Редакцияот 18.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 18-сентябры № 3432-VII

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 1641-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 1641-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат.".

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрагасынын орун басары

 

Н.А. Азыгалиев