Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-февралы № 67
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункттун "в" пунктчасы, 11-пункттун 4-пунктчасы, 4-1-глава күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 429 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо энергиянын кайра жаралуучу булактары өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме) мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары - ЭКБ) объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартибин, анын ичинде конкурстук комиссиянын иши, конкурсту даярдоо, өткөрүү жана натыйжаларын тариздөө маселелерин аныктайт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди ЭКБ объекттерин куруу үчүн убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө", "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинде каралган жер тилкелерин тоорук өткөрбөстөн түз берүүгө жол берилген учурлардан тышкары, ЭКБ объекттерин куруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жер тилкелери ушул Жобого ылайык жер тилкесине ижара келишимин түзүү укугуна конкурс өткөрүү жолу менен берилет.
Конкурстун максаты - технологиялык чечимдерди, наркты жана экологиялык натыйжалуулукту эске алуу менен ЭКБ объекттерин куруу үчүн оптималдуу инвесторду тандоо.
4. Конкурстун катышуучуларына карата талаптар жөнүндө маалымат ар бир ЭКБ долбоору боюнча иштелип чыгуучу конкурстук документтерге (конкурска катышуу үчүн конкурстук өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү жана тартиби) киргизилет, мамлекеттик расмий жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кулактандырууда жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин расмий сайтында көрсөтүлөт.
2-глава. Конкурстук комиссия
5. ЭКБ чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкесин өткөрүп берүү боюнча конкурс өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме тарабынан курамы 9 (тогуз) адамдан кем эмес конкурстук комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
Комиссия өз ишин мыйзамдуулук, көз карандысыздык, адилеттүүлүк, калыстык жана коллегиалдуулук принциптеринде жүргүзөт.
Комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин буйругу менен бекитилет.
6. Комиссия Комиссиянын төрагасынан, төрагасынын орун басарынан, мүчөлөрүнөн жана катчысынан турат.
7. Комиссиянын төрагасы болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин директору эсептелет.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин жетекчиси жана төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- токой ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- маданият, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- суу ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- жер ресурстары жана жер укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган электр энергетикалык компаниянын.
8. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын жыйналышын чакырат жана төрагалык кылат.
9. Комиссиянын катчысы ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин кызматкери болуп саналат, ал Комиссиянын жыйналышына даярдык көрүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштерди жүргүзөт, Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүү мөөнөттөрү жөнүндө кабарлама жиберет, жыйналыштын протоколун, видеожазууну жүргүзөт жана добуш берүү учурунда Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт, мында катчынын өзүнүн добуш берүүгө укугу жок.
10. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын төраганын орун басары аткарат.
Комиссиянын мүчөлөрү Комиссиянын бардык жыйналыштарына катышууга милдеттүү.
Комиссиянын жыйналыштарына катышууга мүмкүн болбогон учурда Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын төрагасына келбей калуунун жүйөлүү себептери (ооруп калуу, эмгек же башка өргүүдө болуу, иш сапарга чыгуу ж.б.) жөнүндө алдын ала маалымдоого милдеттүү. Комиссиянын жыйналыштарына катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон Комиссиянын мүчөсү ушул Комиссиянын жыйналышынын ишине катышуу үчүн өзүнүн ыйгарым укуктарын башка адамга - өзү өкүл болгон ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкерине өткөрүп берүүгө укуктуу. Комиссиянын ишине катышуу үчүн ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү мөөнөтүн көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бланкында ишеним кат менен таризделет.
11. Комиссиянын жыйналыштарында протокол түзүлөт, ага төрагалык кылуучу, жыйналышка катышкан Комиссиянын бардык мүчөлөрү жана катчысы кол коёт.
12. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 катышса укуктуу деп таанылат.
13. Комиссиянын мүчөсү баалоо барагынын бланкын акыркы натыйжалар чыгарылганга чейин кайрадан алууга укуктуу.
14. Комиссиянын чечимине макул болбогон Комиссиянын мүчөлөрү өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал Комиссиянын жыйналышынын протоколуна милдеттүү түрдө тиркелүүгө тийиш.
3-глава. Конкурсту өткөрүүнү даярдоо процесси
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме катышуучулардын көбүрөөк санын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин расмий сайтында, эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ресурстарында кулактандырууларды жарыялайт, анда конкурстук өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү жана тартиби камтылууга тийиш.
16. Кулактандырууда конкурсту өткөрүү датасы жана орду жөнүндө маалымат, ЭКБ объекттерин куруу пландалып жаткан жер тилкесинин кыскача мүнөздөмөсү, анын ичинде улуттук электр тармактарына туташуу мүмкүндүгү жана алдын ала шарттары жөнүндө маалыматтар, ошондой эле керектүү документтердин тизмеги менен конкурстук өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Кулактандыруу конкурс өткөрүлгөнгө чейин кеминде 30 календардык күндөн мурун жарыяланат.
Жеңүүчү аныкталбаган жер тилкесине конкурс кайрадан жарыяланган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме конкурс өткөрүлгөнгө чейин кеминде 20 күндөн мурун кайрадан конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыялайт, анда конкурсту өткөрүү датасы, конкурсту өткөрүү орду, керектүү документтери менен конкурстук өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү көрсөтүлөт.
17. Конкурс өткөрүлгөнгө чейин 5 күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме конкурсту жокко чыгарууга укуктуу.
Конкурсту төмөнкү учурларда жокко чыгарууга жол берилет:
- конкурстук документтерде конкурстун натыйжаларына таасир этүүгө жөндөмдүү бузуулар аныкталса;
- конкурстук шарттардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш эместиги жөнүндө маалымат келип түшсө;
- конкурстун шарттарын тактоо зарылдыгы жөнүндө мамлекеттик органдардын жүйөлүү кайрылуусу келип түшсө;
- конкурсту өткөрүүгө тоскоолдук кылуучу ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) келип чыкса;
- жер тилкесин өткөрүп берүүгө тоскоолдук кылуучу соттук же башка укуктук чектөөлөр болсо;
- белгиленген мөөнөттө катталган конкурстук өтүнмөлөр жок болсо.
4-глава. Конкурсту өткөрүү этаптары
18. Конкурс эки этапта өткөрүлөт:
1-этап - катышуучуларды квалификациясы;
2-этап - техникалык сунуш жана электр энергиясына тарифтин чектик деңгээлин төмөндөтүү боюнча сунуш.
19. Квалификациянын биринчи этабында Комиссия катышуучулардын төмөнкүлөрдү камтыган минималдуу талаптарга шайкештигин текшерет:
- ырасталган финансылык ресурстар (финансылык отчеттуулук, каржылоо булактары жөнүндө маалыматтар);
- техникалык компетенттүүлүктүн болушу (персонал, лицензиялар, сертификаттар, долбоорлоо/куруу тажрыйбасы);
- салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу.
20. Квалификациядан өтпөгөн катышуучуларга конкурска андан ары катышууга жол берилбейт.
21. Квалификациянын натыйжалары Комиссиянын протоколу менен таризделет.
Квалификацияга тапшырган конкурстун бардык катышуучуларына квалификациялык баалоонун натыйжалары жөнүндө кабарланат. Квалификациядан өткөн конкурстун катышуучулары конкурстун экинчи этабына катышууга чакырылат.
22. Экинчи этаптын алкагында расмий чакыруу алгандан кийин конкурстун квалификациялуу катышуучулары 5 жумуш күндүн ичинде төмөнкү документтерди жана материалдарды берүүгө тийиш:
- ЭКБнын тандалып алынган технологиясынын сыпаттамасын, техникалык мүнөздөмөлөрдү, долбоорлоо жана куруу боюнча пландарды камтыган толук техникалык сунушту;
- натыйжалуулук, туруктуулук жана экологиялык стандарттарга шайкештик жагынан технологияларды тандоонун негиздемеси;
- негизги этаптарды аткаруунун деталдуу мөөнөттөрү менен ишти аткаруунун календардык планы.
23. Катышуучулар финансылык жөндөмдүүлүгүн ырастоону берүүгө тийиш, акыркы 3 жыл үчүн финансылык отчетторду, лицензияларды жана сертификаттарды кошо алганда, эгерде болсо, бирок алар менен чектелбестен.
24. Техникалык сунуш кулактандырууда белгиленген мөөнөттө электрондук жана кагаз жүзүндө берилүүгө тийиш.
25. Комиссия тарабынан техникалык сунуштарды кароо конкурстук документтерде белгиленген Комиссиянын жыйналышы болгон учурдан тартып 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
26. Техникалык сунушту кароонун жыйынтыгы боюнча (ал шайкеш келген учурда) Комиссия ЭКБ объектинде өндүрүлө турган электр энергиясына тарифтин чектүү деңгээлин төмөндөтүү боюнча экономикалык негизделген сунушту карайт. Катышуучунун техникалык сунушу белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда мындай катышуучунун тариф боюнча сунушу каралбайт. Катышуучулардын электр энергиясына тарифтин чектүү деңгээли боюнча сунушу тарифтин чектүү деңгээлинен жогору болбоого тийиш.
27. Электр энергиясына чектүү тарифти төмөндөтүү боюнча сунуш долбоордун социалдык, экологиялык жана экономикалык туруктуулугун эске алууга, ошондой эле ЭКБ объектин эксплуатациялоодо коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыз кылууга кепилдик берүүгө тийиш.
28. Электр энергиясына тарифтин чектүү деңгээлин төмөндөтүү боюнча сунуш кулактандырууда белгиленген мөөнөттө электрондук жана кагаз жүзүндө берилүүгө тийиш.
29. Конкурска катышууга конкурстук өтүнмөлөрдү кабыл алуу кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме тарабынан жүргүзүлөт.
30. Конкурска катышуу үчүн өтүнмө ээси жеке өзү же талаптагыдай тартипте таризделген ишеним кат боюнча өзүнүн өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемеге конкурстук өтүнмөнү жана конкурстук документтерди эки нускада (түп нускасы жана көчүрмөсү) жана ага тиркелген бардык документтерди берет. Конкурстук өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде машиналык ыкма менен толтурулууга, электрондук басып чыгаруучу түзүлүштөр аркылуу басылып чыгууга жана көктөлгөн түрдө, номерленген жана парафирленген (кол коюлган) барактары менен берилүүгө тийиш, акыркы бети конкурстун катышуучусунун колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө жана өзүнчө чапталып бекитилген конвертте берилүүгө тийиш.
Мындан тышкары конкурстук өтүнмө жана конкурстук документтер "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) аркылуу же ушул системага интеграцияланган башка маалыматтык системалар аркылуу электрондук форматта берилиши мүмкүн.
Документтерди электрондук форматта берүү мүмкүн болбогон учурда өтүнмө ушул пункттун талабына ылайык алып жүрмө сактагычта электрондук түрдө же кагаз жүзүндө берилиши мүмкүн.
31. Конкурстун катышуучусу берген конкурстук өтүнмөгө Комиссиянын катчысы конкурстук өтүнмөнүн номерин көрсөтүү менен берилген датасы жана убактысы жөнүндө белги коёт. Документтердин факсимилдик көчүрмөлөрү кабыл алынбайт жана жараксыз деп эсептелет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемеге берилген конкурстук өтүнмө документтерди каттоо журналында ал берилген датаны жана так убакытты (саатын жана мүнөтүн) көрсөтүү аркылуу катар номер менен катталууга тийиш.
Каттоо журналы - конкурска катышууга өтүнмөлөрдүн жана конкурстун катышуучуларынын конкурстук сунуштарынын келип түшкөн, алмаштырылган жана чакыртылып алынган датасын жана убактысын жазып белгилөө үчүн арналган документ, аны жүргүзүүнү жана сактоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме жүзөгө ашырат.
32. Конкурска катышууга конкурстук өтүнмө конкурстук документтерде белгиленген талаптарга жана шарттарга конкурстун катышуучусунун макулдугун билдирүү формасы болуп саналат.
33. Эгерде конкурска катышуу үчүн кулактандырууда башкача белгиленбесе, конкурстун катышуучусу тарабынан конкурска катышууга өзүнүн өтүнмөсүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же чакыртып алууга өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кайсы болбосун убакта жол берилет.
34. Конкурска катышууга өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүү же аны чакыртып алуу жөнүндө кабарлоо, эгерде мындай өзгөртүү же мындай кабарлоо конкурска катышууга өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшсө, жараксыз деп эсептелет.
Катышууга өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктагандан кийин берилген конкурска катышууга өтүнмө бар конверт ачылбайт жана аны берген конкурстун катышуучусуна кайтарылып берилет, мында катышууга өтүнмөгө аны кабыл алуудан баш тартылганы жөнүндө белги коюлат.
35. Конкурстун бир катышуучусу конкурска катышууга бир гана өтүнмө берүүгө укуктуу.
36. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме конкурстун катышуучуларына жана башка кызыкдар тараптарга мындай кабарламаны алгандыгы жөнүндө ырастаманы милдеттүү түрдө алган шартта конкурска катышууга өтүнмөлөр бар конверттерди ачуу датасы жөнүндө кандай болбосун жеткиликтүү ыкма менен кабарлайт.
5-глава. Конкурсту өткөрүү тартиби
37. Конкурска катышуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме тарабынан аныкталган форма боюнча конкурстук өтүнмө ушул Жобонун 4-главасында белгиленген талаптарды эске алуу менен, ошондой эле төмөнкү документтерди тиркөө менен берилет:
1) жеке жак үчүн:
- паспорттун жана жеке ишкер катары каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
- инвестициялоонун максатын баяндоо менен объекттин негизги баштапкы маалыматтарын, ЭКБ курулуш объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалыматтарды жана объекттин алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептөөлөрдү камтыган алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме;
- жер тилкеси үчүн ижара акысынын бир жылдык наркынын өлчөмүндөгү кепилдик төгүмүнүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- электр энергиясына тарифтин чектүү деңгээлин төмөндөтүү тууралуу сунуш;
2) чет өлкөлүк жеке жак үчүн:
- паспорттун көчүрмөсү жана мамлекеттик жана/же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;
- инвестициялоонун максатын баяндоо менен объекттин негизги баштапкы маалыматтарын, ЭКБ курулуш объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалыматтарды жана объекттин алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептөөлөрдү камтыган алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме;
- жер тилкеси үчүн ижара акысынын бир жылдык наркынын өлчөмүндөгү кепилдик төгүмүнүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- электр энергиясына тарифтин чектүү деңгээлин төмөндөтүү тууралуу сунуш;
3) юридикалык жак үчүн:
- уюмдун толук аталышы жана жайгашкан жери көрсөтүлгөн маалымкат (юридикалык дареги, телефону жана башка реквизиттери);
- уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (болсо);
- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укук берилген өкүлдүн атына ишеним кат;
- эгерде арызды юридикалык жактын жетекчиси (жалгыз аткаруучу органы) берсе, жетекчиге ижара келишимин түзүүгө укук берүүчү документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү документ талап кылынат;
- эгерде юридикалык жакты шайлануучу коллегиялуу аткаруучу орган башкарса жана бул органдын ижара келишимин түзүүгө макулдугу жөнүндө документ талап кылынса, органдын ижара келишимин түзүүгө макулдугун ырастаган талаптагыдай чечим талап кылынат;
- өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү (түп нускасы конкурска катышуу үчүн каттоодо жеке өзү тарабынан көрсөтүлөт);
- инвестициялоонун максатын баяндоо менен объекттин негизги баштапкы маалыматтарын, ЭКБ курулуш объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалыматтарды жана объекттин алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептөөлөрдү камтыган алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме;
- учурдагы ай үчүн карызынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты;
- жер тилкеси үчүн ижара акысынын бир жылдык наркынын өлчөмүндөгү кепилдик төгүмүнүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- электр энергиясына тарифтин чектүү деңгээлин төмөндөтүү тууралуу сунуш;
4) чет өлкөлүк юридикалык жак үчүн:
- юридикалык жактын толук жана кыскартылган (болсо) аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги жана иш жүзүндөгү жайгашкан жери, идентификациялык салык номери, мамлекеттик реестрден же башка документтен көчүрмө, ага бул юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экенин ырастаган апостиль коюлууга тийиш. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилет;
- уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү;
- инвестициялоонун максатын баяндоо менен объекттин негизги баштапкы маалыматтарын, ЭКБ курулуш объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалыматтарды жана объекттин алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептөөлөрдү камтыган алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме;
- жер тилкеси үчүн ижара акысынын бир жылдык наркынын өлчөмүндөгү кепилдик төгүмүнүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- электр энергиясына тарифтин чектүү деңгээлин төмөндөтүү тууралуу сунуш.
Өтүнмө тиркелген документтери менен "Түндүк" ЭВӨС аркылуу электрондук форматта берилет. Конкурстук документтердин тизмегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "Түндүк" ЭВӨС аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү жок документтер гана көрсөтүлөт.
Эгерде документ "Түндүк" ЭВӨС аркылуу алынышы мүмкүн болсо, конкурстун катышуучусу аны берүү милдетинен бошотулат.
"Түндүк" ЭВӨС аркылуу берүүгө техникалык мүмкүнчүлүк болбогон өзгөчө учурларда документтерди алып жүрмө сактагычта электрондук түрдө же кагаз жүзүндө берүүгө жол берилет;
5) конкурстун катышуучусу төлөгөн кепилдик төгүм төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилүүгө тийиш:
- эгерде конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаса;
- эгерде конкурс ушул Жобонун 18-пунктуна ылайык жокко чыгарылса;
- эгерде ушул Жобонун 54-пунктуна ылайык конкурс өткөн жок деп таанылса;
- катышуучу конкурстук өтүнмөнү берүү мөөнөтү аяктаганга чейин чакыртып алганда.
Кепилдик төгүмдү кайтарып берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме тарабынан конкурстун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлган же конкурсту жокко чыгаруу (болгон жок деп таануу) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
38. Конкурстук өтүнмө жана ага тиркелген документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемеге конкурсту өткөрүү датасына чейин үч жумуш күндөн кечиктирбестен эки нускада кол менен берилет.
39. Комиссия кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттө Комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмесинин, ошондой эле конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда өтүнмөлөр бар конверттерди ачат. Өтүнмөлөрдү кароодо Комиссия конкурска катышууга өтүнмөдө көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерет. Конкурска катышууга конкурстук өтүнмөлөрдү баалоо критерийлери 1-тиркемеге ылайык 5 баллдык система боюнча бааланат. Тарифтин чектүү деңгээлин төмөндөтүү боюнча сунуш өзгөчө болуп саналат, ал 10 баллдык система боюнча бааланат.
Катышуучунун документтеринин мазмуну жана комплекти төмөнкүдөй критерийлер боюнча бааланат:
- инвестициялык долбоор;
- ЭКБ объекттерин куруунун финансылык эсептөөлөрү;
- ЭКБ чөйрөсүндөгү долбоорду ишке ашыруу үчүн катышуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн ырастоо;
- электр кубаттуулугун эсептөөлөр;
- тарифтин баасын эсептөөлөр менен экономикалык негиздеменин болушу;
- жер тилкеси үчүн ижара акысынын бир жылдык наркынын өлчөмүндө кепилдик төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;
- электр энергиясы үчүн тарифтин чектүү деңгээлин төмөндөтүү жөнүндө сунуш.
40. Өтүнмөлөр бар конверттерди ачуу жана аларды кароо башталгандан кийин Комиссия конкурстун бардык катышуучуларына 5 (беш) жумуш күндүн ичинде конкурска катышууга өтүнмөгө байланыштуу Комиссия техникалык деп эсептеген каталарды оңдоого уруксат бере алат. Конкурстун катышуучулары тарабынан кетирилген ката жазуу, басма катасы, грамматикалык же арифметикалык сыяктуу ката техникалык ката болуп эсептелет.
41. Ушул Жобонун 20, 23, 24 жана 39-пункттарында белгиленген талаптарга/критерийлерге ылайык келбеген конкурска катышууга өтүнмөлөр Комиссия тарабынан четке кагылууга тийиш.
42. Конкурстун катышуучусу же анын ыйгарым укуктуу өкүлү конкурска катышууга өтүнмөнүн жоболоруна түшүндүрмө берүү үчүн Комиссиянын жыйналышына (жыйналыштарына) чакырылышы мүмкүн. Конкурстун катышуучусунун же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн түшүндүрмөлөрү Комиссиянын жыйналышынын протоколуна киргизилет.
43. Комиссия конкурстун катышуучусу жана/же анын уюштуруучусу (уюштуруулары) жана/же акционери (акционерлери) берген кандай болбосун документтерди, маалыматтарды, арыздарды текшере алат жана конкурстун катышуучусунан конкурска катышууга өтүнмөгө жана ага тиркелген документтерге тиешелүү кошумча маалыматты талап кыла алат.
44. Конкурстун өтүнмөлөрүн баалоонун натыйжаларынын негизинде Комиссия өзүнүн компетенциясынын алкагында тиешелүү чечимдерди чыгаруу менен конкурсту өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө протоколду тариздейт.
45. Конкурстук өтүнмөлөрдү жана ага тиркелген документтерди кароонун натыйжалары боюнча катышуучулардын ар бири топтогон баллдын жыйынтык суммасы аныкталат. Натыйжалар Комиссиянын төрагасы тарабынан Комиссиянын мүчөлөрүнө жана конкурстун катышуучуларына жарыяланат.
46. Конкурстук өтүнмөлөр жана ага тиркелген документтер, конкурска катышууга өтүнмө берүү мөөнөтү аяктаган датадан кийин конкурстук өтүнмөнү алган учурду кошпогондо, конкурстун катышуучуларына кайтарып берилбейт.
47. Конкурстук өтүнмөлөрдүн материалдарын баалоодо эң жогорку балл алган катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
48. Эгерде эки жана андан көп катышуучу бирдей максималдуу суммада балл топтосо, ЭКБ объектинде иштелип чыгуучу электр энергиясына эң аз чектүү тарифти сунуштаган катышуучуга артыкчылык берилет.
49. Жыйынтыктоочу натыйжалар жарыялангандан кийин конкурс аяктады деп эсептелет.
50. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө маалымат жыйынтыктоочу протоколго кол коюлган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин расмий сайтына милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
51. Конкурстун жеңүүчүсүнө ЭКБ объектинде иштелип чыгуучу электр энергиясына тариф Комиссиянын чечиминин негизинде отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеңүүчү отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга расмий кайрылгандан кийин белгиленет.
52. Эгерде берилген сунуштардын бири да конкурстун шарттарына жооп бербесе же конкурстук өтүнмөлөр жок болсо, конкурс өткөн жок деп таанылат.
53. Конкурстун катышуучулары конкурстун натыйжалары жөнүндө аларга белгилүү болгон учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана жарандык мыйзамдардын башка актыларында каралган тартипте конкурстун жыйынтыгына даттанууга укуктуу.
54. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин кызматкерлери жана Комиссиянын мүчөлөрү берилген жана пайдаланылган маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
Кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда Комиссиянын мүчөсү бул жөнүндө төрагага билдирүүгө жана тиешелүү катышуучу боюнча добуш берүүгө катышпоого милдеттүү. Кызыкчылыктардын кагылышы төмөнкүдөй учурларда болгон деп эсептелет:
- Комиссиянын мүчөсү же анын жакын туугандары (жубайы, ата-энеси, балдары, ага-инилери, эже-карындаштары) конкурска катышуучу компаниянын уюштуруучулары, акционерлери, катышуучулары же кызматкерлери болуп эсептелсе;
- Комиссиянын мүчөсү же анын жакын туугандары башкаруу органдарында кызмат орундарын ээлесе же конкурстун катышуучусунун жетектөөчү органдарынын курамына кирсе;
- Комиссиянын мүчөсү конкурстун катышуучусунун ишине түз же кыйыр финансылык кызыкчылыгы болсо;
- Комиссиянын мүчөсү конкурстун катышуучусу менен келишимдик (эмгек, жарандык-укуктук же башка) мамилелерде болсо;
- Комиссиянын мүчөсү акыркы 3 жылдын ичинде конкурска катышуучу уюмда иштесе же ага консультациялык же башка кызматтарды көрсөтсө;
- Комиссиянын мүчөсү ошол катышуучунун конкурстук өтүнмөсүн даярдоого түз же кыйыр түрдө катышса;
- Комиссиянын мүчөсүнүн объективдүүлүгүнө жана калыстыгына шек келтирүүгө жөндөмдүү башка жагдайлар болгондо.
6-глава. Долбоорду ишке ашырууну финансылык камсыздоо
55. Конкурстун жеңүүчүсү долбоорду ишке ашырууну ЭКБ объектинин белгиленген 1 кВт кубаттуулугу үчүн 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө финансылык камсыздоону берүүгө милдеттүү.
56. Финансылык камсыздоо банктык кепилдик формасында берилет жана жер тилкесин ижаралоо келишимине кол коюлган датадан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен киргизилет.
57. Конкурстун жеңүүчүсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- күн жана шамал энергетика объекттери боюнча (КЭС жана ШЭС) - жер тилкесин алган датадан тартып 12 айдан кечиктирбестен курулушка (КМИ) киришүүгө, курулушту аяктоого жана көрсөтүлгөн датадан тартып 24 айдан кечиктирбестен объектти эксплуатациялоого берүүгө;
- чакан гидроэлектрстанциялардын (ГЭС) объекттери боюнча -жер тилкесин алган датадан тартып 12 айдан кечиктирбестен курулушка (КМИ) киришүүгө, курулушту аяктоого жана көрсөтүлгөн датадан тартып 36 айдан кечиктирбестен объектти эксплуатациялоого берүүгө.
58. Белгиленген мөөнөттөр бузулган учурда:
- курулуш иштерин баштоонун же аяктоонун мөөнөттөрү сакталбаганда финансылык камсыздоонун суммасынын 30%ы кайтарып берилбейт жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесине которулууга тийиш;
- объектти куруу жана эксплуатациялоого берүү боюнча милдеттенмелер белгиленген мөөнөттө толук аткарылбаганда финансылык камсыздоо толук көлөмдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине которулууга тийиш.
Финансылык камсыздоо кайра жаралуучу энергетика объекти өнөр жайлык эксплуатациялоого берилгенден жана жер тилкесин ижаралоо келишиминин бардык шарттарын аткаргандан кийин конкурстун жеңүүчүсүнө кайтарылууга тийиш.
7-глава. Келишим түзүүнүн тартиби
59. Келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме менен конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык конкурстун жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде түзүлөт.
60. Белгиленген мөөнөттүн ичинде келишим түзүлбөгөн учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме Комиссиянын кароосуна Комиссиянын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө маселени киргизет жана андан кийин келишим түзүлбөгөн жер тилкесине кайталап конкурс жарыялайт.
61. Түзүлгөн Келишимдин пункттары аткарылбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме кабарлама жиберүүгө укуктуу. Кабарлама Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кандай болбосун ыкмалар менен, электрондук почта аркылуу, электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жиберилет, колго берилет.
8-глава. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ЭКБ куруу үчүн жер тилкелерин өткөрүп берүү тартиби
62. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ЭКБ курууга жер тилкелерин өткөрүп берүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурстун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик өнөктөш ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемеге өткөрүлгөн конкурстун натыйжасын тиркөө менен өтүнүч катты киргизет. Өтүнүч катка төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) уюмдун толук аталышы жана жайгашкан жери (юридикалык дареги, телефону жана башка реквизиттери) көрсөтүлгөн маалымкат;
2) укук белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрү;
3) инвестициялоонун максатын сыпаттоо менен объекттин негизги баштапкы маалыматтарын, ЭКБ куруу объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалыматтарды камтыган техникалык-экономикалык негиздеме.
63. Комиссия берилген материалдарды карайт жана документтердин толук топтому берилген күндөн тартып 20 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө чечим чыгарат.
64. Документтерди кароонун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме тарабынан оң корутунду чыгаруунун жыйынтыгы боюнча ушул Жобого ылайык ЭКБ объекттерин ишке ашыруу үчүн жер тилкесин өткөрүп берүү келишими түзүлөт.
9-глава. Жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн ижара акысы
65. Ижара акысы ай сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме тарабынан аныкталган эсепке белгиленген туруктуу суммадагы төлөмдөр түрүндө киргизилет. Ижара акысына эксплуатациялык чыгымдар жана Кыргыз Республикасынын салыктык жана башка мыйзамдарында каралган башка төлөмдөр кирбейт.
66. Ижарага алуучунун ижара акысын төлөө боюнча милдети ижара келишиминде көрсөтүлгөн датадан тартып пайда болот.
67. Жер тилкелерин ижарага берүүдөн келип түшүүчү каражаттар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.
68. Жер тилкесин ижаралоо келишимин түзүү укугуна конкурс башталган минималдуу ижара акысынын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген нускамага ылайык аныкталат.
Конкурс боюнча жерлерди берүү үчүн ижара акысынын минималдуу өлчөмү айына жер салыгынын эки эселенген ставкасынан ашпоого тийиш.
|
| Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Жер тилкелерин ЭКБ объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү боюнча конкурска катышуу үчүн берилген конкурстук өтүнмөлөрдү баалоо КРИТЕРИЙЛЕРИ
Конкурстук өтүнмөлөрдү баалоо төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзүлөт. 10 балл каралган тарифти төмөндөтүү боюнча сунуштан тышкары, ар бир критерийге 1ден 5ке чейин балл берилет. Баллдардын максималдуу саны - 40. Эң көп балл топтогон катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
№ | ЭКБ субъектинин аталышы | Инвестициялык долбоор (негиздүүлүгү, реалдуулугу, максаттарга шайкештиги) 0дөн 5ке чейин балл | ЭКБ объекттерин куруунун финансылык эсептөөлөрү (толуктугу, аныктыгы, каржылоо булактары) 0дөн 5ке чейин балл | Долбоорду ишке ашыруу үчүн катышуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн ырастоо 0дөн 5ке чейин балл | Электр кубаттуулугун эсептөө (тактык, реалдуулук, долбоорго шайкештиги) 0дөн 5ке чейин балл | Иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтин экономикалык негиздемесинин болушу 0дөн 5ке чейин балл | Жер тилкеси үчүн ижара акысынын бир жылдык наркынын өлчөмүндөгү кепилдик төгүмдүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция 0дөн 5ке чейин балл | Электр энергиясына болгон тарифти төмөндөтүү боюнча сунуш (экономикалык натыйжалуулук, реалдуулук) 0дөн 10го чейин балл | Баллдардын суммасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өтүнмөнүн жыйынтыктоочу баасы бардык критерийлер боюнча баллдардын суммасы катары түзүлөт. Баллдар тең болгон учурда иштелип чыгуучу электр энергиясына эң төмөнкү тарифти сунуштаган өтүнмө артыкчылыкка ээ болот.
|
| Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (ЭКБ) объекттерин ишке ашыруу үчүн жер тилкесин өткөрүп берүү ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
________________________ жыл (датасы) |
| шаары ______________________ |
_________________________________________________________________________,
(мамлекеттик мекеменин аталышы)
_________________________________________________________________________,
(мамлекеттик мекеменин жайгашкан жери)
__________________________________________________________ негизинде иштеген
(мекеменин ишин жөнгө салуучу устав, жобо же документ)
____________________________________________________________ атынан чыгуучу,
(жетекчинин аты-жөнү жана кызмат орду)
мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталып, бир тараптан жана
_________________________________________________________________________,
(ЖИ аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы, келишим түзүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдүн аты-жөнү, ишеним каттын реквизиттери)
мындан ары "Ижарага алуучу" деп аталып, экинчи тараптан төмөнкүлөр жөнүндө ушул
Келишимди түздү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү _________________________________________________________
(ЧУА же башка каалаган документ)
негизинде иштеп, ____________________________________________________________
(ЖӨБ акты же башка документ)
"_______" сериясындагы № _______________________ мамлекеттик актынын негизинде
______________________________________________________________ дареги боюнча
(жер тилкеси жайгашкан жер)
жайгашкан, идентификациялык номери: _________________________, ушул Келишимге
тиркелген _ жер тилкесинин планында көрсөтүлгөн чек аралардагы жалпы аянты ___ га
жер тилкесин убактылуу акы төлөнүүчү пайдаланууга (ижарага) берет, ал эми
Ижарага алуучу аны алат.
1.2. Ижарага алуучу жер тилкесин _________________________________ МВт кошулган
кубаттуулукта (ал долбоордук документтерди макулдашууда такталышы мүмкүн)
___________________________________________________________________________
(ЭКБ объекти)
куруу жана аны андан ары эксплуатациялоо максатында пайдаланат.
1.3. Ижарага берүүчү ушул Келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин
Ижарага алуучуга төмөнкүлөр үчүн берет:
1.3.1. 12 айлык мөөнөт менен ЭКБны ишке ашырууга документтерди даярдоо;
1.3.2. 24 айлык мөөнөт менен ЭКБ объекттерин ушул Келишимге тиркелген планда
(картада) көрсөтүлгөн чектерде ______________________________________ масштабда
куруу - ишке ашыруу;
1.4. Ижарага алуучу ушул Келишимдин 1.3-пунктунун 1.3.1. жана 1.3.2-пунктчаларына
ылайык милдеттерин аткарганда, жер тилкесин ижаралоонун жалпы мөөнөтү ушул
Келишимге кол коюлган датадан тартып ___________________________ жылды түзөт.
2. Ижара акысы
2.1. Ушул Келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн Ижарага алуучу Ижарага берүүчүгө салыктарды эсепке албастан ______ сом өлчөмүндө жыл сайын ижара акысын төлөп берүүгө милдеттенет.
2.2. Биринчи жыл үчүн ушул Келишимге кол коюлган учурдан тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирбестен Ижарага алуучу ушул Келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн сумманын толук өлчөмүндө ижара акысын төлөйт.
2.3. Ушул Келишим түзүлгөн датадан тартып экинчи жана кийинки жылдары Ижарага алуучу ижара акысын бирдей төлөмдөр менен квартал сайын тиешелүү квартал башталган датадан тартып 10 (он) банктык күндөн кечиктирбестен Ижарага берүүчүнүн банктык эсебине акчалай сумманы которуу жолу менен төлөйт.
2.4. Ижара акысын төлөө боюнча милдеттенмелер бузулганда Ижарага алуучу төлөмдүн мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күнү үчүн мөөнөтүндө которулбаган сумманын 0,5 пайыз өлчөмүндө айыпка тартылат.
2.5. Ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, бирок жылына бир жолудан ашык эмес өзгөртүлөт.
2.6. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Ижарага алуучу Келишимге кол коюлган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде тиешелүү бюджетке Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык эсептелген токой чарба, айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун суммасын, токой чарба жана айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) алынбай калган пайданы төлөөгө милдеттүү.
3. Ижарага алуучунун укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- ижарага алынган жер тилкесинде өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
- өз каражаттарынын эсебинен жашылдандыруу жана ландшафтты жакшыртууга багытталган башка иш-чараларды жүргүзүүгө;
- ЭКБ колдонуу менен электр энергиясын келишимдик негизде жеткирүүгө;
- ЭКБ колдонуу менен өз муктаждыктары үчүн электр энергиясын өндүрүүгө.
3.2. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ижарага алынган жер тилкесин максаттуу багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга;
- өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында ижарага алынган жер тилкесинде жана жанаша аймактарда экологиялык абалдын начарлашына жол бербөөгө;
- ижарага алынган жер тилкесинде жерлерди сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, өндүрүштүн жаратылышты коргоо технологиялары, топуракты эрозиядан, шор басуудан, суу каптоодон, саздануудан, булгануудан жана башкалардан коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууга;
- башка жер пайдалануучулардын жана жаратылышты пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого;
- Ижарага берүүчүгө, чектеш жер пайдалануучуларга өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында жерлердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу келтирилген зыяндарды, анын ичинде алынбай калган пайданы толук көлөмдө ордун толтурууга;
- Ижарага берүүчүгө, жерлерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо органдарына участокко эркин кирүүсүн камсыз кылууга;
- жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн ижара акысын жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө;
- Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жер тилкесин Ижарага берүүчүгө Келишим күчүнө кирген учурдагыдан начар болбогон абалда кайтарып берүүгө;
- жер тилкесин субижарага берүүгө жол бербөөгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ижарага алуучунун жерлерди пайдалануусуна жана коргоосуна контроль жүргүзүүгө;
- мелиорацияланган, рекультивацияланган, жакшыртылган жерлерди, коргоочу токой тилкелерин, жер тилкесинде орнотулган эрозияга каршы жана башка объекттерди пайдаланууга кабыл алууга катышууга;
- Ижарага алуучунун чарбалык ишинин натыйжасында жерлердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлашынан келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
- колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда Ижарага алуучу менен макулдашуу боюнча Келишимге зарыл өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүүгө;
- Ижарага алуучунун жер, жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана ушул Келишимдин шарттарын бузуу менен жүргүзүп жаткан иштерин токтото турууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ижарага алуучуга Келишим катталган учурдан тартып 3 күндүн ичинде жер тилкесин анын багытына жана Келишимдин шарттарына ылайык келген абалда өткөрүп берүүгө;
- Ижарага алуучунун өз алдынча чарба жүргүзүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана жер тилкесин натыйжалуу пайдалануусуна тоскоолдук кылбоого;
- Ижарага алуучунун келишимдик милдеттенмелерди аткаруусуна, ошондой эле жер тилкесинин абалына контроль жүргүзүүгө;
- эгерде Келишимдин шарттарына каршы келбесе, Ижарага алуучунун чарбалык ишине кийлигишпөөгө;
- Ижарага алуучу ижара мөөнөтү аяктаганга чейин каза болгон учурда, анын мураскорлорунун бири менен алардын арызы боюнча ижара келишимин кайра түзүүгө.
5. Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле аны бузуу тартиби
5.1. Ушул Келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин эки тараптын тең жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча же сот тартибинде гана өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.
5.2. Ушул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптар тарабынан кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен жазуу жүзүндө жүргүзүлөт. Кошумча макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
5.3. Жер тилкесин ижаралоо келишими төмөнкү бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берилгенден кийин 30 күндүк мөөнөттө Ижарага алуучу тарабынан четтетилбеген учурда бузулушу мүмкүн:
а) ижара келишиминин шарттарын олуттуу бузуу менен жер тилкесин пайдалануу;
б) жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланбоо;
в) жер тилкесин топурактын күрдүү катмарынын бузулушуна, экологиялык абалдын начарлашына алып келген ыкмалар менен пайдалануу;
г) Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө ижара акысын төлөбөө;
д) топурактын күрдүүлүгүнүн олуттуу начарлашы;
е) Ижарага алуучунун Келишимдин шарттарын аткарбоосу;
ж) конкурстун шарттарына ылайык жер тилкесин жакшыртуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоо;
з) тараптар ижара акысынын өлчөмүн индексациялоо жөнүндө макулдашууга жетишпеген учурда;
и) ЭКБ субъекттеринде жер тилкесин алгандан кийин 12 айдын ичинде алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме жана ырасталган каржылоо булагы жок болгон учурда;
й) ЭКБ субъекттери жер тилкесин алган учурдан тартып 24 айдын ичинде курулуш иштерин жүргүзбөгөн учурда;
к) объектти белгиленген архитектуралык, шаар куруу, техникалык, экологиялык, санитардык жана башка атайын ченемдерди жана талаптарды бузуу менен орнотуу жана пайдалануу;
л) жер тилкесин субижарага берүү же жер тилкесин үчүнчү жактардын укуктары менен чектөөгө түздөн-түз же кыйыр багытталган бүтүмдү түзүү.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
6. Ар бир тарап ушул Келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
7.1. Ушул Келишим боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө умтулат.
7.2. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарага алуучуда калат, үчүнчүсү кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү органына берилет.
8. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери:
Ижарага берүүчү |
| Ижарага алуучу |
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду" мамлекеттик мекемеси Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 56 ИСН: 02001202310049 ИУРК: 31706923 Биринчи Май районунун МСКБ Банк: КР ФМ караштуу Борбордук казыналык БИК: 440001 А/э. 4402011000103393 |
| ____________________________________ ____________________________________ ____________________________________ ____________________________________ ____________________________________ ____________________________________ ____________________________________ ____________________________________ ____________________________________ ____________________________________ |
Кол тамгалары: |
|
|
Ижарага берүүчү |
| Ижарага алуучу |
____________________________________ (кол тамгасы) |
| ____________________________________ (кол тамгасы) |
М.О. |
| М.О. |
Келишим катталган
____________________________________________________________________
20___-жылдын "____" __________________
Каттоо номери
____________________________________________________________________
М.О.".