Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 31-марты № 131
Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо жөнүндө
Айдоочулук курамды эсепке алуу жана каттоо системасын тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2026-жылдын 31-мартында мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүк аяктасын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор:
– 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 31-декабрына чейин мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документти бербестен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө» токтомунда белгиленген тартипте алмаштырууну жүзөгө ашырсын;
– жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда убактылуу улуттук өнөктүктүн аяктоо мөөнөттөрү жөнүндө кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
– айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту берсин;
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси өзүнүн компетенциясынын чегинде айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 22-январындагы № 6 «Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 2026-жылдын 31-мартына (кошкондо) чейин мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырууга арыз берген адамдар айдоочулук күбөлүктөрдү тариздөө жана берүү жол-жоболору иш жүзүндө аяктаган датага карабастан өнөктүктү өткөрүү мезгилинде колдонулган шарттарда тейленүүгө жана айдоочулук күбөлүктөрдү алууга тийиш деп белгиленсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 25(3785) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |