Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 18-марты № 29
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
140-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган финансылык-кредиттик уюмдар жана башка юридикалык жактар аркылуу же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык алыстан/аралыктан тейлөө системаларын колдонуу менен накталай акча каражаттары менен төлөнүшү мүмкүн. Бардык төлөмдөр улуттук валютада жүргүзүлөт. Мамлекеттик алымды кабыл алуу белгиленген формадагы квитанция же төлөмдү тастыктаган документ берүү аркылуу жүргүзүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |