Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 30-марты № 34
2025-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (Пандемиялардын алдын алуу, даярдык жана ага каршы чара көрүү трасттык фондунун администратору катары чыгуучу) ортосундагы "Борбордук Азияда пандемиялардын алдын алуу, азык-түлүк тутумдарынын туруктуулугун жана экотутумдардын тазалыгын камсыз кылуу үчүн "Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (Пандемиялардын алдын алуу, даярдык жана ага каршы чара көрүү трасттык фондунун администратору катары чыгуучу) ортосундагы "Борбордук Азияда пандемиялардын алдын алуу, азык-түлүк тутумдарынын туруктуулугун жана экотутумдардын тазалыгын камсыз кылуу үчүн "Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу жана гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 25 (3785) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 5-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |