Редакцияот 31.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

         

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 31-марты № 132

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2024-жылдын 20-мартындагы № 79

«Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу

рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө»

Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 2-пунктта:

8-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 81-пунктча менен толукталсын:

«81) «МКУ» ААКтын акционери катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берсин.».

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 25 (3785) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

 

С.Н. Жапаров