Редакцияот 20.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын

 

2025-жылдын 20-октябры  №151

“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы чон селкананы  тосмолоо боюнча каражат карап берүү жөнүндө”

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы чон селкананы  тосмолоо боюнча даярдалган долбоорго ылайык каражат карап берүү зарылдыгы жөнүндөгү Ак-Терек айылынын депутаттарынын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын  кезексиз XVI сессиясы

  ТОКТОМ КЫЛАТ:   

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы чон селкананы тосмолоо боюнча даярдалган долбоор боюнча 4 676 884 (төрт миллион алты жүз жетимиш алты мин сегиз жүз сексен төрт) сом каражат “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги  чектелген коомунун 2025-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен каралып  берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын финансы- экономикалык жана  социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага  милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн..

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Абибакир у.Ж.