Редакцияот 08.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 

 

XXIX-чакырылыштын 9 кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын 8-сентябры № 9/55

 

Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотунун 2024-жылдын 14-февралындагы №52 Мыйзамынын 38-беренесине ылайык,Гавриловка айылынын аксакалдар сотунун төрагасы А.С.Аалиевдин сунушун пикирин угуп талкуулап:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2025-жылдын 4 кварталынын жыйынтыгы менен Гавриловка айылынын Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө төмөнкүдөй төломдөр берилсин: Аксакалдар сотунун төрагасына 10 сом, Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө 20 сом  материалдык жардам көрсөтүлсүн.

2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетине, Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотунун 2024-жылдын 14-февралындагы №52 Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, Аксакалдар сотунун төрагасына 40,0 миң сом, мүчөлөрү үчүн 20,0 мин сом “Сый акы”  бекитилсин.

3. Гавриловка айыл өкмөтүнүн Социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Н.К.Каяева мыйзамда белгиленген тартипте эсептөө жүргүзсүн.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл Бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ы.Б. Нааматов