Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 3-д буйругу менен бекитилди) |
Мамлекеттик органдардын ченем жаратуу ишин баалоонун тартиби жөнүндө Жобо
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик органдардын ченем жаратуу чөйрөсүндөгү ишин баалоонун максаттарын, милдеттерин жана тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик органдардын ченем жаратуу ишин баалоо (мындан ары - баалоо) - иштелип чыгуучу, кабыл алынуучу жана ишке ашырылып жаткан ченемдик укуктук актылардын сапатын, натыйжалуулугун жана негиздүүлүгүн талдоо жана текшерүүнүн системалуу процесси.
3. Баалоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү Институту (мындан ары - жумушчу орган) тарабынан санариптик формада жүргүзүлөт жана ченем жаратуу демилгелеринин реестринин элементи болуп саналат (мындан ары - Реестр).
4. Баалоо үчүн маалымат булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- реестрден алынган маалыматтар;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 139 токтому менен бекитилген ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугунун мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн тартиби менен жүргүзүлгөн, мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө маалымат;
– Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын маалыматы;
– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 2215-VII токтому менен бекитилген Укуктардын аткарылышына укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугун) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлгөн укуктук мониторингдин натыйжалары жөнүндө отчеттор.
5. Баалоонун максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын мыйзамдуулугун камсыз кылуу жана сапатын жогорулатуу болуп саналат.
6. Баалоонун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ченемдик укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин баалоо;
- ченемдик укуктук актылардын жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине тийгизген таасирин, анын ичинде бул укуктарды мүмкүн болуучу чектөөлөрдү же кеңейтүүнү талдоо;
– ченем жаратуу процессинин бардык этаптарында, анын ичинде ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда, кабыл алууда, ишке ашырууда жана колдонууда ченем жаратуу ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышын талдоо;
-жөнгө салуу ишин өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын потенциалын жана компетенциясын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
II. Баалоо критерийлери
7. Баалоо критерийлери 2 түргө бөлүнөт:
жалпы критерийлер - негизги көрсөткүчтөр, алардын негизинде ченемдик иштин сапаты жана натыйжалуулугу бааланат;
кошумча критерийлер – билгилүү бир ченемдик актынын же анын максатынын өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн болгон ченем жаратуу ишинин конкреттүү аспектилерин баалоо үчүн колдонулат.
8. Жалпы критерийлерге төмөнкүлөр кирет:
1) мыйзамдардын сакталышы: ченемдик укуктук актылардын долбоорун Конституцияга, мыйзамдарга ылайык келишин, жаңы жана колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылыктардын жоктугун текшерүү;
2) ченемдик укуктук актынын ченемдик техникасына ылайык келүүсү, чечмелөөнүн бир маанилүүлүгү жана жеткиликтүүлүгү, ченемдердин укуктук техниканын эрежелерине шайкештиги, кош маанилүү же ашыкча ченемдер, мөөнөттөрдүн жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу этаптарынын ырааттуулугу;
3) жөнгө салуунун негиздемеси жана зарылчылыгы: кабыл алуунун зарылчылыгынын так негиздемесинин болушу, ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун социалдык-экономикалык натыйжаларына баа берүү, жөнгө салуунун максаттарын мүмкүн болгон альтернативалар менен салыштыруу;
4) натыйжалуулугу: актынын ишке ашырылган жоболорунун саны, актыны колдонуу менен байланышкан социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү өзгөрүүлөрдү баалоо (колдонуудагы мыйзамдарга түзөтүүлөргө карата колдонулат);
5) социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугу: ченемдик укуктук актылардын ар кандай социалдык топторго тийгизген таасири, алардын социалдык адилеттүүлүк принциптерине шайкештиги, экономикалык максатка ылайыктуулугу жана жөнгө салуунун натыйжалуулугу;
6) коррупцияга каршы туруктуулук: ченемдик укуктук актылардын коррупцияга каршы экспертизасынын болушу, коррупция үчүн шарттарды түзгөн ченемдик укуктук актылардын жоктугу, кабыл алуу жана аны колдонуу жол-жоболорунун ачыктыгы;
7) эл аралык милдеттенмелерди сактоо: Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди сактоо, ченемдик укуктук актылардын эл аралык стандарттарга жана практикага ылайык келүүсү;
8) ченемдик укуктук актыларды даярдоого коомчулуктун катышуусунун жана талкуусунун деңгээли, кызыкдар тараптардын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен ченемдик процесс боюнча маалыматтын ачыктыгы, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында коомдук талкууларды өткөрүү эрежелеринин сакталышы.
9. Кошумча критерийлер эл аралык (финансылык) институттар тарабынан каржылануучу мамлекеттик органдарга жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен долбоорлордо (программаларда) иштелип чыккан ченемдик укуктук актыларды камтыйт.
10. Баллдар менен аныкталган баалоо критерийлери № 3 тиркемеге ылайык мамлекеттик орган тарабынан толтурулат.
III. Мамлекеттик органдын ишин баалоо
11. Баалоодо Институт ушул Жобонун 4-пунктунда каралган маалымат булактарын жетекчиликке алат.
12. Баалоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий порталында жайгаштырылат.