушат.»;
9) 76‑пункт тѳмѳнкү редакцияда баяндалсын:
«76. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары белгилүү бир мамлекет тарабынан берилген уурдалган, жоголгон жана кайтарылып алынган жол жүрүү документтери жөнүндө так маалыматтарды ИНТЕРПОЛго кечиктирбестен дароо берет, бул маалыматтар тиешелүү базага киргизилет.
Эскертүү. ИНТЕРПОЛдун SLTD базасында уурдалган, жоголгон, кайтарылып алынган же жараксыз деп табылган жол жүрүү документтери жана жеке инсанды тастыктоочу документтер, ошондой эле мындай документтердин уурдалган бланктары тууралуу маалыматтар камтылган.»;
10) 3-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 83¹, 83², 83³, 83⁴, 83⁵, 83⁶ пункттары менен толукталсын:
«83¹. Жол жүрүү документтерин берүүнүн бүтүндүгүн камсыз кылуу максатында, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ИКАОнун жол жүрүү документтерин даярдоо жана берүү коопсуздугун баалоо боюнча колдонмосун жана инсанды аныктоо боюнча колдонмосун үзгүлтүксүз колдонушат.
Эскертүү. ИКАОнун жол жүрүү документтерин даярдоо жана берүү коопсуздугун баалоо боюнча колдонмосу үч бөлүктөн турат: мыкты тажрыйба, баалоо колдонмосу жана эксперттер үчүн колдонмо. Бул колдонмо мамлекет тарабынан өз алдынча же эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкта колдонулушу мүмкүн. ИКАОнун инсанды аныктоо (EOI) колдонмосу мамлекеттерге EOI жаатындагы учурдагы абалды баалоо жана тобокелдиктерге негизделген комплекстүү мамиле иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындай ыкма жол жүрүү документтерин же визаларды берүүдө инсанды ишенимдүү аныктоону камсыз кылуунун натыйжалуу жолу болуп саналат жана чек ара көзөмөлүн жеңилдетет.
83². Электрондук МОЖЖД (машина менен окулуучу жол жүрүү документтери) берген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы пароль аркылуу аутентификациялоону камсыз кылган PACE системасын киргизет.
Эскертүү. PACE спецификациялары Doc 9303 документинде көрсөтүлгөн. PACE электрондук МОЖЖДтердин чиптери менен текшерүү системасынын ортосундагы байланыштын шифрленишин жакшыртып, жеке маалыматтарды ишенимдүү коргоону камсыз кылат.
83³. Электрондук МОЖЖД берген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы базалык жетүү көзөмөлү (BAC) колдонулган электрондук МОЖЖДтерди чыгарууну токтотот.
83⁴. Электрондук МОЖЖД берген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы BAC менен чыгарылган бардык электрондук МОЖЖДтерди жүгүртүүдөн алып салууну камсыз кылат.
83⁵. Электрондук МОЖЖД берген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жүздүн сүрөтүн коддоо ыкмасынын жаңы түрүнө 2030-жылдын 1-январына чейин өтүүнү камсыз кылат.
Эскертүү 1. Электрондук МОЖЖДтердин байланышсыз интегралдык схемаларындагы жүздүн сүрөтүн жана башка биометрикалык маалыматтарды коддоонун спецификациялары Doc 9303 документинде көрсөтүлгөн.
Эскертүү 2. 2026–2029-жылдар аралыгында электрондук МОЖЖД берген ыйгарым укуктуу орган Doc 9303 документинде көрсөтүлгөн жүздүн сүрөтүн коддоонун эки форматтын бирин колдоно алат. Бул төрт жылдык өткөөл мезгилде өз ара шайкештик жана талаптарга ылайык келүү сыноолору өтө маанилүү болот.
83⁶. Электрондук МОЖЖДтерди текшерүү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары 2026-жылдын 1-январына карата байланышсыз интегралдык схемалардагы жүздүн сүрөтүн чечмелөө спецификацияларын киргизет.
Эскертүү. Жүздүн сүрөтүн жана башка биометрикалык маалыматтарды чечмелөөнүн спецификациялары Doc 9303 документинде көрсөтүлгөн.»;
11) 3-бөлүм төмөнкү мазмундагы 84¹-пункт менен толукталсын:
«84¹. Кыргыз Республикасында аба кемесинде адамдарды ташуу үчүн төмөнкү жол жүрүү документтери кабыл алынат:
Документтин түрү | Документтин коду |
Жалпы жарандык паспорт | PP |
Ѳзгѳчѳ кырдаалдарда колдоонуучу паспорт | PE
|
Дипломатиялык паспорт | PD |
Кызматтык/расмий паспорт | PO |
Качкын паспорту | PR |
Чет ѳлкѳлүк паспорт | PT |
Жарандыгы жок адамдын паспорту | PS |
Паспорт-өткөрмө | PL |
Деңизчи паспорту же өздүк күбѳлүгү | PM |
Ѳзгѳчѳ кырдаалдар үчүн бир барактуу паспорт | PU |
Идентификациялык карта |
|
Экипаж мүчѳсүнүн күбѳлүгү |
|
Кайтып келүүгө күбөлүк |
|
12) 86-пункт төмөнкү мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
«Эскертүү. Качкындарга берилүүчү жол жүрүү документтери жөнүндө жобо 1951-жылдагы Качкындардын статусу тууралуу Конвенциянын 28-беренесинде, жарандыгы жок адамдарга берилүүчү жол жүрүү документтери тууралуу жобо 1954-жылдагы Апатриддер жөнүндө Конвенциянын 28-беренесинде камтылган. БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын аткаруу комитети 1978-жылдагы №13 (XXIX) “Качкындар үчүн жол жүрүү документтери” аттуу документинде 1951-жылдагы Конвенцияга катышпаган мамлекеттерге өз аймагында мыйзамдуу жашаган качкындарга ушул сыяктуу машиналык окулуучу документтерди берүүнү сунуштаган.»;
13) 3-бөлүм төмөнкү мазмундагы 109¹-пункт менен толукталсын:
«109¹. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары аба транспорту менен келе жаткан же кетип жаткан адамдардан же алардын атынан иш алып барган аба кемелеринин эксплуатациялоочуларынан, инсанды тастыктоочу документтерде көрсөтүлгөндөн тышкары, кошумча жазуу жүзүндөгү идентификациялык маалыматтарды талап кылышпайт. Мындай маалымат талап кылынган учурда, электрондук МСПДлерден маалымат окуй турган системалар колдонулат.»;
14) 3-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 117¹, 117², 117³, 117⁴, 117⁵ пункттары менен толукталсын:
«117¹. Электрондук МОЖЖДтерди текшерүү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары мүмкүн болушунча ИКАОнун ДОК тутумуна кошулат жана чек ара көзөмөлүндө электрондук МОЖЖДтердин аныктыгын текшерүү үчүн анда камтылган маалыматтарды колдонушат.
117². Эл аралык каттамдардын келүү жана кетүү пункттарындагы чек ара көзөмөлүндө мүмкүнчүлүккө жараша жүргүнчүлөрдүн жол жүрүү документтери ИНТЕРПОЛдун SLTD базасы менен салыштырылат.
117³. Мүмкүн болушунча автоматташтырылган чек ара көзөмөл системалары (АЧКС) киргизилип, аба транспорту менен келүүчү жана кетүүчү адамдарды каттоону жөнөкөйлөтүү жана тездетүү максатында колдонулат.
117⁴. АЧКС колдонулганда, ИКАОнун ДОК системасындагы маалыматтар электрондук МОЖЖДтердин аныктыгын текшерүү үчүн пайдаланылат, биометрикалык маалыматтар салыштырылат, жүргүнчүнүн документтин мыйзамдуу ээси экендиги аныкталат, SLTD базасы боюнча текшерүү жүргүзүлөт жана чек ара көзөмөлүнүн башка маалыматтары пайдаланылат.
117⁵. Чек ара көзөмөлү жана АЧКС колдонгон башка органдар мүмкүн болушунча чыгып кетүүчү көзөмөл пункттарында тиешелүү персоналдын болушун камсыз кылып, жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз өтүшүн жана коопсуздук же бүтүндүк маселелери чыккан учурда ыкчам чечим кабыл алууну камсыз кылышат.»;
15) 156-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«156. Учактарды эксплуатациялоочу уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бажы тазалоосунан али өтө элек жүктөрдү сактоо милдетинен жана мындай жүктөр бажы органдарынын карамагына өткөрүлүп, алардын өзгөчө контролунда турган учурдан тартып, ошол жүктөр боюнча импорттук бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөө жоопкерчилигинен бошотулат.»;
16) 4-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 213¹, 213² жана 213³-пункттар менен толукталсын:
«213¹. Бажы операцияларын оптималдаштыруу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана тариздөө убактысын кыскартуу, ошондой эле тобокелдиктерди баалоо, көзөмөл объекттерин тандоо жана бажы көзөмөлүнүн формалары боюнча алдын ала чечимдерди кабыл алуу максатында, учактарды эксплуатациялоочу уюм (аба ташуучу же анын ыйгарым укуктуу өкүлү) Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине жана Кыргыз Республикасынын бажы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук форматта алдын ала маалыматты милдеттүү түрдө жөнөтөт.
213². Жүктөр жөнүндө алдын ала маалымат электрондук түрдө автоматташтырылган маалыматтык системаларды пайдалануу менен байланыштын корголгон каналдары боюнча, кагаз алып жүрүүчүлөрдү жана стандартташтырылбаган форматтарды колдонбостон берилет. Жүктөр жөнүндө алдын ала маалыматты берүү маалыматтарды электрондук алмашуунун эл аралык таанылган стандарттарын, анын ичинде ИАТАнын (Cargo-IMP, Cargo-XML) стандарттарын, дүйнөлүк бажы уюмунун (WCO Data Model) маалыматтарынын моделдерин, ошондой эле башка шайкеш келген эл аралык стандарттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Колдонулган форматтар маалыматтарды берүүнүн заманбап ыкмалары менен алмаштырылышы же толукталышы мүмкүн, анын ичинде добуштарды берүү, сот-сервистер жана сот-интерфейстер.
213³. Кыргыз Республикасынын бажы органына милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш болгон алдын ала маалыматты, анын ичинде электрондук форматта, убагында бербеген же так эмес маалымат берген учурларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик каралган.»;
17) 6-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 339¹, 339² жана 339³-пункттары менен толукталсын:
«339¹. Эл аралык аэропорттордо калктын саламаттыгына коркунуч туудуруучу ыктымалдуу коркунучтардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүнө баа берүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат жана мындай коркунучтарды жоюу боюнча аракеттерди координациялоо камсыздалат.
Эскертүү: аэродромдогу өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-чаралар планына коюлуучу талаптарга көңүл буруу зарыл — бул Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы №3 буйругу менен бекитилген “Аэродромдор” – 14 1-бөлүмү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык жугуштуу оорулардын эпидемиясына даярдык боюнча улуттук авиациялык пландарга тиешелүү талаптар.
339². Эл аралык аэропорттордогу жүктөрдү иштетүүчү каражаттарды, жаңы объекттерди же алардын ири модификациясын пландаштырууга жооптуу жарандык авиация уюму пландоо ишинин алгачкы этабында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, аэропорттордун эксплуатациялоочулары жана аэропорт колдонуучуларынын кызыкчылыктарын билдирген тийиштүү органдар менен кеңешмелерди өткөрүүгө милдеттүү.
339³. Учактарды эксплуатациялоочу уюмдар өздөрүнүн тейлөө, учуу графиги жана аба кемелер паркы боюнча пландарын аэропорттордун эксплуатациялоочуларына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымдап турушат, бул аэропорт кызматтары менен каражаттарын рационалдуу пайдалануу максатында жүргүзүлөт.»;
18) 6-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 349¹-пункт менен толукталсын:
«349¹. Аэропорттордун, мамлекеттик органдардын жетекчилери DOC 9636 “Эл аралык пиктограммалар — аэропорттордо жана деңиз вокзалдарында келгендерге багыт табууга жардам берүүчү белгилер” документине ылайык, жүргүнчүлөр жана башка адамдар аэропорттордо багыт табуусу үчүн зарыл болгон пиктограммалардын, белгилердин жана көрсөтмөлөрдүн болушун камсыз кылышат.»;
19) 6-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 370¹ жана 370²-пункттар менен толукталсын:
«370¹. Аэропорттун эксплуатациялоочусу багаж берилүүчү аймакта бардык жүргүнчүлөр өздөрүнүн катталган багажын оңой таанып, тез ала алышы үчүн жетиштүү аянт бөлүп берет.
370². Аэропорттун эксплуатациялоочусу жүргүнчүлөргө багажды берүү аймагынан чыгып жаткан жерлерге же аэропорттон чыгуу үчүн пайдаланылуучу, мүмкүн болушунча жер үстүндөгү транспорттук каражаттар токтогон жайларга, ошондой эле аэропорттун имараттарынын ортосундагы өтмөктөргө чейин жеткирүүдө жардам көрсөтөт.»;
20) 6-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 381¹ жана 381²-пункттар менен толукталсын:
«381¹. Аэропорттун жана аба кемелеринин эксплуатациялоочулары тиешелүү жагдайларга жараша эл аралык аэропорттордун контролсуз аймактарында, авиациялык коопсуздук талаптары сакталган шартта, жүргүнчүлөр тарабынан убактылуу сактоого тапшырылган багажды сактоо үчүн жайлардын болушун камсыз кылат.
381². Аэропорттун эксплуатанты:
а) мүмкүн болушунча аэровокзалдык каражаттарды пландоону жана уюштурууну камсыз кылат, мында жүргүнчү болуп саналбаган адамдар келүүчү жана кетүүчү жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук кылбайт;
б) аэровокзалдын имараттарында жүргүнчүлөрдүн агымынын кыймылына тоскоол болбош үчүн топтордун/турлардын уюштуруучулары үчүн жүргүнчүлөр келген жана/же кеткен зоналардагы коомдук же контролдонбогон жайларда каражаттарды жайгаштырат;
в) чекене соода ишканалары ыңгайлуу жайгашуусун жана жүргүнчүлөрдүн агымына тоскоол болбошун камсыз кылат.»;
21) 6-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 394¹ жана 394²-пункттар менен толукталсын:
«394¹. Аэропорттун эксплуатациялоочусу жүк ташуучу аба кемелеринин тиешелүү түрдө тейленишин камсыз кылат.
394². Аэропорттун эксплуатациялоочусу жана жарандык авиациянын жүк жана почта иштетүүчү уюму, аба аркылуу андан аркы ташууга даярдоо максатында:
а) тиешелүү мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык жүк аэровокзалдарын жүктөрдү коопсуз, санитардык талаптарга шайкеш, натыйжалуу жана ишенимдүү иштетүү жана сактоо шарттарын камсыз кыла тургандай долбоорлоону камсыз кылат;
б) колдонулуучу мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык почта жөнөтүүлөрүн коопсуз, натыйжалуу жана ишенимдүү иштетүү жана сактоо үчүн тиешелүү каражаттардын болушун камсыз кылат.»;
22) 408-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«408. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары мамлекеттик органдар тарабынан чек ара, бажы, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык жана башка көзөмөл түрлөрүн жүргүзүү максатында аба кемесинин эксплуатациялоочусуна өздөрүнүн иш убактысында акысыз тейлөө көрсөтүшөт.»;
23) 6-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 424¹ жана 424²-пункттар менен толукталсын:
«424¹. Аэропорттун жана аба кемелеринин эксплуатациялоочулары аэропорттордо жана аба кемелеринин бортунда тартип бузуучу же дисциплинасыз жүрүм-турумдун жол берилбестиги жана анын мүмкүн болгон укуктук кесепеттери жөнүндө жүргүнчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүшөт, максат — мындай жүрүм-турумду болтурбоо жана алдын алуу.
424². Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы аэропорттордун жана аба кемелеринин эксплуатациялоочулары менен кызматташтыкта дисциплинасыз же тартип бузуучу жүргүнчүлөр менен байланышкан жагдайларды аныктоо жана жөнгө салуу ыкмалары боюнча тиешелүү кызматкерлерди окутуу чараларын көрөт.»;
24) 479-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«479. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары 478-пунктта көрсөтүлгөн кызматкерлерди өткөрүүдө паспорттон башка кандайдыр бир башка жүрүү документтерин талап кылууга укуктуу эмес.»;
25) 8-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 479¹-пункт менен толукталсын:
«479¹. Эгерде 478-пунктта көрсөтүлгөн кызматкерлер үчүн кирүү визалары талап кылынган учурда, анда зарылчылыкка жараша, бул кызматкерлер өз мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген расмий иш сапар кагазы болгон шартта, Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде визалар берилет.»;
26) 481-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«481. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары башка мамлекетке таандык аба кемеси бузулган учурларда жүргүзүлүүчү издөө, куткаруу, авиациялык кырсыктарды иликтөө, оңдоо жана мүлктү сактап калуу иштерине зарыл болгон бардык аба кемелерине, шаймандарга, запастык бөлүктөргө жана жабдууларга Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу кирүүгө жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип менен уруксат берет. Мындай каражаттар бажы төлөмдөрүнөн жана башка салыктардан, жыйымдардан бошотулат, ошондой эле товарларды киргизүү чектөөлөрүнө дуушар болбойт. Ошондой эле бузулган аба кемелерди, жардам көрсөтүүгө келген аба кемелерди, шаймандарды, запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууга уруксат берилет.»;
27) 511-пункт «Улуттук программаны» деген сөздөрдөн кийин «жазуу түрүндѳ» деген сөздөр менен толукталсын;
28) 539-пункттагы «мамлекет катары» деген сөздөр алынсын, «алмашуу» деген сөз «берүү» деген сөз менен алмаштырылсын;
29) 540-пункттагы «алмашуу» деген сөз «берүү» деген сөз менен алмаштырылсын;
30) 545-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«545. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалыматтарды (API) камсыз кылуучу системаны түзөт.
Эскертүү 1. API системасы аба транспорту менен каттамга чыгуудан мурун аба каттамын аткаруучусу жүргүнчүлөр же экипаж мүчөлөрү жөнүндө биографиялык маалыматтарды, саякат кагаздарынын толук маалыматтарын жана учуу боюнча толук маалыматтарды киргизүүсүн карайт. Бул маалыматтар электрондук түрдө топтук режимде максаттуу же чыгуу өлкөсүнүн улуттук коопсуздук органдарына өткөрүлөт. Натыйжада жүргүнчүлөр жана/же экипаж мүчөлөрү тууралуу толук маалыматтар каттамга чыгууда же келгенде алдын ала кабыл алынат.
Эскертүү 2. iAPI системасы жүргүнчүлөр тууралуу топтук режимдеги маалыматтарды чогултууну карайт, бирок алар эки тараптуу байланыш аркылуу өткөрүлөт. Улуттук коопсуздук органдары реалдуу убакыт режиминде каттоодо ар бир жүргүнчү боюнча жооп берип, өлкөгө кирүү жана/же чыгуу учурунда аба кемесине отурууга уруксат же тиешелүү көрсөтмөнү бере алат.
Эскертүү 3. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 2178 (2014) резолюциясынын 9-пунктунда мүчө мамлекеттерге, өз аймагында иш алып барган авиакомпаниялардан төмөнкүлөрдү талап кылууну сунуштайт: жарандык авиациянын учактарында Комитет тарабынан белгиленген адамдардын өз аймагына кирүүсү, аймагына кирүүгө аракет кылышы же транзит аркылуу өтүүсүн аныктоо максатында, жүргүнчүлөр тууралуу маалыматтарды тиешелүү улуттук органдарга алдын ала берүүнү. Бул Комитет 1267 (1999) жана 1989 (2011) резолюциялар менен түзүлгөн. Ошондой эле, мүчө мамлекеттерге мындай адамдардын өз аймагынан чыгуусу, аймагына кирүү аракеттери же транзит аркылуу өтүү учурлары жөнүндө Комитетке маалымдоо, ошондой эле кырдаалга жана улуттук мыйзамдар менен эл аралык милдеттенмелерге ылайык, бул маалыматтарды жашаган мамлекетке же жарандыгына жөнөтүү сунушталат.”.
31) 9-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 545¹-пункт менен толукталсын:
“545¹. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалыматтарды интерактивдүү түрдө чогултуучу (iAPI) системасын киргизет.”.
32) 546-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“546. Кыргыз Республикасынын API системасы:
а) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы, 138 токтому менен бекитилген жүргүнчүлөр жөнүндө алдын ала маалымат системасы жана каттоо жазуулары жөнүндө маалыматтар жөнүндө жобо жана ушул Эрежелер менен колдоого алынат;
б) API боюнча таанылган эл аралык стандарттарга шайкеш келет.
Эскертүү 1. ЭДИФАКТ БУУ стандартындагы PAXLST жана CUSRES билдирүүлөрү – жүргүнчүлөрдүн тизмелерин (электрондук түрдө) берүү процессин камсыздоо үчүн атайын иштелип чыккан БУУ ЭДИФАКТ стандартынын бөлүмү болуп эсептелген стандарттык электрондук билдирүүлөр болуп саналат.
БУУ ЭДИФАКТ – бул “Башкарууда, соодада жана транспортто маалыматтардын электрондук алмашуусуна карата Бириккен Улуттар Уюмунун эрежелери” дегенди билдирет.
Бул эрежелер эл аралык деңгээлде макулдашылган стандарттардын, көрсөтмөлөрдүн жана сунуштардын жыйындысынан турат, алар түзүмдүү маалыматтардын электрондук алмашуусуна тиешелүү, айрыкча товарлар жана кызматтар менен соода жүргүзүүдө көз карандысыз компьютерлештирилген маалымат системаларынын ортосундагы алмашууга байланыштуу колдонулат.
Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму (ВТамО), Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (ИАТА) жана Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) биргелешип, PAXLST билдирүүсүнө киргизилиши зарыл болгон API маалыматтардын максималдуу жыйындысын макулдашышкан. Бул билдирүү авиакомпаниялар тарабынан дайындоо же уча турган өлкөнүн улуттук коопсуздук органдарына жүргүнчүлөр боюнча маалыматтарды берүүдө колдонулат.
БУУ ЭДИФАКТ стандарты келечекте билдирүүлөрдү берүүдө колдонулуучу заманбап ыкмалар – мисалы, эл аралык XML стандарттары же веб-тиркемелер менен алмаштырылышы мүмкүн деп болжолдонууда.
Эскертүү 2. Учурдагы БУУ ЭДИФАКТ стандартынын PAXLST жана CUSRES билдирүүлөрүнүн форматынын түзүмүндө жалпы авиациянын колдонулушу эске алынбайт.
Эскертүү 3. БУУ ЭДИФАКТ стандартынын PAXLST жана CUSRES билдирүүлөрү алдын ала жүргүнчүлөр жөнүндө маалымат системасы (API) боюнча ВТамО/ИАТА/ИКАО тарабынан кабыл алынган эл аралык нускама көрсөтмөлөрүндө аныкталган стандарттык билдирүүлөр болуп саналат.”;
33) 547-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“547. Жүргүнчүлөрдүн идентификациялык маалыматтарын берүүдө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы проезд кагаздарындагы Doc 9303 спецификациясына жооп берген машиналык окула турган маалымат элементтерин гана талап кылат. Бардык талап кылынган маалыматтар PAXLST ЭДИФАКТ стандартындагы билдирүүлөргө ылайык болушу керек.”;
34) 551-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«551. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары, алдын ала жүргүнчүлөр тууралуу маалымат берүү (API) тутумун ишке ашыруу процессинде, аба кемелеринин эксплуатациялоочуларына (аба каттамдарын аткаруучуларга) коюлуучу эксплуатациялык жана административдик жүктөмдү мүмкүн болушунча азайтуу менен бирге, жүргүнчүлөргө карата формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү деңгээлин жогорулатышат.»;
35) 9-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 551¹-пункт менен толукталсын:
“551¹. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы, эгерде аба кемесинин эксплуатациялоочусу учууга чыккан учурда ушул сапарга жарактуу болгон бир гана жол жүрүүчү документтин негизинде так алдын ала жүргүнчүлөр жөнүндө маалыматты (API) чогултуп жана тапшырган болсо, ал эми келүү учурунда жүргүнчү ушул эле сапарга жарактуу болгон экинчи жол жүрүүчү документти көрсөткөн учурда, мындай аракет үчүн аба кемесинин эксплуатациялоочусуна карата жазалоо чараларын көрбөйт жана башка кандай болбосун жоопкерчиликке тартпайт.”;
36) 553-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«553. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары, алдын ала жүргүнчүлөр жөнүндө маалымат берүү (API) тутумун ишке ашыруу процессинде, жүргүнчүлөрдүн тизмесин кагаз түрүндөгү бланкта же белгиленген эл аралык стандарттарга ылайык келбеген электрондук форматта берүү талаптарын коюуга укуксуз.»;
37) 9-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 555¹-пункт менен толукталсын:
«555¹. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары, интерактивдүү алдын ала жүргүнчүлөр жөнүндө маалымат берүү тутумун (iAPI) ишке ашыруу процессинде:
а) мүмкүн болушунча аба кемелеринин эксплуатанттарынын учурдагы системаларына жана техникалык инфраструктурасына тийгизиле турган таасирди минималдаштыруу максатында, iAPI тутумун иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө чейин аба кемелеринин эксплуатанттары менен кеңешүүлөрдү өткөрүүгө тийиш;
б) аба кемелеринин эксплуатанттары менен биргеликте, алардын жүктөрдү жөнөтүүнү көзөмөлдөө системалары менен шайкеш келген iAPI тутумдарын иштеп чыгууга тийиш.»;
38) 569-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“569. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы эмдөө жүргүзүүчү мекемелер Эл аралык медициналык-санитардык жоболордун 36-беренесине жана 6-тиркемесине ылайык эл аралык үлгүдөгү эмдөө же профилактика жөнүндө күбөлүктөрдү колдонушу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө тийиш, бул алардын дүйнө жүзү боюнча таанылышын камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.”.
39) 10-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 569¹, 569², 569³, 569⁴, 569⁵, 569⁶ -пункттар менен толукталсын:
«569¹. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) тарабынан кабыл алынган Эл аралык медициналык-санитардык жоболордун (2005-жылкы ЭМСП) тиешелүү жоболорун сактоого тийиш.
569². Жарандык авиация органы аба кемесинин эл аралык аэропортко кирүүсүнө саламаттык сактоо себептери боюнча тыюу салбоого тийиш, мындан ЭМСПге ылайык чаралар көрүлгөн учурлар өзгөчө болуп саналат.
569³. Жарандык авиация органы аба каттамдарын убактылуу токтотуу маселесин өзгөчө жагдайларда, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана зарыл болгон учурда ДСУ менен консультациялар өткөргөндөн кийин гана карайт, андан соң гана аба каттамдарын токтотуу боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
569⁴. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, эгерде ДСУ тарабынан сунушталган чаралардан тышкары кошумча санитардык чараларды киргизүү маселесин карап жатса, анда мындай чараларды ЭМСПге ылайык, анын ичинде 43-беренеге ылайык ишке ашырат. 43-беренеде, атап айтканда, мамлекеттер тарабынан кошумча медициналык-санитардык чараларды кабыл алуу чечими төмөнкү негиздерде кабыл алынууга тийиш деп көрсөтүлгөн:
а) илимий принциптерге ылайык;
б) адамдардын саламаттыгына коркунуч бар экендигин тастыктаган бар болгон илимий маалыматтардын негизинде же мындай маалыматтар жетишсиз болгон учурда — ДСУдан же тиешелүү башка өкмөттөр аралык уюмдар менен эл аралык органдардан алынган маалыматтардын негизинде;
в) ДСУнун тиешелүү көрсөтмөлөрүн же сунуштарын эске алуу менен.
Эскертүү 1. 569⁴-пункт ЭМСПде белгиленген эл аралык мааниге ээ коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү өзгөчө кырдаал жарыяланган учурда, расмий убактылуу сунуштар же туруктуу сунуштар иштеп турган учурларда гана колдонулат. Бул жоболор ЭМСПнин 23-беренесинин 2-пунктуна, 27-беренесинин 1-пунктуна жана 28-беренесине ылайык, эл аралык ташууларга (анын ичинде аба ташууларга) карата колдонулуучу кошумча чаралардын контекстинде да тиешелүү болушу мүмкүн.
Эскертүү 2. ЭМСПнин 43-беренесине ылайык, бул берененин негизинде кошумча чараларды киргизген мамлекет, эгер мындай чаралар эл аралык ташууларга олуттуу таасир этсе, анда ДСУга коомдук саламаттык сактоо жана илимий негиздер боюнча мындай чаралардын жүйөөсүн көрсөтүүгө тийиш.
569⁵. Жарандык авиация органы, аба каттамдарын чектөө же убактылуу токтотуу маселесин карап жаткан учурда, зарыл болгон учурда чектөө чараларын киргизген мамлекет же мындай чараларды кабыл алып жаткан мамлекет менен консультацияларды жүргүзүүгө тийиш. Мындай консультациялардын максаты — коомдук саламаттык сактоо боюнча илимий маалыматтарды жана чаранын негиздемесин тактоо, ошондой эле өз ара кабыл алынуучу чечимди аныктоо болуп саналат.
569⁶. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, эгерде эмдөө же профилактикадан өткөндүгүн тастыктаган документтин болушун талап кылса, анда ЭМСПде көрсөтүлгөн формадагы эл аралык эмдөө же профилактика жөнүндө күбөлүктү таанууга тийиш.”;
40) 10-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 570¹, 574, 575, 576, 577, 578, 579, 580, 581, 582, 583, 584, 585, 586, 587 -пункттар менен толукталсын:
“570¹. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) сунуштарына ылайык эмдөөнүн санариптик күбөлүктөрүн берүүнү камсыздайт жана мындай эмдөө жөнүндө санариптик күбөлүктөр ИКАОнун “Эксплуатациялык чектөөлөрсүз көрүнүүчү санариптик басып чыгаруу (VDS-NC)” аттуу техникалык отчетунда көрсөтүлгөн спецификацияларга шайкеш болууга тийиш.
574. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы калктын саламаттыгына коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын эпидемиясынын жайылышына даярдык көрүү же эл аралык мааниге ээ коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү өзгөчө кырдаал жаралган учурда аракеттенүү боюнча улуттук авиациялык даярдык планын кабыл алат.
Эскертүү 1. Улуттук авиациялык даярдык планын иштеп чыгууга байланыштуу сунуштар ИКАОнун веб-сайтындагы Aviation Medicine бөлүмүндө жайгаштырылган.
Эскертүү 2. Эл аралык операцияларда коркунуч факторлорун баалоо жана башкаруу боюнча тестирлөө жана чаралар жөнүндө колдонмо (Doc 10152) мамлекеттер тарабынан чечим кабыл алуу процессинин алкагында колдонууга арналган баалоо куралдарын сунуштайт.
Эскертүү 3. Улуттук планга жана аэродромдун өзгөчө кырдаалдар планына киргизилүүчү процесстер менен чараларды, ошондой эле саламаттык сактоого байланышкан кырдаалдарга жооп кайтаруу чараларын өз ара шайкеш келтирүү зарыл.
575. Жарандык авиация органы, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен өз ара аракеттенүүдө, ар бир эл аралык аэропортто жугуштуу оорулардын жайылышы боюнча аэродромдук деңгээлдеги даярдык жана жооп кайтаруу чараларын камсыздоо үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу планын интеграциялоону камсыздайт.
Эскертүү 1. ИКАОнун 11-тиркемеси “Аба кыймылына тейлөө” жана 14-тиркеменин I тому “Аэродромдорду долбоорлоо жана эксплуатациялоо” аба кыймылына тейлөө кызматтары менен аэродромдордон эл аралык маанидеги саламаттык сактоо өзгөчө кырдаалдары үчүн тиешелүү планды иштеп чыгууну талап кылат.
Эскертүү 2. Аэродромдордогу саламаттык сактоо өзгөчө кырдаалдарына даярдык пландарын иштеп чыгуу боюнча көрсөтмөлөр ИКАОнун веб-сайтында жайгашкан: https://www.icao.int/safety/CAPSCA/Pages/default.aspx.
576. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана/же жайылышын азайтуу максатында медициналык-санитардык чараларды киргизүү маселесин карап жатып, тобокелдик факторлорун баалоого негизделген көп баскычтуу ыкманы колдонуу мүмкүнчүлүгүн карайт.
Эскертүү. COVID-19 менен байланышкан эл аралык операцияларда коркунуч факторлорун башкаруу чаралары боюнча колдонмо (Doc 10152) санитардык коридорлорду колдоо максатында колдонулушу мүмкүн болгон тобокелдиктерге негизделген көп деңгээлдүү ыкмалардын мисалдарын берет. Мындай ыкмалар оорунун мүнөзүнө жараша төмөнкү чараларды камтышы мүмкүн: тестирлөө (ПЦР, антигендер же башка ыкмалар), беткап кийүү талабы, физикалык аралыкты сактоо, кол гигиенасын жакшыртуу, инфекция алып жүрүүчүлөргө каршы чаралар, карантин, өзүн-өзү көзөмөлдөө, байланыштарды аныктоо жана чек арадагы санитардык көзөмөл чаралары.
577. Аба кемесинин эксплуатациялоочусу (эксплуатанты) аба кемесинин командири аба кемесинде жугуштуу оорунун белгилери байкалган учурда дароо аба кыймылын башкаруу органына маалымдоону камсыздоого тийиш, бул — тиешелүү медициналык персоналды жана жабдууларды алдын ала даярдоого мүмкүндүк берет.
Эскертүү 1. Жугуштуу оорунун болушуна шек саноо белгилүү белгилердин айкалышы менен аныкталат: дене табынын жогорулашы (38°С жана андан жогору), оорулуу көрүнүшү, узакка созулган жөтөл, дем алуу бузулуусу, туруктуу кусуу же ичи өтүү, тери исиркеги, кан агуу, же аң-сезимдин бузулушу.
Эскертүү 2. Эгер аба кемесинде жугуштуу ооруга шек саноо бар болсо, командир эксплуатанттын ички процедураларын жана учуу/конуу өлкөлөрүнүн укуктук талаптарын аткарууга тийиш. Мындай талаптар адатта тиешелүү мамлекеттердин аэронавигациялык маалыматтар жыйнагында (AIP) же NOTAM билдирүүлөрүндө камтылат.
Эскертүү 3. ИКАОнун 6-тиркемесинде “Аба кемелерин эксплуатациялоо” борттогу медициналык каражаттардын курамы көрсөтүлөт. PANS-ATM (Doc 4444) эрежелеринде мындай учурларда аба кыймылы органы менен байланышуу тартиби жана протоколдору баяндалат.
578. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, жарандардын байланыштарын аныктоо жана пандемияны башкаруу максатында жүргүнчүлөр жана/же экипаж тууралуу маалыматты санариптик форматта түздөн-түз жеке адамдардан же Саламаттык сактоо максатында жүргүнчүнүн жайгашкан жери тууралуу маалымат формасы (13-тиркеме) аркылуу чогултат.
Эскертүү. Эгер кырдаалды жөнгө салуу үчүн кагаз форматындагы форма талап кылынса, аэропорттордун жана аба кемелеринин эксплуатанттары эл аралык аэропорттордо жана аба кемелеринде жетиштүү сандагы формалардын болушун камсыз кылат.
579. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аба кемелеринде жана аэропорттордо колдонууга жарактуу азык-түлүктөрдүн, суусундуктардын жана суунун сактоо жана таратуу процессинин Эл аралык медициналык-санитардык жоболорго (2005) жана ДСУ менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) сунуштарына ылайык жүргүзүлүшүн камсыздайт.
580. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, аэропорттордун жана аба кемелеринин эксплуатанттары менен биргеликте, азык-түлүк жана ичимдиктерди даярдоо жана таратуу менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын тиешелүү даярдыктан өтүшүн камсыздайт.
581. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, аэропорттордун жана аба кемелеринин эксплуатанттары менен биргеликте, таштандыларды сорттоо, көзөмөлдөө жана утилдештирүү боюнча системаны Эл аралык медициналык-санитардык жоболорго (2005) жана ДСУ менен ФАОнун сунуштарына ылайык уюштурат.
582. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы негизги авиациялык персоналды, анын ичинде аба кемелеринин экипаждарын артыкчылыктуу түрдө эмдөөнү жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
583. Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, аэропорттордун эксплуатанттары менен биргеликте эл аралык аэропорттордо адамдарды, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү карантинге алуу жана саламаттык сактоо чараларын камсыздайт.
584. Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, мүмкүнчүлүккө жараша, негизги эл аралык аэропорттордо же алардын жанында жүргүнчүлөргө, экипажга жана жер үстүндөгү персоналга арналган дарылоочу жана профилактикалык кызматтардын болушун камсыздайт.
Эскертүү 1. Мындай кызматтар саламаттык абалын баалоону, тестирлөөнү, эмдөөнү же ревакцинацияны жүргүзүшү жана тиешелүү күбөлүктөрдү бериши мүмкүн. Бул сунушталган практика жүргүнчүлөрдүн же экипаждын эмделүүгө укугу катары түшүндүрүлбөшү керек.
Эскертүү 2. Эл аралык медициналык-санитардык жоболордун (2005) IV бөлүгүндө жана 1-тиркемесинде мамлекет тарабынан өз аймагында кирүү пункттары катары дайындалган аэропорттор үчүн талаптар көрсөтүлгөн.
585. Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, аэропорттордун эксплуатанттары менен кеңешип, жергиликтүү шарттарды эске алуу менен эл аралык аэропорттордо аба кемелерине, экипажга, жүргүнчүлөргө, багажга, жүккө, почтага жана борттук запастарга байланыштуу карантин жана саламаттык сактоо чараларын жүргүзүү үчүн талапка ылайык шарттарды түзөт.
586. Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар транзиттик жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү аэропортто болгон учурда инфекция жуктуруп алуу коркунучуна же жугуштуу ооруларды ташуучу курт-кумурскалардын чагышына дуушар болбошун камсыздайт. Зарыл болгон учурда жүргүнчүлөрдү жана экипажды башка терминалга же жакынкы аэропортко коопсуз жеткирүү чаралары каралат. Мындай чаралар жаныбарларга да тиешелүү колдонулат.
587. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, аэропорттун эксплуатанты менен биргеликте, эл аралык аэропорттордо биринчи жардам көрсөтүүчү медициналык кызматтардын жана олуттуу учурларда жабыркагандарды алдын ала аныкталган медициналык мекемелерге тез жеткирүү чараларынын болушун жана алардын үзгүлтүксүз баалоосун камсыздайт.
Эскертүү. Жүргүнчүлөрдүн саламаттыгына байланыштуу бардык чаралар боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен кеңешмелерди жүргүзүү максатка ылайыктуу болуп саналат.”;
42) КРАЭ-9 пункттарын мамлекеттик тилде номерлөөдө техникалык каталарга байланыштуу, мамлекеттик тилдеги тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 164-пунктунун үчүнчү абзацы 165-пункту деп эсептелсин;
- 165-пункттагы «165» саны «166» санына алмаштырылсын;
- 166-пункттагы «166» саны «167» санына алмаштырылсын;
- 167-пункту толук алып салынсын.