КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 2-апрели № 36
2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 5-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |