Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 токтомуна) |
"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Улуттук контролдук тизмеге жана бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө электрондук уруксат жана башка документтерди (лицензия/корутунду/уруксат), ошондой эле идентификациялык корутунду жана түшүндүрмөлөрдү берүү тартибин аныктайт.
2. Өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоону/импорттоону/транзиттөөнү лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Евразия экономикалык бирлигинин лицензиялоо чөйрөсүндө укуктарын түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.
3. Электрондук уруксат документин (лицензия/корутунду/уруксат) берүү үчүн негиз болуп "бирдиктүү терезе" принциби боюнча эксперт уюм тарабынан берилген өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө оң эксперттик корутунду саналат.
4. Электрондук уруксат документин (лицензия/корутунду/уруксат), ошондой эле идентификациялык корутунду жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн талап кылынган документтер, Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасында (мындан ары - БТМС) иштөө боюнча нускама Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасында (http://swis2.trade.kg) жеткиликтүү болууга тийиш.
5. Электрондук колтамганын болушу эксперт уюмдар, Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасынын оператору, лицензиар орган жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн арыздарды, суроо-талаптарды берүүдө, эксперттик корутундуну жана "бирдиктүү терезе" принциби боюнча электрондук документ формасында уруксат документин берүүдө милдеттүү шарт болуп саналат.
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) арыз ээси - тышкы экономикалык иштин катышуучусу (мындан ары - ТЭИ катышуучусу), ал БТМС аркылуу же маалыматтык борборго уруксат документин берүүгө арыз берет;
2) арыз - арыз ээси тарабынан тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн ушул Жобого ылайык уруксат жана (же) башка документти алуу максатында БТМС оператору аркылуу берилүүчү жана/же БТМС эсептик жазуусу аркылуу арыз ээсинин электрондук колтамгасы коюлган кагаз жүзүндөгү же электрондук формасындагы документ;
3) Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы - тышкы экономикалык иш чөйрөсүндө электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары тарабынан электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, берүү, кабыл алуу, сактоо, бүтүндүгүн текшерүү үчүн колдонулуучу программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын, методдордун жана жол-жоболордун комплекси;
4) идентификациялык корутунду - объекттин талаптарга шайкештигин (шайкешсиздигин) жана экспорттук контролдоо жол-жоболорун колдонуу (колдонбоо) зарылдыгы жөнүндө эксперттик уюм тарабынан берилген документ;
5) БТМС оператору - сервис-борбордо иштеген, уруксат документин алууга арыздарды кабыл алуу жана каттоо, электрондук арызды түзүү жана кол коюлган уруксат документин кагаз форматында берүү функцияларын ишке ашыруучу Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасынын ыйгарым укуктуу кызматкери;
6) уюм - контролдонуучу продукцияны идентификациялоо боюнча иш жүргүзүү каалоосун билдирген юридикалык жак;
7) эксперт уюм - эксперттик корутунду берүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен аныкталган уруксат документин (лицензия/корутунду/уруксат) берүү жөнүндө чечимди макулдашуучу мамлекеттик орган;
8) лицензиар орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен лицензиар катары аныкталган жана Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине жана Контролдонуучу продукциясынын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө электрондук уруксат документин (лицензия/корутунду/уруксат), ошондой эле түшүндүрмө берүүчү, өзгөчө товарларды экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
9) эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуу - уруксат документин алууга берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм тарабынан берилүүчү өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импортоого/транзиттөөгө эксперттик корутунду берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер көрсөтүлгөн кагаз жүзүндөгү же электрондук документ формасындагы документ;
10) оң эксперттик корутунду - эксперттик корутундуну алууга берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм тарабынан берилүүчү, Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине жана Контролдонуучу продукциянын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарларды экспорттоонун/импорттоонун/транзиттөөнүн мүмкүнчүлүктөрү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө кагаз жүзүндөгү же электрондук документ формасындагы документ;
11) кагаз жүзүндөгү уруксат документи - арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде лицензиар орган тарабынан берилүүчү, атайын кагаз жүзүндөгү бланкта даярдалган өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө басып чыгарылган жана кол коюлган электрондук уруксат документи (лицензия/корутунду/уруксат), ошондой эле идентификациялык корутунду жана түшүндүрмө;
12) түшүндүрмө - арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү же электрондук кайрылуусунун негизинде лицензиар орган тарабынан берилүүчү өзгөчө товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө кагаз жүзүндөгү же электрондук документ формасындагы суралган товардын Контролдонуучу продукциянын улуттук контролдук тизмесине киргизилген контролдонуучу продукция менен шайкештиги (шайкеш эместиги) жөнүндө кат;
13) сервис-борбор - уруксат документин алууга арыздарды кабыл алуу жана каттоо, электрондук арызды түзүү жана кол коюлган уруксат документин кагаз форматында берүү функцияларын аткаруучу "Бирдиктүү терезе" борборунун түзүмдүк бөлүмү;
14) кабарлоо каражаттары - БТМС кабарлоо каражаттары, алар аркылуу арызды, суроо-талапты берүү, эксперттик корутундуну жана уруксат документин берүү жөнүндө арыз ээсине жана эксперт уюмга, лицензиарга маалымдоо жүргүзүлөт, аларга төмөнкүлөр кирет: процесстин катышуучуларынын мобилдик телефондоруна СМС-билдирүүлөрдү жана/же электрондук почтасына билдирүүлөрдү жөнөтүү;
15) "Бирдиктүү терезе" борбору - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору мамлекеттик ишканасы;
16) лицензиар органдын эксперти - өзгөчө товарларды экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксат документин берүү же уруксат документин берүүдөн баш тартуу маселелери боюнча функцияны аткаруучу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери;
17) эксперт уюмдун эксперти - оң/терс эксперттик корутундуну берүү маселелери боюнча функцияны аткаруучу эксперт уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери;
18) товарды идентификациялоонун натыйжалары боюнча эксперттик корутунду - уруксат документин же түшүндүрмөнү алууга берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм тарабынан берилүүчү, Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине жана Контролдонуучу продукциянын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө уруксат документтерисиз товарды тариздөө мүмкүнчүлүгүн ырастаган кагаз жүзүндөгү же электрондук документ формасындагы документ;
19) электрондук колтамга - "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүүчү күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук кол тамга;
20) электрондук уруксат документи - өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө берилген лицензиялар, корутундулар, уруксаттар, ошондой эле идентификациялык корутундулар жана түшүндүрмөлөр жөнүндө электрондук формада, башкача айтканда электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабыл алуусу үчүн жарактуу түрдө берилген, аны документ катары идентификациялоо үчүн атрибуттары бар документтештирилген маалымат.
2-глава. Арыз ээсин каттоо
7. Арыз ээсинин эсептик жазуусу БТМСда арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде БТМС оператору тарабынан түзүлөт.
8. Эсептик жазууну түзүү үчүн каттоо жол-жобосунан өтүү, "Бирдиктүү терезе" борбору менен келишим түзүү жана уникалдуу логин жана пароль алуу зарыл.
9. Арыз ээсинин эсептик жазуусунун жана электрондук колтамгасынын болушу арызды жана коштоочу документтерди "Бирдиктүү терезе" борборуна кайрылбастан, БТМС аркылуу арыз ээсинин өзү тарабынан электрондук документ формасында тариздөөнүн жана жиберүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.
10. ТЭИ катышуучулары үчүн БТМС интерфейси арызды "Бирдиктүү терезе" борборуна кайрылбастан, ТЭИ катышуучуларынын өзү тарабынан түздөн-түз тариздөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.
БТМСда иштөө үчүн ТЭИ катышуучусуна төмөнкүлөр зарыл:
- "Бирдиктүү терезе" борбору менен түзүлгөн келишим;
- электрондук колтамга.
3-глава. Арыз берүү тартиби жана шарты
11. ТЭИ катышуучусу тарабынан электрондук уруксат документин алуу үчүн БТМСга электрондук арызды берүү эки ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) БТМС веб-интерфейсинин жардамы менен электрондук арызды өз алдынча берүү;
2) "Бирдиктүү терезе" борбору аркылуу берүү. Бул учурда БТМС оператору арызга тиркелген документтердин сапатын (окулуучу, таза, механикалык бузулуулары жок же бүтүндүгү бузулбаган) алдын ала текшерүүнү жүргүзөт. Арызга тиркелген коштомо документтердин сапатына сын пикирлер жок болгон учурда БТМС оператору ТЭИ катышуучусун БТМСда каттайт, арыздын электрондук версиясын түзөт, өзүнүн электрондук колтамгасы менен кол коет жана БТМСга арыз берет.
12. Электрондук арызды берүү боюнча колдонмо лицензиар органдын буйругу менен бекитилет жана лицензиар органдын жана "Бирдиктүү терезе" борборунун сайттарына жайгаштырылат.
13. Эгерде уруксат документин - өзгөчө товарлардын импортуна/экспортуна/транзитине лицензия/уруксат алууга электрондук арыз таризделсе жана берилсе, электрондук арыз Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 199 чечими менен бекитилген Товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна лицензия берүүгө арызды тариздөө жөнүндө жана мындай лицензияны тариздөө жөнүндө нускамага ылайык таризделет.
14. Эгерде өзгөчө товарлардын импортуна/экспортуна/транзитине уруксат документин - корутундуну алууга электрондук арыз таризделсе жана берилсе, арыз ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
15. Электрондук арыз берүүдө БТМС Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген лицензиар органды жана эксперт уюмду автоматтык түрдө аныктайт (товардын коду боюнча).
Электрондук арыз бир эле учурда лицензиар органдын жана эксперт уюмдун БТМСдагы жооптуу адамдарына (эксперттерине) келип түшөт.
Кабыл алынуучу электрондук документтерде электрондук колтамганын аныктыгын текшерүү жана электрондук арыздарды каттоо автоматтык түрдө, БТМСнын техникалык жана программалык каражаттары менен жүргүзүлөт.
16. Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине уруксат документин алууга арызга Товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензияларды жана уруксаттарды берүү эрежелеринин (Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө протоколдун тиркемеси, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 7 тиркемеси) 10-пунктунда аныкталган документтер жана маалыматтар жана/же Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 жана 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечимдери менен бекитилген тиешелүү жоболор менен аныкталган документтер жана маалыматтар, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралган документтер жана лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ тиркелүүгө тийиш.
17. Эгерде ушул Жобонун 16-пунктун кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына шилтеме жасоо менен кошумча документтерди берүү каралган болсо, эксперт уюм БТМСнын башкы бетинде уруксат документин берүүнү макулдашуу үчүн улуттук мыйзамдар менен белгиленген тиешелүү документти кошумча берүүнүн зарылдыгы жөнүндө жарыяны жайгаштырууну камсыз кылат.
18. Эгерде уруксат документин - кош багыттагы продукцияны импорттоого/экспорттоого/транзиттөөгө лицензия/уруксат алуу үчүн электрондук арыз таризделсе жана берилсе, электрондук арыз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 токтому менен бекитилген кош багыттагы продукцияны экспорттоого жана (же) импорттоого/транзиттөөгө лицензия/уруксат берүүгө арызды тариздөө жөнүндө тиркемелерге ылайык таризделет.
19. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө уруксат документин алууга арызга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобонун 18-пунктунда аныкталган документтер жана маалыматтар тиркелүүгө тийиш.
20. Эгерде кош багыттагы продукцияны импорттоого/экспорттоого/транзиттөөгө уруксат документин - идентификациялык корутундуну жана түшүндүрмөнү алууга электрондук арыз таризделсе жана берилсе, электрондук арыз ушул Жобонун 1 - тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
21. Берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн ар бир барагы арыз ээсинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш, чет тилдеги документтерге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормолору белгиленген тартипте тиркелүүгө тийиш.
4-глава. Электрондук арыздарды кароо жана уруксат документтерин берүүнү макулдашуу тартиби
22. ТЭИ катышуучусу тарабынан БТМСга электрондук уруксат документин алууга берилген электрондук арыз бир эле учурда лицензиар органдын жана эксперт уюмдун жооптуу адамдарынын интерфейсине келип түшөт.
23. Лицензиар органдын жана эксперт уюмдун жооптуу адамдары электрондук арыздар келип түшкөн учурдан тартып 2 сааттын ичинде эксперттерди дайындайт.
24. Лицензиар органдын арызды кароо, уруксат документин берүү регламенти жана тартиби лицензиар органдын буйругу менен бекитилет. Лицензиар орган уруксат документинин берилиши үчүн жоопкерчилик тартат.
25. Эксперт уюм электрондук арыз келип түшкөн учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде коштомо документтерге экспертиза жүргүзөт, билдирилген товарды идентификациялайт жана эксперттик корутундунун долбоорун даярдайт же ушул Жобонун 2, 3, 4-тиркемелерине ылайык форма боюнча эксперттик корутунду берүүдөн баш тартат, тиешелүү ыйгарым укуктар берилген эксперт уюмдун кызмат адамына кол коюуга киргизет жана БТМС аркылуу тиешелүү эксперттик корутунду берет.
Мында эксперт уюм уруксат документин берүү үчүн документтердин экспертизасы үчүн толук жоопкерчилик тартат.
26. Эксперттик корутунду же эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуу тиешелүү ыйгарым укуктар берилген эксперт уюмунун кызмат адамынын электрондук колтамгасы эксперттик корутундуга коюлган же эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартылган учурдан тартып берилди деп эсептелет.
27. Эгерде эксперттик корутунду импорттоого/экспорттоого/транзитөөгө лицензия алуу талап кылынбаган товарды идентификациялоонун натыйжалары боюнча берилсе, мындай эксперттик корутунду бажы органдары тарабынан товарды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасоо үчүн кабыл алынат.
28. Эгерде эксперт уюм тарабынан оң эксперттик корутунду берилген болсо, анда мындай эксперттик корутунду арыз ээсинин электрондук арызына автоматтык түрдө кошулат, ал лицензиар органдын экспертинин интерфейсинде "иштелүүдө" статусунда болот. Бул учурда БТМС автоматтык түрдө электрондук уруксат документинин долбоорун түзөт. Милдеттенме аткарылгандан кийин лицензиар органдын эксперти эксперт уюмдун оң эксперттик корутундусунун негизинде уруксат документинин долбоорун тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон лицензиар органдын кызмат адамына кол коюуга жиберет.
29. Электрондук уруксат документи лицензиар органдын тиешелүү жетекчисинин же түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин электрондук колтамгасы электрондук уруксат документине кол коюлган учурдан тартып берилди деп эсептелет.
30. Басып чыгарылган электрондук уруксат документинде жогорку оң бурчунда төмөнкүдөй мазмундагы белги болууга тийиш: "Документке электрондук түрдө кол коюлган. Документтин түп нускасы" Tulpar System "бирдиктүү терезесинин" маалыматтык системасында сакталган".
31. Эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуу лицензиар органдын дайындалган экспертине автоматтык түрдө келип түшөт, лицензиар органдын эксперти ырастагандан кийин БТМСга келип түшөт жана система БТМСга кабарлоо системасы аркылуу ТЭИ катышуучусуна автоматтык түрдө кабарлайт.
Бул учурда уруксат документин берүүдөн баш тартууну тариздөө талап кылынбайт, электрондук арыздын үстүндө иштөө аяктады деп эсептелет.
БТМС кызмат көрсөтүүлөрү "Бирдиктүү терезе" борбору тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.
32. Эксперттик корутунду берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- эксперттик корутундуну алуу үчүн арыз ээси тарабынан берилген документтерде толук эмес же анык эмес маалыматтардын болушу;
- берилген бир же бир нече документтердин колдонулушун токтотуу же токтото туруу;
- берилген келишимди (контрактты) аткаруунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эл аралык милдеттенмелерин бузуу;
- квотанын, ошондой эле тарифтик квотанын түгөнүшү же алардын жоктугу (квоталанган товарларга лицензия таризделген учурда).
33. Арыз ээси "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эксперт уюмдун эксперттик корутунду берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине административдик (сотко чейинки) тартипте даттанууга укуктуу.
5-глава. Берилген уруксат документтерине мониторинг жүргүзүү тартиби
34. Лицензиар орган берилген уруксат документтерине мониторинг жүргүзүүнү БТМСда берилген уруксат документтеринин реестри аркылуу жүргүзөт.
35. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензиар органга БТМС аркылуу уруксат документтеринин аткарылышы жөнүндө маалыматты үзгүлтүксүз берип турат.
Уруксат документтерин пайдалануу жөнүндө маалымдоо тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана лицензиар орган тарабынан биргелешкен буйрук формасында аныкталат.
6-глава. Корутунду жоболор
36. Уруксат документ, ошондой эле идентификациялык корутунду жана электрондук уруксат документ формасындагы түшүндүрмө кагаз жүзүндө берилген уруксат документи, идентификациялык корутунду жана түшүндүрмө менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
37. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы операцияларын жасоодо электрондук уруксат документтерин, ошондой эле ушул Жобого ылайык берилген идентификациялык жана экспорттук корутундуларды жана түшүндүрмөлөрдү кабыл алат жана пайдаланат.
38. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тышкы экономикалык операциянын ар бир партиясына бир электрондук уруксат документи боюнча уруксат документте көрсөтүлгөн ташып киргизилүүчү/ташып чыгарылуучу товардын көлөмүнөн ашпаган уруксат документинин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин бажы операцияларын жасайт.
39. "Бирдиктүү терезе" борборунун, лицензиар органдын, эксперт уюмдун жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери пайдаланган маалыматтар ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кызматтык максаттарда гана пайдаланылышы мүмкүн.
40. БТМС оператору, лицензиялык комиссиянын мүчөлөрү жана лицензиар органдын эксперттери, эксперт уюмдун жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттери жана жооптуу кызмат адамдары кызматтык иш процессинде алынган маалыматты ачыкка чыгарууга, жеке максаттарда пайдаланууга укуксуз.
41. Кызматтык иш процессинде алынган маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн БТМС оператору, лицензиялык комиссиянын мүчөлөрү жана лицензиар органдын эксперттери, эксперт уюмдун жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттери жана жооптуу кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
42. БТМСнын ишинин техникалык бөлүгү үчүн "Бирдиктүү терезе" борбору жоопкерчилик тартат.
43. Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана БТМСда иштөө үчүн башка зарыл шарттарды камсыз кылуу үчүн лицензиар орган жана эксперт уюмдар жоопкерчилик тартат.
44. БТМСда техникалык үзгүлтүктөр болгон учурда жана/же БТМС өнөр жай режиминде ишке киргизилгенге чейин "Бирдиктүү терезе" борбору лицензиар орган, эксперт уюмдар жана идентификациялык борборлор уруксат документин (лицензия/уруксат/корутунду), идентификациялык корутундуну жана кагаз жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө арыздарды өз убагында алышын камсыз кылат.
БТМСда техникалык үзгүлтүктөр болгон учурда уруксат документи (лицензия/уруксат/корутунду), идентификациялык корутунду, ошондой эле түшүндүрмөлөр ушул Жободо каралган тартипте кагаз жүзүндө таризделет жана арыз ээсине жөнөтүлөт.
Эксперт уюм ушул Жободо каралган тартипте кагаз жүзүндө тиешелүү эксперттик корутунду берет жана аны адресаттарга жөнөтөт.
Оң эксперттик корутунду кагаз жүзүндө алынган учурда лицензиар орган кагаз жүзүндө уруксат документин тариздейт жана арыз ээсине берет.
45. Ушул Жобонун 44-пунктунун талаптары сакталбаган учурда тиешелүү мамлекеттик орган ушул Жободо каралган тартипте арыздын өз убагында каралышын жана тиешелүү документтин кагаз жүзүндө берилишин камсыз кылууга тийиш.
46. Ушул Жобонун 44-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда таризделген документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылууга жана сакталууга тийиш.
|
| "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Өзгөчө товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө уруксат документин - корутунду алууга АРЫЗ
______________________________________________ № _____________________________
(каттоо номери жана катталган дата көрсөтүлөт)
______________________________________________________________________________,
(эксперт уюмдун аталышы көрсөтүлөт)
__________________________________________ ___________ № электрондук арызды жана
________________________________________________________________________________
(уюмдун, жеке жактын аталышы жана ИСН көрсөтүлөт) тарабынан берилген төмөнкү
документтерди карап чыгып, (бардык документтер көрсөтүлөт)
1. (документ көрсөтүлөт)
2. (документ көрсөтүлөт)
3. (документ көрсөтүлөт)
берилген документтерге жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү берүүнү макулдашат
__________________________________ | ____________________________________ |
|
(лицензия/уруксат/корутунду) (керектүүсү көрсөтүлөт) | (экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө) (керектүүсү көрсөтүлөт) |
|
________________________________________________________________ |
| |
(товардын/продукциянын/үлгүнүн аталышы жана ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт) |
| |
_________________________ | _______________________________, |
|
(жөнөтүүчү өлкө көрсөтүлөт) | (багытталган өлкө көрсөтүлөт) |
|
________________________________________________________________, |
| |
(товардын саны жана өлчөө бирдиги көрсөтүлөт) |
| |
______________________ контракт боюнча ___________________________ |
| |
(товардын наркы жана | (контракттын номери жана |
|
валютасы) | датасы көрсөтүлөт) |
|
жана |

