Редакцияот 01.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын IX сессиясы

 

2025-жылдын 1-июлу № 27

 Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарынын

Башкы пландарын бекитүү жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл аймагындагы Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарынын  Башкы пландарын бекитүү жөнүндөгү  маселени угуп, талкуулап, айылдардын өнүгүүсүн пландаштыруу, калк үчүн ыңгайлуу жашоо-шарттарды түзүү жана инфраструктураны өнүктүрүү максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл аймагындагы Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарынын Башкы пландарынын долбоорлору жактырылып, бекитилсин.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

А. Имаров