Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-сентябры № 3441-VII
"2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы "Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун кошумча каржылоо "CASA-1000" долбоору боюнча финансылык контрактты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 31-июлундагы чыг. № 18-8155) "2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы "Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун кошумча каржылоо "CASA-1000" долбоору боюнча финансылык контрактты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрагасынын орун басары |
| Ж.Э. Садырбаева |