товарга/продукцияга/үлгүгө каршы эмес. |
| |
Жетекчинин же ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү | _________________________________________ |
Кызматы | _________________________________________ |
Колтамгасы | _________________________________________ |
Тел. | _________________________________________ |
Электрондук почта дареги | _________________________________________ |
|
| "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Оң эксперттик корутунду
Эксперт органдын аталышы
_______________________________________________________________________________ № ____________

______________________________________________________________________________________________,
(эксперт уюмдун аталышы көрсөтүлөт)
__________________________________________________________ ___________ № электрондук арызды жана
_______________________________________________________________________________________________
(уюмдун, жеке жактын аталышы жана ИСН көрсөтүлөт)
тарабынан берилген төмөнкү документтерди карап чыгып,
(бардык документтер көрсөтүлөт)

Кызмат адамынын аты-жөнү | ____________________________________ |
Кызматы | ____________________________________ |
Колтамгасы | ____________________________________ |
Эксперттин (жооптуу кызматкердин) аты-жөнү | ____________________________________ |

Тел. | ____________________________________ |
|
| "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Товарды идентификациялоонун натыйжалары боюнча эксперттик корутунду (эгерде товар лицензияланбаса)
Арыз ээсинин аталышы Бажы органынын аталышы Лицензиар органдын аталышы |
|
|
____________________________________________________________________________ № _____________
(каттоо номери жана катталган датасы көрсөтүлөт)
_____________________________________________________________________________________________
(эксперт уюмдун аталышы көрсөтүлөт)
______________________________________________________ № ______________ электрондук арызды жана

берилген документтерди экспертизалоонун жана товарды идентификациялоонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм төмөнкүлөрдү белгилейт:
________________________________________________________________ | |
(лицензия/уруксат/корутунду) (керектүүсү көрсөтүлөт) | |

(товардын/продукциянын/үлгүнүн аталышы жана ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт) | |

________________________________________________________________, | |
(товардын саны жана өлчөө бирдиги көрсөтүлөт) | |
______________________ контракт боюнча ___________________________ | |

Валютасы көрсөтүлөт) | датасы көрсөтүлөт) |
_______________________________________________________ алуу талап | |

кылынбайт жана жогоруда аталган товарды/продукцияны/үлгүнү | |
_____________________________________________________________ | |
(КР аймагына ташып киргизүүгө/КР аймагынан ташып чыгарууга) (керектүүсү көрсөтүлөт) | |
каршы эместигин билдирет. |
|
Кошумча маалымат (негиздер көрсөтүлөт) | |
____________________________________________________________ | |

Кызмат орду | ____________________________________ |

| "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Өзгөчө товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине эксперттик корутунду берүүдөн баш тартуу
|
| Арыз ээсинин аталышы Лицензиар органдын аталышы |
__________________________________________________________________ № ________________________

____________________________________________________ № _______________ электрондук арызды жана

...
Берилген документтерди экспертизалоонун жыйынтыгы боюнча
____________________________ контракт боюнча _______________________________________________ |
| |
(контракттын номери жана датасы көрсөтүлөт) | (товардын наркы жана валютасы көрсөтүлөт) |
|
__________________________________________________________________________________________ |

______________________________________________ | __________________________________________ |

____________________________________________________________________________________________ |

(экспорттоого/импортоого/транзитөөгө) | (керектүүсү көрсөтүлөт) |

эксперттик корутунду берүүдөн баш тартат жана жогоруда аталган товарды/продукцияны/үлгүнү _______ |

(КР аймагына ташып киргизүүгө/КР аймагынан ташып чыгарууга) (керектүүсү көрсөтүлөт) |
| |
каршы экендигин билдирет. |
|
|
Баш тартуунун себептери көрсөтүлөт _______________________________ |
| |
________________________________________________________________ |
| |
________________________________________________________________ |
| |
________________________________________________________________ |
| |
Кызмат адамынын аты-жөнү | ____________________________________ |
Кызмат орду | ____________________________________ |
Колтамгасы | ____________________________________ |
Эксперттин (жооптуу кызматкердин) аты-жөнү | ____________________________________ |
Кызмат орду | ____________________________________ |
Колтамгасы | ____________________________________ |
Тел. | ____________________________________ |
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 токтомуна) |
"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Улуттук контролдук тизмеге жана бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө электрондук уруксат жана башка документтерди (лицензия/корутунду/уруксат), ошондой эле идентификациялык корутунду жана түшүндүрмөлөрдү берүү тартибин аныктайт.
2. Өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоону/импорттоону/транзиттөөнү лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Евразия экономикалык бирлигинин лицензиялоо чөйрөсүндө укуктарын түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.
3. Электрондук уруксат документин (лицензия/корутунду/уруксат) берүү үчүн негиз болуп "бирдиктүү терезе" принциби боюнча эксперт уюм тарабынан берилген өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө оң эксперттик корутунду саналат.
4. Электрондук уруксат документин (лицензия/корутунду/уруксат), ошондой эле идентификациялык корутунду жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн талап кылынган документтер, "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасында (мындан ары - БТМС) иштөө боюнча нускама "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасында (http://swis2.trade.kg) жеткиликтүү болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 204токтомунун редакциясына ылайык).
5. Электрондук колтамганын болушу эксперт уюмдар, Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасынын оператору, лицензиар орган жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн арыздарды, суроо-талаптарды берүүдө, эксперттик корутундуну жана "бирдиктүү терезе" принциби боюнча электрондук документ формасында уруксат документин берүүдө милдеттүү шарт болуп саналат.
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) арыз ээси - тышкы экономикалык иштин катышуучусу (мындан ары - ТЭИ катышуучусу), ал БТМС аркылуу же маалыматтык борборго уруксат документин берүүгө арыз берет;
2) арыз - арыз ээси тарабынан тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн ушул Жобого ылайык уруксат жана (же) башка документти алуу максатында БТМС оператору аркылуу берилүүчү жана/же БТМС эсептик жазуусу аркылуу арыз ээсинин электрондук колтамгасы коюлган кагаз жүзүндөгү же электрондук формасындагы документ;
3) Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы - тышкы экономикалык иш чөйрөсүндө электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары тарабынан электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, берүү, кабыл алуу, сактоо, бүтүндүгүн текшерүү үчүн колдонулуучу программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын, методдордун жана жол-жоболордун комплекси;
4) идентификациялык корутунду – контролго алынуучу товарлардын тизмесине киргизилген продукцияга тышкы экономикалык иштин объектисинин таандыктыгын же таандык эместигин белгилеген, ошондой эле ага экспорттук контролдоо жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларынын колдонулушун аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү документ;
5) БТМС оператору – кайрылуулар менен иштөө боюнча сервис-борбордо иштеген, уруксат документин алууга арыздарды кабыл алуу жана каттоо, электрондук арызды түзүү жана кол коюлган уруксат документин берүү функцияларын аткарган адам;
6) уюм - контролдонуучу продукцияны идентификациялоо боюнча иш жүргүзүү каалоосун билдирген юридикалык жак;
7) эксперт уюм - эксперттик корутунду берүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен аныкталган уруксат документин (лицензия/корутунду/уруксат) берүү жөнүндө чечимди макулдашуучу мамлекеттик орган;
8) лицензиар орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен лицензиар катары аныкталган жана Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине жана Контролдонуучу продукциясынын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө электрондук уруксат документин (лицензия/корутунду/уруксат), ошондой эле түшүндүрмө берүүчү, өзгөчө товарларды экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
9) эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартуу - уруксат документин алууга берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм тарабынан берилүүчү өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импортоого/транзиттөөгө эксперттик корутунду берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер көрсөтүлгөн кагаз жүзүндөгү же электрондук документ формасындагы документ;
10) оң эксперттик корутунду - эксперттик корутундуну алууга берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм тарабынан берилүүчү, Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине жана Контролдонуучу продукциянын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарларды экспорттоонун/импорттоонун/транзиттөөнүн мүмкүнчүлүктөрү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө кагаз жүзүндөгү же электрондук документ формасындагы документ;
11) кагаз жүзүндөгү уруксат документи – кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген белгиленген формадагы кагаз жүзүндө таризделген документ (лицензия, уруксат);
12) түшүндүрмө – тышкы экономикалык иштин объекттерине карата экспорттук контролдоо жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү камтыган, БТМСда түзүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын документи (каты);
13) сервис-борбор - уруксат документин алууга арыздарды кабыл алуу жана каттоо, электрондук арызды түзүү жана кол коюлган уруксат документин кагаз форматында берүү функцияларын аткаруучу "Бирдиктүү терезе" борборунун түзүмдүк бөлүмү;
14) кабарлоо каражаттары - БТМС кабарлоо каражаттары, алар аркылуу арызды, суроо-талапты берүү, эксперттик корутундуну жана уруксат документин берүү жөнүндө арыз ээсине жана эксперт уюмга, лицензиарга маалымдоо жүргүзүлөт, аларга төмөнкүлөр кирет: процесстин катышуучуларынын электрондук почтасына билдирүүлөрдү жөнөтүү;
15) "Бирдиктүү терезе" борбору - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" борбору мамлекеттик ишканасы;
16) лицензиар органдын эксперти - өзгөчө товарларды экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксат документин берүү же уруксат документин берүүдөн баш тартуу маселелери боюнча функцияны аткаруучу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери;
17) эксперт уюмдун эксперти - оң/терс эксперттик корутундуну берүү маселелери боюнча функцияны аткаруучу эксперт уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери;
18) товарды идентификациялоонун натыйжалары боюнча эксперттик корутунду - уруксат документин же түшүндүрмөнү алууга берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча эксперт уюм тарабынан берилүүчү, Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине жана Контролдонуучу продукциянын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө уруксат документтерисиз товарды тариздөө мүмкүнчүлүгүн ырастаган кагаз жүзүндөгү же электрондук документ формасындагы документ;
19) электрондук колтамга - "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүүчү күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук кол тамга;
20) электрондук уруксат документи - өзгөчө товарларды жана кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө берилген лицензиялар, корутундулар, уруксаттар, ошондой эле идентификациялык корутундулар жана түшүндүрмөлөр жөнүндө электрондук формада, башкача айтканда электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабыл алуусу үчүн жарактуу түрдө берилген, аны документ катары идентификациялоо үчүн атрибуттары бар документтештирилген маалымат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Арыз ээсин каттоо
7. Онлайн-сервис: https://signup.trade.kg/ тышкы экономикалык иштин бардык катышуучуларына уруксат жана башка керектүү документтерди алууга арыз берүү үчүн БТМСда онлайн катталууга мүмкүндүк берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык).
8. Эсептик жазууну түзүү үчүн каттоо жол-жобосунан өтүү, "Бирдиктүү терезе" борбору менен келишим түзүү жана уникалдуу логин жана пароль алуу зарыл.
9. Арыз ээсинин эсептик жазуусунун жана электрондук колтамгасынын болушу арызды жана коштоочу документтерди "Бирдиктүү терезе" борборуна кайрылбастан, БТМС аркылуу арыз ээсинин өзү тарабынан электрондук документ формасында тариздөөнүн жана жиберүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.
10. ТЭИ катышуучусу үчүн БТМС интерфейси арызды «Бирдиктүү терезе» борборуна кайрылбастан, ТЭИ катышуучусунун өзү тарабынан түздөн-түз тариздөө мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 204токтомунун редакциясына ылайык).
3-глава. Арыз берүү тартиби жана шарты
11. ТЭИ катышуучусу тарабынан электрондук уруксат документин алуу үчүн БТМСга электрондук арызды берүү төмөнкү ыкмалар менен жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) БТМС веб-интерфейсинин жардамы менен электрондук арызды өз алдынча берүү;
2) «Бирдиктүү терезе» борборунун аралыктагы оператору аркылуу онлайн берүү;
3) «Бирдиктүү терезе» борбору аркылуу берүү. Бул учурда БТМС оператору арызга тиркелген документтердин сапатын (окулуучу, таза, механикалык бузулуулары жок же бүтүндүгү бузулбаган) алдын ала текшерет. Арызга тиркелген коштомо документтердин сапатына сын пикирлер жок болгон учурда БТМС оператору ТЭИ катышуучусун БТМСда каттайт, арыздын электрондук версиясын түзөт, өзүнүн санарип кол тамгасы менен кол коет жана БТМСга арыз берет.»;
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 204токтомунун редакциясына ылайык).
12. Электрондук арызды берүү боюнча колдонмо лицензиар органдын буйругу менен бекитилет жана лицензиар органдын жана "Бирдиктүү терезе" борборунун сайттарына жайгаштырылат.
13. Эгерде уруксат документин - өзгөчө товарлардын импортуна/экспортуна/транзитине лицензия/уруксат алууга электрондук арыз таризделсе жана берилсе, электрондук арыз Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 199 чечими менен бекитилген Товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна лицензия берүүгө арызды тариздөө жөнүндө жана мындай лицензияны тариздөө жөнүндө нускамага ылайык таризделет.
14. Эгерде өзгөчө товарлардын импортуна/экспортуна/транзитине уруксат документин - корутундуну алууга электрондук арыз таризделсе жана берилсе, арыз ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
15. Электрондук арыз берүүдө БТМС Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген лицензиар органды жана эксперт уюмду автоматтык түрдө аныктайт (товардын коду боюнча).
Электрондук арыз бир эле учурда лицензиар органдын жана эксперт уюмдун БТМСдагы жооптуу адамдарына (эксперттерине) келип түшөт.
Кабыл алынуучу электрондук документтерде электрондук колтамганын аныктыгын текшерүү жана электрондук арыздарды каттоо автоматтык түрдө, БТМСнын техникалык жана программалык каражаттары менен жүргүзүлөт.
16. Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине уруксат документин алууга арызга Товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензияларды жана уруксаттарды берүү эрежелеринин (Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө протоколдун тиркемеси, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 7 тиркемеси) 10-пунктунда аныкталган документтер жана маалыматтар жана/же Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 жана 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечимдери менен бекитилген тиешелүү жоболор менен аныкталган документтер жана маалыматтар, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралган документтер жана лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ тиркелүүгө тийиш.
17. Эгерде ушул Жобонун 16-пунктун кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына шилтеме жасоо менен кошумча документтерди берүү каралган болсо, эксперт уюм БТМСнын башкы бетинде уруксат документин берүүнү макулдашуу үчүн улуттук мыйзамдар менен белгиленген тиешелүү документти кошумча берүүнүн зарылдыгы жөнүндө жарыяны жайгаштырууну камсыз кылат.
18. Эгерде уруксат документин - кош багыттагы продукцияны импорттоого/экспорттоого/транзиттөөгө лицензия/уруксат алуу үчүн электрондук арыз таризделсе жана берилсе, электрондук арыз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 токтому менен бекитилген кош багыттагы продукцияны экспорттоого жана (же) импорттоого/транзиттөөгө лицензия/уруксат берүүгө арызды тариздөө жөнүндө тиркемелерге ылайык таризделет.
19. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген кош багыттагы продукцияны экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө уруксат документин алууга арызга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобонун 18-пунктунда аныкталган документтер жана маалыматтар тиркелүүгө тийиш.
20. Эгерде кош багыттагы продукцияны импорттоого/экспорттоого/транзиттөөгө уруксат документин - идентификациялык корутундуну жана түшүндүрмөнү алууга электрондук арыз таризделсе жана берилсе, электрондук арыз ушул Жобонун 1 - тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
21. Документтер БТМС аркылуу тапшырылган учурда берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн ар бир барагы арыз ээсинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Документтер жеке кабинет аркылуу тапшырылганда кол тамга жана мөөр менен күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Чет тилдерде түзүлгөн документтерге белгиленген тартипте мамлекеттик же расмий тилдерге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормолор тиркелет.
Арыз ээси берилген документтердин аныктыгы, котормонун тууралыгы жана толуктугу, ошондой эле котормонун түп нускага шайкештиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 204токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Электрондук арыздарды кароо жана уруксат документтерин берүүнү макулдашуу тартиби
22. ТЭИ катышуучусу тарабынан БТМСга электрондук уруксат документин алууга берилген электрондук арыз бир эле учурда лицензиар органдын жана эксперт уюмдун жооптуу адамдарынын интерфейсине келип түшөт.
23. Лицензиар органдын жана эксперт уюмдун жооптуу адамдары электрондук арыздар келип түшкөн учурдан тартып 2 сааттын ичинде эксперттерди дайындайт.
24. Лицензиар органдын арызды кароо, уруксат документин берүү регламенти жана тартиби лицензиар органдын буйругу менен бекитилет. Лицензиар орган уруксат документинин берилиши үчүн жоопкерчилик тартат.
25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-эксперт электрондук арыз катталган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде билдирилген товарды идентификациялоо үчүн берилген коштомо документтерге экспертиза жүргүзөт жана ушул Жобонун 2, 3, 4-тиркемелерине ылайык формалар боюнча идентификациялык корутундунун долбоорун же аны берүүдөн жүйөлөштүрүлгөн баш тартууну даярдайт. Түзүлгөн документ ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-эксперттин тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон кызмат адамынын кол коюусуна берилет жана арыз ээсине БТМС аркылуу берилет.
Мында орган-эксперт уруксат документин берүү үчүн документтердин экспертизасы үчүн толук жоопкерчилик тартат.
БТМС аркылуу берилген идентификациялык корутундуларга автоматташтырылган талдоо жүргүзүлөт жана отчет түзүлөт, ал ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлүп турат.