Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-марты № 200-т
Эл аралык өнүктүрүү фонддорунун башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 241-т "Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 248-т "Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 317-т "Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |