Редакцияот 25.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 25-марты № 193

 

Кыргыз Республикасында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө

 

«Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 27-мартындагы № 23 (3783) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев