Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 6-марты № 106
Чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын банктарынын иши үчүн укуктук шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө
Чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын банктарынын иши үчүн укуктук шарттарды түзүү жана эл аралык финансы рынокторунда банк секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) банк секторунун финансылык туруктуулугун, аманатчылардын каражаттарынын сакталышын жана банктык көзөмөлдүн талаптагыдай деңгээлин камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен үч айлык мөөнөттө:
1) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын банктарынын (мындан ары – банктар) ишин жөнгө салуучу өзүнүн ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча ишти жүргүзсүн;
2) чет мамлекеттерде иш жүргүзгөн банктарга банктардын коопсуз жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон деңгээлде жыл сайын капиталдаштыруу боюнча талаптарды белгилесин;
3) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизсин.
2. Чет мамлекеттерде филиалдарын ачкан банктарга төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле келген чет мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын, санкциялык талаптарды жана чет өлкөлүк юрисдикциялардагы чектөөлөрдү сактоо менен иш жүргүзүү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чет мамлекеттеги филиалдын иши жөнүндө Улуттук банкка берилүүчү маалыматтын толуктугун жана аныктыгын камсыз кылуу.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |