Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 31-марты № 133
Туристтик тармакта мамлекеттик башкаруу системасын
өркүндөтүү жөнүндө
Туристтик тармакты өнүктүрүү, туризм чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин туризм чөйрөсүндөгү тиешелүү функцияларынын базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
«– Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик;».
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 566 «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
1) Мамлекеттик агенттиктин жобосун, башкаруу схемасын жана штаттык санынын чегин бекитсин;
2) Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин ишин маалыматтык-аналитикалык камсыз кылуу боюнча функцияларды Мамлекеттик агенттикке жүктөсүн жана аны аталган Улуттук кеңештин жумушчу органы кылып аныктасын;
3) Мамлекеттик агенттиктин штаттык санынын чеги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинен өткөрүлүп берилүүчү штаттык бирдиктерди эске алуу менен 35 штаттык бирдик (техникалык жана тейлөөчү персоналдын 3 штаттык бирдигин кошкондо) санында белгилесин;
4) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен Мамлекеттик агенттикке «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун акционеринин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берсин;
5) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
6) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1)...Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 76 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 566 «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгынын 1-пунктунун 2-пунктчасы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 101 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 566 «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 25 (3785) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Улуттук кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.
Улуттук кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз туристтик уюмдардын ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Hospitality Kyrgyzstan" ("Хоспиталити Кыргызстан") коомдоштуктарына негизделген Кыргыз туризм ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Экономикалык палата" ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын туристтик дестинациялар альянсынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Тоо лыжа базалары ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"HoReCa клуб" мейманкана жана ресторан ээлеринин ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).".