Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-январы № 20
Бишкек шаарында көпүрө курулмаларын долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди ыкчам жүзөгө ашыруу жана үзгүлтүксүз транспорт байланышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштардын заказчысын жана берүүчүсүн (подрядчысын) аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте кабыл алсын:
1) Чыңгыз Айтматов проспекти менен Максим Горький көчөсүнүн кесилишине канал аркылуу жол өткөөлүн жайгаштыруу жана Медеров көчөсүн андан ары узартуу менен транспорт түйүнүн;
2) Чокан Валиханов көчөсү боюнча ЖЭБ каналы аркылуу көпүрөнү;
3) Махатма Ганди көчөсү боюнча Чоң Чүй каналы аркылуу көпүрөнү.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |