Редакцияот 01.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын IX сессиясы

 

2025-жылдын 1-июлу № 30

 “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 

2025-жылга карата иш планын бекитүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ошондой эле “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын ишин пландуу негизде жүргүзүлүшүн уюштуруу максатында Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата иш планы                        1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Ак-Турпак” МИ нын башчысы М.Ботобековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

А. Имаров

 

 

 

Ак-Турпак айылдык кеңешинин          VIII чакырылышынын      

2025-жылдын 1-июлу              кезектеги IХ сессиясынын   

№ 30 токтомуна 1-тиркеме

 

 

“Ак-Турпак” Муниципалдык ишканасынын

2025-жыл ичинде аткарылуучу  иш планы

 

№

Аткарылуучу иш-чаранын мазмууну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

 

Жайгашкан орду

1.

Жайыттарды жакшыртуу максатында көргөзмө участокторун уюштуруу

жыл ичинде

Муниципалдык ишкана

Сары-Камыш участогу

2.

Мал суу ичүүчү жайларды куруу жана оңдоо

 

Сел жүргөндө

Муниципалдык ишканан техникалары

Орус-булак ,Сары -Камыш

 3.

Мал союлуучу пункт (убойний ) көзөмөлгө алуу жана тазалыгын кароо

жыл ичинде

 Башкы адис.

 

Жетиген айылы

4

Айыл өкмөтү боюнча тазалык иштерин жүргүзүү

жыл ичинде

МИнын баардык кызматкерлери,Айыл башчылар

 

Ак-Турпак айыл

5

Сары-Камыш айылына байланыш түйүнүн иштетүү

 

1 квартал

Башкы адис айыл башчы

Сары-Камыш жайлоосу

6.

Айыл өкмөттүн аймагындагы калктын аярлуу катмарын аныктоо   алар менен иш жургүзүү Тазалык жана Жайыт салыктарын жыйноо

 

жыл ичинде

Салыкчы, айыл башчылар

Ак-Турпак А/А

7.

Айыл өкмөтүнү аймагындагы айылдарды жашылдандыруу

1 квартал

МИнын баардык кызматкерлери,Айыл башчылар

 

Ак-Турпак А/А

8.

Айыл өкмөтүндөгү ички арыктарды  тазалоо

 

1-квартал

МИнын баардык кызматкерлери,Айыл башчылар

 

Ак-Турпак А/А

9.

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштанды таштоочу жерлерди (Мусорная свалка) иреетке келтирүү жана трактордо тегиздөө

Жыл ичинде

Башкы адис.тракторист

Ак-Турпак А/А

10.

 Жайыт жолдорун оңдоо түзөө

 

11 квартал

Башкы адис.тракторист

Сары-Камыш

11.

Ош Разакоз чоң магистрал жолдун жеектерин тазалыгын кароо жана Өтүкчү, Миң-ынар чоң жолдун жеегин тазалыгын кароо

дайыма

МИнын баардык кызматкерлери,Айыл башчылар

 

Ак-Турпак А/А

12

График боюнча айылдардан таштандыны чыгаруу

дайыма

МИнын жумушчулары

 

Ак-Турпак А/А

13

Сары-Камыш  жолдорун көзөмөлдө селден кийин жолдорду калыбына келтирүү

Сезондо

МИнын Техникалары

 

Сары-Камыш 

14

Жайыттарды жеке жана юридикалык жактардын жайыт участогунда болуусу,ошондой эле жапайы өскөн мөмө,жемиш,козу карын, башка тамак-аш азыктарын, дарылык техникалык чийки затты чогултууга инвестиция тартуу МИнын Бюджетин которүү 

II-III кварталда

МИнын жетекчилери, Айыл а/ө

Сары-Камыш 

15

Жайыт абалына  мониторинг жана баало жүргүзүү 

II-III кварталда

МИнын жетекчилери

Сары-Камыш жайлоосу

 

 

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы                        Н.Насибалиев