Редакцияот 14.010.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын

кезексиз VII сессиясынын

 

2026-жылдын 14-октябры №7/1

 

“Кара-Камыш айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнүн жана кафе ресторандардын иш убактысын белгилөө жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасын аткаруу максатында Кара-Камыш айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00 го чейин иштөөсүнө чектөө киргизип берүү боюнча Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-августундагы катын карап Кара-Камыш айылдык кенешинин биринчи чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасын аткаруу максатында Кара-Камыш айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00 го чейин иштоосу боюнча чектөө киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтү милициянын аймактык бөлүмчөсү менен биргеликте кафе-ресторандардын ээлерине жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын.

3. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

 

 

Төрага

Айтымбет уулу Э