Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 19-марты № 182-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөчө кырдаалдарды каржылоо (Атайын операциялар) (Кырсыктарда жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)" компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууга, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Табигый кырсыктар болгон учурларга карата облигацияларды чыгаруу (Атайын операциялар) (Кырсыктарда жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)" компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Өлкөнүн кызматташуусу жөнүндө катка (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен Азия өнүктүрүү банкына табигый кырсыктардын тобокелдиктеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү боюнча транзакциялардын сериясынын түзүмү жана ишке ашыруу) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашууларды жана Катты ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 182-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөчө кырдаалдарды каржылоо (Атайын операциялар) (Кырсыктарда жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)" компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууга, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Табигый кырсыктар болгон учурларга карата облигацияларды чыгаруу (Атайын операциялар) (Кырсыктарда жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)" компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Өлкөнүн кызматташуусу жөнүндө катка (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен Азия өнүктүрүү банкына табигый кырсыктардын тобокелдиктеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү боюнча транзакциялардын сериясынын түзүмү жана ишке ашыруу) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөчө кырдаалдарды каржылоо (Атайын операциялар) (Кырсыктарда жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)" компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашуу, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Табигый кырсыктар болгон учурларга карата облигацияларды чыгаруу (Атайын операциялар) (Кырсыктарда жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)" компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Өлкөнүн кызматташуусу жөнүндө кат (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен Азия өнүктүрүү банкына табигый кырсыктардын тобокелдиктеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү боюнча транзакциялардын сериясынын түзүмү жана ишке ашыруу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Мурда жогоруда аталган макулдашуулар жана Кат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 6-9763/25, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 6-9785/25 чечимдери жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1160-т тескемеси менен жактырылган.
Жогоруда аталган макулдашуулардын жана Каттын алкагында Кыргыз Республикасына 28200000 (жыйырма сегиз миллион эки жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө гранттык негизде финансылык жардам көрсөтүлөт. Акча каражаттары өзгөчө кырдаалдар учурунда республикалык бюджетти колдоо үчүн арналган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык жогоруда аталган макулдашуулар жана Кат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Жогоруда аталган макулдашууларды жана Катты ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.