Редакцияот 20.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын

 

2025-жылдын 20-октябры  №152

“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы аймактык ооруукананын Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу корпусун капиталдык  ремонттон өткөрүү боюнча каражат карап берүү жөнүндө ”

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы аймактык ооруукананын Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу корпусун капиталдык ремонттон

өткөрүү боюнча даярдалган долбоорго ылайык каражат карап берүү зарылдыгы жөнүндөгү  Ак-Терек айылынын депутаттарынын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

 

  ТОКТОМ КЫЛАТ:   

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы аймактык ооруукананын  Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча  даярдалган долбоор боюнча 2 693 034 ( эки миллион алты жүз токсон үч мин отуз  төрт) сом каражат “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун  2025-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен каралып берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын финансы- экономикалык жана  социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага  милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык  өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Абибакир у.Ж.