Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 196 токтомуна) |
Салык аудитин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 116-1-беренесине ылайык иштелип чыккан жана салык аудитин жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин жана жол-жобосун, анын ичинде салык аудитин жүргүзгөн салык органынын кызмат адамынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминде башкача каралбаса, салык аудити салыктардын бардык түрлөрү, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын салык төлөөчүнүн өз убагында жана толук аткаруусуна көмөк көрсөтүү максатында жүргүзүлөт.
3. Салык аудити Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминде аныкталган субъекттерге карата жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
4. Салык аудитинин жүрүшүндө салык органынын кызмат адамы салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду, бухгалтердик отчетторду, регистрлерди, баланстарды, ошондой эле салык кызматынын маалыматтык системасынын тиешелүү модулдарында жайгашкан салык төлөөчүнүн иши жөнүндө маалыматтарды жана салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө жана төлөөгө байланыштуу башка документтерди колдонот.
5. Салык аудитин жүргүзүүдө салык органынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинде аныкталган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптерин жетекчиликке алууга милдеттүү.
6. Салык аудити мурда көчмө пландык жана/же пландан тышкары текшерүү, кайра текшерүү менен камтылган салыктык мезгилге, ошондой эле жыйынтыктары апелляциялык жана/же соттук тартипте даттанылган камералдык текшерүү салык аудит жүргүзүлгөн учурга карата жүргүзүлбөйт.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминде башкача каралбаса, салык аудити мурда көчмө пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдө камтылбаган тиешелүү отчеттук мезгилдер үчүн салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген ар бир төмөнкүдөй отчетко карата жүргүзүлөт:
1) салыктардын бардык түрлөрү боюнча;
2) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жайлардын ээлери болгон жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйым, калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча салыктык эмес кирешелер боюнча;
3) пенсиялык фондго, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна жана мамлекеттик топтомо пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча.
8. Салык аудитин жүргүзүүдө салык органы салык төлөөчүнүн иши жөнүндө өзүндө болгон бардык толук маалыматты пайдаланат.
Мындай маалыматтардын булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчет, ошондой эле салык төлөөчү тарабынан салык органына өз алдынча жиберилген же андан салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө карата Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 134-беренесине ылайык талап кылынган маалыматтар;
2) мамлекеттик каттоодо жана салыктык эсепке алууда салык төлөөчүнүн салык органына берген документтери;
3) салык органы тарабынан алынган маалыматтар:
- мамлекеттик органдардан, анын ичинде салык салуу объекттерин, салык салуу объекттерине менчик укуктарынын өтүшүнө байланыштуу бүтүмдөрдү, салык төлөөчү тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциялар менен түздөн-түз байланышкан айрым документтерди каттоочу мамлекеттик органдардан алынган;
- салык төлөөчүнүн тышкы экономикалык иши жөнүндө, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин субъекттери менен байланышкан;
- салык аудитин жүргүзүүнүн жүрүшүндө, анын ичинде суроо-талапка жоопторду, экспертизанын же каршы текшерүүнүн жыйынтыктарын алуу;
- мурда жүргүзүлгөн рейддик салыктык контролдун, салыктык пост орнотуунун, контролдук сатып алуунун, изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, ошондой эле товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктары жөнүндө маалыматтар;
- башка мамлекеттердин салык органдарынан алынган маалыматтар;
4) маалыматтары салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелеринин, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелеринин аткарылышына байланышкан башка булактар.
9. Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө көмөк көрсөтүү жана бухгалтердик отчеттордун, салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттордун, ошондой эле салык аудитинин жүрүшүндө берилген башка маалыматтардын негизинде салыктык милдеттенмелерди туура аткаруу боюнча сунуштарды берүү максатында төмөнкү багыттар боюнча талдоо жана баалоо иштерин жүргүзөт:
1) келип чыккан маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү менен салыкты эсептөө тартибин колдонуунун, салык салуу объектин жана салык базасын аныктоонун, салыктын тиешелүү коэффициенттерин жана ставкаларын колдонуунун тууралыгы боюнча;
2) айырмачылыктарды ыкчам аныктоо жана четтетүү үчүн салык отчетунун формасында каралган саптардын жана графалардын көрсөткүчтөрүнө жараша салык отчетторунда чагылдырылган маалыматтарды арифметикалык эсептөөнүн тууралыгы боюнча;
3) мыйзамсыз колдонуунун мүмкүн болгон тобокелдиктерин баалоо менен салык органында болгон маалыматтарга жараша экономикалык ишке байланышкан зыянды жана башка салыктык кемитүүлөрдү билдирген которуунун негиздүүлүгү боюнча;
4) салыктар жана милдеттүү төлөмдөр боюнча ашыкча төлөөнүн негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча;
5) салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү жеңилдиктерди колдонуусунун тууралыгы боюнча;
6) кошумча нарк салыгынын ордун толтуруунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында салык төлөөчүнүн салык салынуучу берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылуучу сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон кошумча нарк салыгынын суммасын эсепке алуу укугун пайдалануусунун тууралыгы жана негиздүүлүгү боюнча;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 307-беренесин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартибинде каралган тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык, тобокелдик белгилери бар Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып келинген товарларды коюунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгын эсептөөнүн тууралыгы;
8) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте бүтүмдөр боюнча бааларды колдонуунун тууралыгы боюнча;
9) салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана өз убагында төлөөнүн тууралыгы боюнча.
10. Салык аудитин жүргүзүү салык төлөөчүнү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-1-беренесинин 3-пунктуна ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, анын ичинде мурда салык аудити камтыган мезгил үчүн көчмө текшерүүнү жүргүзүүдөн бошотпойт.
2-глава. Салык аудитин жүргүзүү үчүн негиздер
11. Салык аудити Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-1-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдин алкагында жүргүзүлөт.
Салык аудитин дайындоо үчүн негиз болуп салык төлөөчүнүн салык аудитин жүргүзүү укугун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими колдонулуп жаткан мезгилде салыктык каттоодон өткөн жери боюнча салык органына берген арызы саналат.
12. Салык органы аудитти белгиленген формада таризделген жана салык органынын жетекчиси кол койгон салык аудитин дайындоо жөнүндө чечимдин жана салык аудитин жүргүзүү укугу берилген жазма буйруктун негизинде жүргүзөт.
Чечимдин жана жазма буйруктун формалары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
3-глава. Салык аудитин жүргүзүүдө салык органдарынын укуктары жана милдеттери
13. Салык органдары салык аудитин жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясынын чегинде салык төлөөчүдөн аудит жүргүзүүнүн толуктугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды талап кылууга;
2) операцияларды талаптагыдай эсепке алуу боюнча сунуштарды берүү максатында эсептөөчү түзүлүштөрдүн көрсөткүчтөрүн, ошондой эле контролдук-кассалык машиналардын эс тутумунун фискалдык блокторунда сакталган маалыматтарды талдоого;
3) салык төлөөчүгө калк менен накталай эсептешүүлөрдө операцияларды эсепке алуу тартиби бузулган жана тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жолу менен аныкталган бузууларды четтетүү зарылдыгы жөнүндө салык төлөөчүгө маалымдоо менен баштапкы эсепке алуу документтери жок болгон учурларда, салыктык милдеттенмени баалоонун кыйыр методдорунун негизинде аныктоо;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө менен байланышкан, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын бузулушун күбөлөндүргөн документтерди алууга;
5) башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык салык салуу жана салык милдеттенмелерин эсептөө объекттери менен байланышкан маалыматтарды талап кылууга жана алууга;
6) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесине ылайык банктардан салык төлөөчүнүн банктык эсептеринин бар экендиги жана номерлери, бул эсептердеги акчанын калдыктары жана кыймылы жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коммерциялык, банктык жана башка корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарууга карата талаптарды сактоо менен алууга;
7) эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 127-беренесине ылайык товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алып салууну жүргүзүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59-беренесине ылайык салык төлөөчүдөн салык аудитинин материалдарына тиркөө үчүн документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
9) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 139, 140-беренелеринде каралган тартипке жана методдорго ылайык бүтүмдөр боюнча бааларды колдонуунун тууралыгы боюнча талдоо жүргүзүүгө жана сунуштарды берүүгө;
10) салык аудитинин предмети менен байланышкан маселелер боюнча салык төлөөчүнүн позициясын түшүнүү үчүн жазуу жүзүндө жана оозеки түшүндүрмөлөрдү алууга.
14. Салык органдары салык аудитин жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык аудитин ушул Жобого ылайык жүргүзүүгө;
2) салык төлөөчүнүн укуктарын сактоо кызыкчылыгында аудит жүргүзүүнүн объективдүүлүгүн, толуктугун жана калыстыгын камсыз кылууга;
3) ушул Жободо белгиленген мөөнөттөрдү сактоого;
4) салык аудитинин жүрүшүндө аныкталган дал келбестиктерди салык мыйзамдарынын жана салыктык укук мамилелерин жана салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын конкреттүү ченемдерин көрсөтүү менен негиздөөгө;
5) салык аудитинин жүрүшүндө салык төлөөчүдөн алынган документтердин сакталышын жана кайтарылышын камсыз кылууга;
6) жол-жобонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу менен салык төлөөчүнү салык аудитинин корутундусу, салык органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөлөр жана салык аудиттин жүрүшүндө алынган башка материалдар менен тааныштырууга;
7) салык аудитинин жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоого, мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу кызматтык, коммерциялык, салыктык жана башка сырларды сактоого;
8) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында турган маалыматтарды пайдаланууга;
9) салык төлөөчүнүн инспектордук текшерүүлөр китебинде салык аудитин каттоого;
10) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 60-беренесинде каралган башка милдеттерди аткарууга.
4-глава. Салык аудитин жүргүзүүдө салык төлөөчүнүн укуктары жана милдеттери
15. Салык аудитин жүргүзүүнүн жүрүшүндө салык төлөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) суралып жаткан документтер, айрым иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле жүргүзүлүүчү салык аудитинин алкагында укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмөлөрдү алууга;
2) салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгын ырастаган кандай болбосун документтерди, анын ичинде түзөтүүчү маалыматтарды, түшүндүрмө каттарды жана башка материалдарды өз демилгеси боюнча же салык органынын суроо-талабы боюнча берүүгө;
3) берилген документтерди талдоонун жүрүшүндө аныкталган фактылар боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө, чарбалык иштин өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүгө, өзгөчө жагдайларды эске алууга, ошондой эле аудит жүргүзүп жаткан кызмат адамынын аракеттери боюнча сын-пикирлерди билдирүүгө;
4) салык аудитинин тыянактар, аныкталган тобокелдиктер, сунуштар жана башка маалыматтар камтылган жыйынтыктары жөнүндө корутундусунун нускасын алууга;
5) салык органынын кызмат адамынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоону талап кылууга;
6) салык сырын сактоону талап кылууга;
7) салыктык милдеттенмелерди аткарууга жана/же салык аудитин камтууга тийиш болгон салык мезгилине кирбеген маалыматтарды жана документтерди бербөөгө;
8) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 49-беренесинде каралган башка укуктардан пайдаланууга.
16. Салык аудитинин жүрүшүндө салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жазма буйруктун негизинде салык аудитин жүргүзүп жаткан салык органынын кызмат адамын анын болушу же колдонуу салык милдеттенмесинин келип чыгышына алып келүүчү аймакка же жайга киришине жол берүүгө;
2) салык органынын кызмат адамына салык аудитин жүргүзүү үчүн зарыл болгон анык жана толук маалыматтарды, документтерди, бухгалтердик жана салык отчетторун, регистрлерди, баланстарды жана башка материалдарды, анын ичинде электрондук түрдө берүүгө;
3) салык аудитин өз ара аракеттенүүсүн жана натыйжалуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында, салык органынын кызмат адамына келип чыккан маселелер боюнча зарыл түшүндүрмөлөрдү жана тактоолорду өз убагында берүүгө, ошондой эле талдоо жана консультация алуу максатында суралган маалыматтарды ыкчам түрдө камсыз кылууга;
4) салык салуу объекттерине жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө тиешелүү документтерди жана маалыматтарды аудит жүргүзүү үчүн жетиштүү мезгилге сактоого жана сакталышын камсыз кылууга;
5) салык аудитин жүргүзүү фактысын каттоо үчүн инспектордук текшерүүлөрдүн китебин салык аудитин жүргүзгөн салык органынын кызмат адамына берүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесинде каралган башка милдеттерди аткарууга.
5-глава. Салык аудитинин жүргүзүү мөөнөттөрү жана мезгилдери
17. Салык органдары ушул Жободо каралган салык аудитин жүргүзүү үчүн негиздерди салык кызматынын органы алган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен жазма буйрукту салык төлөөчүгө тапшырууга жана салык аудитине киришүүгө милдеттүү.
18. Салык аудитин жүргүзүү мөөнөттөрү жана салык аудитин жүргүзүүгө багытталган салык органдарынын кызмат адамдарынын курамы салык органынын жетекчиси тарабынан салык аудити менен камтылууга тийиш болгон салык мезгилин жана аудит жүргүзүлүүчү салык төлөөчүнүн ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аныкталат.
19. Берилген жазма буйрукта көрсөтүлүүчү салык аудитин жүргүзүүнүн жалпы узактыгы чакан же орто ишкердик субъекти үчүн салык төлөөчүгө жазма буйрук тапшырылган күндөн кийинки 30 календардык күндөн, ал эми ири салык төлөөчү үчүн 50 календардык күндөн ашпоого тийиш. Кыргыз Республикасынын ар түрдүү региондорунда филиалдары бар уюмдарга салык аудитин жүргүзүүдө салык аудитин жүргүзүүнүн мөөнөтү ар бир филиалга 30 календардык күндөн ашпашы керек.
20. Салык аудитин жүргүзүү мөөнөтүнүн ичинде салык аудити төмөнкү жагдайлар болгондо гана токтотулушу мүмкүн:
1) текшерилип жаткан салык төлөөчүнүн документтерди берүүсү жөнүндө салык органынын чечими салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып салык аудитин жүргүзүүдө суралган документтерди салык төлөөчү берген күндү кошуп алганда, документтер берилген күнгө чейинки мезгилге;
2) салык аудитинин катышуучуларынын жакын тууганынын ооруп калгандыгынын, каза болгондугунун себеби боюнча, бирок салык аудитин токтото туруу жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө;
3) ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда.
21. Салык аудитин жүргүзүү мөөнөтү салык төлөөчүгө салык аудитин жүргүзүү жөнүндө жазма буйрук берилген күндөн баштап жазма буйрукта көрсөтүлгөн аудиттин акыркы мөөнөтүнөн ашпаган салык аудитинин корутундусу таризделген датага чейин эсептелет.
Салык аудитин жүргүзүү жөнүндө чечимди тапшырбастан салык төлөөчүгө салык аудитин дайындоо жөнүндө жазма буйрукту тапшыруу салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналат.
22. Салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарынын, салыктык эмес кирешелер жөнүндө жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдардын талаптарын өз убагында жана толук аткарылышы боюнча салык аудити менен камтылууга тийиш болгон салык мезгили Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген мезгил менен чектелет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык аудитин жүргүзүү укугун берүү жөнүндө чечиминин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин салык аудитин жүргүзүүгө жол берилбейт.
6-глава. Салык аудитин аяктоо жана жыйынтыгын тариздөө
23. Салык аудити аяктагандан кийин салык органынын кызмат адамы салык аудитинин корутундусун (мындан ары - корутунду) түзөт, анда жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары, салыктарды, салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгы маселелери боюнча тыянактар жана сунуштар чагылдырылат.
24. Корутунду ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча түзүлөт жана ушул Жободо каралган негизги маалыматты камтууга тийиш, анын ичинде:
1) салык төлөөчү жөнүндө маалыматтар (аталышы, каттоо маалыматтары, ИСН, дареги, эсепти жүргүзүүгө жана отчеттуулукту түзүүгө жооптуу уюштуруучулар жана кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар);
2) салык аудитин жүргүзүүнүн негизи (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими, мезгили, максаттары жана милдеттери жөнүндө маалымат);
3) салык аудитин жүргүзүүдө колдонулган маалымат булактарынын жана документтердин сыпатталышы;
4) салык отчетунун маалыматтары менен салыштырылган бухгалтердик, салык жана башкаруу эсептерин талдоонун жыйынтыктары;
5) салык тартибинин сакталышы, отчеттук-төлөм милдеттенмелеринин абалы, карыздын бар же жоктугу боюнча аудиттин жыйынтыктары;
6) салык милдеттенмелерин эсептөөдө аныкталган четтөөлөр, дал келбестиктер жана каталар;
7) салыктык укук бузуулар тобокелдиктерин талдоо жана алардын берилген отчетунун аныктыгына тийгизген таасирин баалоо;
8) аныкталган бузууларды жоюу боюнча корутундулар жана сунуштар.
25. Салык аудитинин корутундусунда салык аудити камтыган мезгилдерде салык төлөөчүнүн салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерин аткаруунун тууралыгына аудиттин жыйынтыгы өзүнчө бөлүмдө көрсөтүлөт.
26. Эгерде салык аудитинин жүрүшүндө салык мыйзамдарынын бузулушу аныкталса, салык органынын кызмат адамы бул фактыларды ырастоочу документтерди, эсептөөлөрдү жана аналитикалык материалдарды корутундуда тиркөө менен чагылдырууга милдеттүү.
27. Корутундуга тиркемелер төмөнкүдөй чагылдырылат:
1) корутундуда баяндалган тыянактарды ырастаган аналитикалык таблицалар жана эсептөөлөр;
2) салык аудитин жүргүзүүдө колдонулган документтердин тизмеги;
3) аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө берилген салык төлөөчүнүн түшүндүрмөлөрү жана сын-пикирлери;
4) аныкталган жагдайларды ырастаган башка документтер.
28. Корутундуга салык төлөөчүнүн кызмат адамдарынын аныкталган фактылар, эсепке алуу методологиясы жана салык милдеттемелерин эсептөө тартиби боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү жана комментарийлери тиркелиши мүмкүн.
29. Зарыл болгон учурда салык органынын кызмат адамы салык аудитинин материалдарына төмөнкүлөрдү тиркөөгө укуктуу:
1) салык төлөөчүнүн финансы-чарбалык операциялары жөнүндө тышкы булактардан алынган маалыматтар;
2) каршы суроо-талаптардын жана экспертизалардын жыйынтыктары;
3) салык төлөөчүнүн тышкы экономикалык иши жөнүндө маалыматтар (бажы жүк декларацияларынын, экспорттук-импорттук документтердин жана башка ырастоочу материалдардын көчүрмөлөрү).
30. Салык аудитинин корутундусу эки нускадан кем эмес санда түзүлөт, ага аудит жүргүзгөн кызмат адамынын колу коюлат жана салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Корутундунун бир нускасы салык төлөөчүгө өзүнө кол койдуруу менен берилет, экинчи нускасы салык органында сакталат.
31. Салык төлөөчү салык аудитинин корутундусун алуудан же ага кол коюудан баш тарткан учурда, бул факт боюнча корутундуда тиешелүү белги коюлат. Салык төлөөчүгө корутундуну буйрутма кат менен кайтарым билдирүү аркылуу жөнөтүүгө жол берилет.
32. Салык аудитинин корутундусунда салык милдеттенмелерин, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча милдеттенмелерди чегерүү, салык санкцияларды, айыптарды же жоопкерчиликтин башка чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды чагылдырууга жол берилбейт. Укуктук баа берүүнү талап кылган фактылар аныкталган учурда салык аудитинин материалдары тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн белгиленген тартипте салык органынын жетекчилигине жөнөтүлөт.
33. Салык аудитинин аяктаган датасы болуп салык төлөөчүгө салык аудитинин корутундусу тапшырылган дата эсептелет.
34. Салык аудитинин жыйынтыгы боюнча салык органынын кызмат адамы жүргүзүлгөн аудит жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына киргизет.
35. Салык органынын жетекчиси кызмат адамы тарабынан жүргүзүлгөн салык аудитин бузуулар аныкталгандыгына же аныкталбагандыгына карабастан, салык аудитинин материалдарын милдеттүү тартипте карап чыгат жана салык төлөөчүгө тапшырганга чейин ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте салык аудитинин корутундусун бекитет.
36. Салык аудитинин корутундусу жана ага бардык тиркелген материалдар салык органдарында белгиленген тартипте сакталат. Сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
7-глава. Кийинки салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө салык аудитинин жыйынтыктарын пайдалануу тартиби
37. Салык аудитинин жыйынтыктары салык органдары тарабынан салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аналитикалык ишти өркүндөтүү, ошондой эле көчмө текшерүүлөрдү пландоодо жана жүргүзүүдө колдонулат.
38. Салык төлөөчү ишин токтотуу жөнүндө арыз берген жана салык кызматынын органдары салык төлөөчү тарабынан салыктын туура эмес эсептелгендигин күбөлөндүргөн документалдуу ырасталган маалыматтарды алган учурларды кошпогондо, салык аудитинин жыйынтыктарын көчмө салыктык текшерүүлөрдү пландоодо жана жүргүзүүдө колдонууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык аудитин жүргүзүү укугун берүү жөнүндө чечиминин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин гана жол берилет.
39. Салык аудитинин жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтар төмөнкү учурларда эске алынууга тийиш:
1) салык төлөөчүлөрдү көчмө текшерүүлөрдүн план-графигине киргизүү үчүн тандоо критерийлерин түзүүдө;
2) салык тобокелдиктерин талдоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоодо;
3) салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугунун аныктыгынын жана ачык-айкындуулугунун даражасын белгилөөдө;
4) салыктык түшүүлөрдүн динамикасын жана салыктык тартиптин абалын баалоодо;
5) салыктык базага таасир этүүчү салык төлөөчүнүн финансы-чарбалык иши жөнүндөгү маалыматтарды тактоодо.
40. Салык аудитинин материалдары төмөнкүлөргө негиз болушу мүмкүн:
1) салык төлөөчүнүн көрсөтүлгөн адамдар тарабынан жүзөгө ашырылган операциясына түздөн-түз байланыштуу айрым документтерди текшерүү үчүн үчүнчү жактарга каршы текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
2) эгерде үчүнчү жактардын ишинде салыктык укук бузуулардын белгилери аныкталса, салык аудитинин субъекти менен чарбалык өз ара мамилелерде болгон үчүнчү жактарга карата салыктык контролду жүргүзүүнү демилгелөөгө.
41. Кийинки көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүдө салык органдарынын кызмат адамдары салык аудитинин материалдарын төмөнкү максаттарда пайдаланууга милдеттүү:
1) мурда аныкталган дал келбестиктердин же бузуулардын фактыларын ырастоого;
2) бухгалтердик жана салыктык эсептин маалыматтарын аудитордук жол-жоболордун жыйынтыктары менен салыштырууга;
3) кийинки салыктык мезгилдер үчүн салык отчеттуулугунун аныктыгын баалоого;
4) салык төлөөчү тарабынан салык аудитинин жыйынтыгы боюнча берилген сунуштардын жана жазма буйруктардын эске алынышын талдоодо.
42. Салык аудитинин жыйынтыктары салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу үчүн өз алдынча негиз болуп саналбайт. Аны менен бирге аудиттин жүрүшүндө аныкталган маалыматтар кийинки көчмө текшерүүнү жүргүзүүдө жана анын жыйынтыктары боюнча чечимдерди кабыл алууда аналитикалык жана далилдөөчү база катары колдонулушу мүмкүн.
43. Салык аудитинин жыйынтыгы боюнча салык төлөөчүгө берилген сунуштар кийинки көчмө текшерүүнү жүргүзүүдө салык төлөөчүнүн аларды эске алуу предметинде, ошондой эле көчмө текшерүү актысында мындай баалоонун жыйынтыктарын чагылдыруу менен салык тартибинин абалына алардын тийгизген таасири бааланууга тийиш.
44. Контролдук иш-чаралардын улантуучулугун камсыз кылуу үчүн салык органдары салык аудитинин материалдарын электрондук маалыматтык базада аудиттин датасын, мезгилин, тематикасын жана жыйынтыктарын көрсөтүү менен сактоону жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
45. Көчмө текшерүүлөрдү даярдоодо жана жүргүзүүдө пайдаланылган салык аудитинин материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү текшерүүнүн материалдарына тиркелет жана анын далилдөөчү базасынын бир бөлүгүн түзөт.