Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-февралы № 211-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Омурзаков Суйунбек Абдылдаевичти Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 9-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич - "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобунан, Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагалыгына.".
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
а) 2-пунктчанын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - № 23 көп мандаттуу шайлоо округунан, депутаттык топторго кирген эмес;";
б) 2-пунктчанын он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-пунктчанын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 6-пунктчанын онунчу абзацында "Ата-Журт" депутаттык тобунан;" деген сөздөр "№ 7 көп мандаттуу шайлоо округунан, депутаттык топторго кирген эмес;" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |