Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 7-апрелиндеги № 3-д
Ченем жаратуу демилгелеринин реестри жана ченем жаратуу ишине баа берүү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2025-жылдын 3-марты № 110 токтомунун 3-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ченем жаратуу демилгелердин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик органдардын ченем жаратуучу ишине баа берүүнүн тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик органдын ченем жаратуучу баалоо формасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Ченем жаратуучу Реестрине киргизилген маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы, ошондой эле мамлекеттик органдардын ченем жаратуучу ишмердигине жыйынтыктоочу баа берүүнү жүргүзүү процессинде алынган маалыматтардын ачыктыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдуулук институтуна жүктөлсүн.
3. Экономикалык мыйзамдар башкармалыгы:
1) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырсын;
2) ушул буйрукту ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун ченем жаратуу демилгелеринин реестрин жүргүзүүдө методикалык жардам катары пайдалануу үчүн министрликтерге жана ведомстволорго жөнөтсүн.
4. Укуктук маалымат башкармалыгы ушул буйрукту Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына жайгаштырсын.
5. Регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын, аймактык башкармалыктарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнө жеткирсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо юстиция министринин биринчи орун басары С.Т. Ызаковага жүктөлсүн.
7. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр |
| А.Б. Баетов |