Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 3-д буйругу менен бекитилди) |
Мамлекеттик органдын ченем жарактуу ишин баалонун формасы
_____________________________________
(Баа берүүчү МО)
№ | Балоонун жалпы критерийлери | Көрсөткүчтөр | Мамлекеттик органды баалоо үчүн максималдуу балл
| Жумушчу органдын баллдары-нын салмак-тык мааниси | ЮМ комментарийи Ооба/жок системасы боюнча Ооба - 1 балл Жок - 0 балл |
| Жалпы критерийлер | ||||
1. | Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына шайкеш келүүсү. | 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына шайкештиги жөнүндө укуктук корутундунун болушу.
2. Колдонуудагы мыйзамдар жана мыйзам алдындагы актылар менен карама-каршылыктардын жоктугу.
3. Ченемдик укуктук актыны же анын бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине каршы келет деп таануу жөнүндө Конституциялык соттун чечимдеринин жоктугу. | 1 балл
1 балл
1 балл |
| 1. ЧУАнын долбоорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына шайкештигин ырастоочу расмий укуктук корутундунун бар экендигин текшерүү: - ООБА (1 балл) - эгерде ченемдик укуктук актынын (ЧУА) долбоору анын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына шайкештигин ырастоочу расмий укуктук корутунду алса. - ЖОК (0 балл) - эгерде Конституцияга жана мыйзамдарга шайкештиги жөнүндө укуктук корутунду жок болсо же анын шайкештиги ырасталбаса.
2. Колдонуудагы мыйзамдар жана мыйзам алдындагы актылар менен карама-каршылыктардын жоктугуна карата ЧУАнын долбоорун талдоо: - ООБА (1 балл) - эгерде колдонуудагы мыйзамдарга жана мыйзам алдындагы актыларга талдоо жүргүзүлсө жана ЧУА долбоорунда алар менен карама-каршылыктар жок экендиги аныкталса. - ЖОК (0 балл) - эгерде ЧУАнын долбоорунда колдонуудагы ченемдик актылар менен укуктук келишпестиктер же карама-каршылыктар аныкталган болсо. 3. ЧУАнын долбоорун же анын бир бөлүгүн Конституцияга карама-каршы келет деп тааныган Конституциялык соттун чечимдеринин бар же жок экендигин текшерүү.: - ООБА (1 балл) - эгерде ушул ЧУАга же анын бөлүктөрүнө карата аларды конституциялык эмес деп табуу жөнүндө Конституциялык соттун чечими болбосо. - ЖОК (0 балл) - эгерде ЧУАны же анын бир бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген Конституциялык соттун чечими болсо. |
| Бардыгы: |
| 3 балл |
|
|
2. | Ченем жаратуу техникасына жана ченемдик укуктук актынын тилине, мөөнөттөрүнө ылайык келиши | 1. ЧУАны тариздөөдө ченем жаратуу техникасын сактоо
2. Юридикалык тил менен терминологиянын шайкештиги
3. Актынын иштеп чыгуу жана макулдашуу мөөнөттөрүн сактоо | 1 балл
1 балл
1 балл |
| 1. ЧУАнын долбоору ченем жаратуу техникасынын талаптарына ылайык таризделген: түзүмдүн тактыгы, баяндоонун логикалык ырааттуулугу, бөлүмдөрдүн туура аталыштары, ченемдик булактарга жана актыларга шилтемелердин болушу: - ООБА (1 балл) – эгерде документтин түзүмү жана таризделиши ченем жаратуу стандарттарына ылайык келсе; - ЖОК (0 балл) – эгерде ченем жаратуу техникасын колдонууда эреже бузуулар болсо (туура эмес түзүлүшү, шилтемелердин жоктугу, жоболордун кайталанышы ж.б.).
2. ЧУА долбоорунун тексти юридикалык терминологияны колдонуу менен жазылат: адабий тил колдонулат, түшүнүксүз сөздөр жок, жаңы же конкреттүү терминдер үчүн так (туура) терминдер жана алардын аныктамалары бар: - ООБА (1 балл) - эгерде документте юридикалык терминология жана тил талаптары аткарылса; - ЖОК (0 балл) – эгерде текстте туура эмес, түшүнүксүз же так эмес чечмелөөлө табылса, эскирген жана көп маанилүү сөздөр жана сөз айкаштары, метафоралар, кыскартылган сөздөр колдонулат.
