КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 26-марты № 31
2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |