КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-сентябры № 3382-VII
"Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу жол-жобосуна кайтаруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, Э.К.Кокулов, М.К.Алиев, Н.О.Сыдыгалиев, В.К.Раимбачаева, А.Н.Абдибаева, А.Т.Маткеримов, Б.Э.Тентишев, Б.З.Түлөбаев, А.Исатбек кызы, Л.Х.Лурова, Ш.Мажитова, Т.Т.Мамытов, М.Ж.Сыдыков, Ы.Ы.Атажанов, Р.Ш.Жакышов, А.А.Козуев, А.Алтынбеков, Э.Т.Токтошев, М.О.Темирбаева, Т.И.Икрамов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуу жол-жобосуна кайтарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 3126-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрагасынын орун басары |
| Ж.Э. Садырбаева |