3. ЧУАнын долбоору иштелип чыкты, макулдашылды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентине ылайык белгиленген мөөнөттө киргизилди: - ООБА (1 балл) - эгерде документти иштеп чыгуунун жана макулдашуунун бардык этаптары белгиленген мөөнөттөргө ылайык аткарылса; - ЖОК (0 балл) - эгерде иштеп чыгуу, макулдашуу же кароого киргизүү этаптарынын кайсы болбосун мөөнөттөрү бузулса. |
| Бардыгы: |
| 3 балл |
|
|
3. | Жөнгө салуунун негиздүүлүгү жана зарылдыгы | 1. Ченемдик актыны кабыл алуу зарылчылыгынын так негиздемесинин болушу.
2. ЧУАны кабыл алуунун социалдык-экономикалык кесепеттерин баалоо. Чыгымдарды жана пайдаларды талдоо.
3. Мүмкүн болгон альтернативалар менен жөнгө салуу максаттарын салыштыруу. | 1 балл
1 балл
1 балл |
| 1. Жөнгө салууну талап кылган көйгөйдүн болушу. ЧУАнын долбоорунда жаңы актыны кабыл алуу же иштеп жаткан актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу чечүүнү талап кылган укуктук проблеманы чечүү так баяндалган: - ООБА (1 балл) - эгерде көйгөй баяндалса жана жөнгө салуу зарылдыгын документтештирсе. - ЖОК (0 балл) - эгерде көйгөй көрсөтүлбөсө же жетиштүү негизделбесе.
2. Статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды колдонуу. ЧУАнын долбоорунда жөнгө салуунун зарылдыгын негиздөө үчүн көйгөйдүн масштабын жана анын коомго же экономикага тийгизген таасирин көрсөткөн актуалдуу статистикалык маалыматтар же аналитикалык изилдөөлөрдүн натыйжалары пайдаланылды: - ООБА (1 балл) - эгерде релеванттык маалыматтар жана изилдөөлөр жөнгө салуу зарылдыгын негиздөө үчүн пайдаланылса. - ЖОК (0 балл) - эгерде маалыматтар жок болсо же зарылчылыкты негиздөө үчүн жетишсиз болсо.
3. Көйгөйдү чечүүнүн альтернативдүү жолдору. Жаңы ЧУАны кабыл албастан же колдонуудагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизбестен көйгөйдү чечүүнүн альтернативдүү жолдору каралды жана сунушталды (мисалы, укук колдонууну жакшыртуу, башкаруу жол-жоболорун өзгөртүү ж. б. аркылуу): - ООБА (1 балл) - эгерде альтернатива каралып, сунушталса. - ЖОК (0 балл) - эгерде альтернатива каралбаса же жок болсо. |
| Бардыгы: |
| 3 балл |
|
|
4. | Натыйжалуулук жана жыйынтык (колдонуудагы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр үчүн колдонулат) | 1. Өзгөртүүнүн зарылдыгын негиздөө
2. Укук колдонууга болжолдонгон таасир этүү
3. Өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин жетишилген натыйжаларды баалоо | 1 балл
1 балл
1 балл |
| 1. ЧУАнын долбоорунда колдонуудагы мыйзамдардын конкреттүү көйгөйлөрү же кемчиликтери көрсөтүлгөн, алар киргизилген түзөтүүлөр менен четтетилет: - ООБА (1 балл) - эгерде долбоордо чечилип жаткан көйгөйлөр жана өзгөртүүлөрдүн зарылдыгын негиздөө так көрсөтүлсө. - ЖОК (0 балл) - эгерде чечиле турган көйгөйлөрдүн так негиздемеси же сүрөттөлүшү болбосо.
2. ЧУАнын долбоорунда укук колдонууга жана практикага оңдоолордун күтүлгөн таасирине баа берүү, анын ичинде натыйжалуулукту жакшыртуу жана укук колдонуудагы келишпестикти азайтуу камтылган: - ООБА (1 балл) - эгерде укук колдонууга таасир этүүнү талдоо берилсе жана жакшыртуу күтүлсө. - ЖОК (0 балл) - эгерде талдоо жок болсо же таасир этүүнүн так божомолу жок болсо.
3. Максаттардын жетишкендиктерин талдоону жана аныкталган проблемаларды четтетүүнү кошкондо, киргизилген түзөтүүлөр күчүнө киргенден кийин аларды колдонуунун натыйжаларына мониторинг жана баалоо жүргүзүлөт: - ООБА (1 балл) - эгерде өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин аларды колдонуунун натыйжаларына дайыма текшерүү жана талдоо жүргүзүлсө. - ЖОК (0 балл) - эгерде мониторинг жана баалоо жүргүзүлбөсө. |
| Бардыгы: |
| 3 балл |
|
|
5. | Социалдык жана экономикалык негиздүүлүк | 1. Социалдык топторго тийгизген таасирин талдоо
2. Узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык таасир этүүнү талдоо | 1 балл
1 балл |
| 1. ЧУАнын долбоору анын ар кандай социалдык топторго (мисалы, аз камсыз болгондор, пенсионерлер, жаштар)тийгизген таасирин баалоону камтыйт: - ООБА (1 балл) – эгерде социалдык топторго таасир этүүнүн деталдаштырылган анализи жүргүзүлсө. - ЖОК (0 балл) – эгерде мындай талдоо жок болсо же ал толук эмес болсо.
2. ЧУАнын долбоору экономикалык өнүгүүгө жана социалдык бакубат жашоонун узак мөөнөттүү таасирлерин, анын ичинде бир нече жылга болжолдоолорду талдоону карайт: - ООБА (1 балл) – эгерде узак мөөнөттүү таасир этүүнүталдоонун божомолдору камтылса. - ЖОК (0 балл) – эгерде мындай анализ жок болсо. |
| Бардыгы: |
| 2 балл |
|
|
6.
| Коррупцияга каршы туруктуулук | 1. ЧУАныын долбоорунда коррупциогендик факторлордун жоктугу
2. ЧУАда каралган ченемдердин жана жол-жоболордун ачык-айкындыгы
3. Контролдоо жана жоопкерчилик механизмдери
| 1 балл
1 балл
1 балл |
| 1. ЧУАнын долбоору аныкталбаган ыйгарым укуктарды, ашыкча талаптар же мыйзамдарды бузууга же андан четтөөгө жол берген боштуктар сыяктуу коррупциогендик ченемдерди камтыбайт: - ООБА (1 балл) - эгерде коррупцияга каршы экспертизада коррупциогендик факторлор аныкталбаса. – ЖОК (0 балл) - эгерде коррупциогендик факторлор табылса.
2. ЧУА тарабынан белгиленген ченемдер жана жол-жоболор так жазылган, эки жактуу чечмелөөгө жол бербейт жана өзү билүү менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат: - ООБА (1 балл) – эгерде бардык жол-жоболор ачык-айкын болсо жана өзү билүүнү жокко чыгаруунц деталдуу баяндаса. - ЖОК (0 балл) – эгерде эки башка мааниде же жетиштүү так жазылбаган жол-жоболор болсо.
3. ЧУАда анын аткарылышын контролдоонун конкреттүү механизмдери каралган эл аралык стандарттарга жана эл аралык уюмдар (мисалы, БУУ, ДСУ, ДСУ ж.б.) тарабынан белгиленген милдеттенмелерге ылайык келүүсүнө талдоо жүргүзүү: - ООБА (1 балл) - эгерде эл аралык стандарттарга шайкештиги тастыкталса жана эске алынса. - ЖОК (0 балл) - эгерде долбоор эл аралык стандарттарга жооп бербесе же талдоо жүргүзүлбөсө. |
| Бардыгы: |
| 3 балл |
|
|
7.
| Эл аралык милдеттенмелерге шайкештик | 1. Эл аралык келишимдерди жана конвенцияларды эсепке алуу
2. Эл аралык стандарттарга жана талаптарга шайкештигин талдоо
3. Эл аралык ченемдерди улуттук мыйзамдарга имплементациялоо | 1 балл
1 балл
1 балл
|
| 1. ЧУАнын долбоору мамлекет тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдердин, конвенциялардын жана макулдашуулардын ченемдерин эске алат: - ООБА (1 балл) - эгерде ЧУАнын долбоору ратификацияланган эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерге ылайык келсе. - ЖОК (0 балл) - эгерде долбоор ратификацияланган эл аралык документтердин ченемдерине каршы келсе.
2. ЧУАнын долбоорунда эл аралык уюмдар (мисалы, БУУ, ДСУ, ДСУ ж.б.) тарабынан белгиленген эл аралык стандарттарга жана милдеттенмелерге шайкештигине талдоо жүргүзүлгөн: - ООБА (1 балл) - эгерде эл аралык стандарттарга шайкештиги тастыкталса жана эске алынса. - ЖОК (0 балл) - эгерде долбоор эл аралык стандарттарга жооп бербесе же талдоо жүргүзүлбөсө.
3. ЧУАнын долбоору эл аралык милдеттенмелерди улуттук мыйзамдарга имплементациялоо үчүн механизмдерди жана жол-жоболорду камтыйт, бул алардын натыйжалуу аткарылышына өбөлгө түзөт: - ООБА (1 балл) - эгерде долбоор эл аралык ченемдерди имплементациялоонун так механизмдерин камтыса. - ЖОК (0 балл) - эгерде мындай механизмдер жок болсо же долбоордо жазылбаса. |
| Бардыгы: |
| 3 балл |
|
|
8. | Ченем жаратуу процессинин ачыктыгы жана айкындуулугу | 1. Коомдук талкуулоо үчүн ЧУАнын долбоорун жарыялоо (Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы)
2. Коомдук угууларды жана консультацияларды өткөрүү
3. ЧУАнын долбоору боюнча отчеттордун жана корутундулардын жеткиликтүүлүгү | 1 балл
1 балл
1 балл |
| 1. ЧУАнын долбоору кызыкдар тараптар, анын ичинде жарандар жана уюмдар менен таанышуу жана талкуулоо үчүн расмий ресурстарда жарыяланган: - ООБА (1 балл) - эгерде долбоор коомдук талкуу үчүн расмий аянтчаларда ачык жарыяланган болсо. - ЖОК (0 балл) - эгерде жарыялоо жок болсо же жетүү чектелген болсо.
2. Бизнес, же эксперттик коомчулук кызыкдар тараптар, анын ичинде коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен коомдук угуулар же консультациялар болдубу? - ООБА (1 балл) - эгерде консультациялар же угуулар өткөрүлүп, натыйжалары документтештирилсе. - ЖОК (0 балл) - эгерде коомдук угуулар жана консультациялар өткөрүлбөсө. ЧУА долбоору боюнча отчеттордун жана корутундулардын жеткиликтүүлүгү
3. Коомдук талкуулоонун, экспертизалардын жыйынтыктары жөнүндө отчеттор, ошондой эле ченем жаратуу процессинин жыйынтыктары боюнча корутундулар жарыяланган жана коомчулук үчүн жеткиликтүү: - ООБА (1 балл) - эгерде жыйынтыктоочу документтер жана отчеттор жарыяланып, таанышуу үчүн ачык болсо. - ЖООК (0 балл) - эгерде талкуулардын жана экспертизалардын жыйынтыктары боюнча маалымат ачык жеткиликтүүлүк болбосо. |
| Бардыгы: |
| 3 балл |
|
|
| Жалпы жыйынтык: |
| 24 балл |
|
|
| Кошумча критерийлер | ||||
1. | Укук колдонуу практикасында маалыматтарды талдоо | 1. Ченемдик укуктук актыларга укуктук мониторинг жүргүзүү | 1 балл
|
| 2024-жылдын 19-июнундагы № 2215-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык: ООБА (1 балл) - талдоо жүргүзүлсө
ЖОК (0 балл)- талдоо жүргүзүлбөсө. |
| Бардыгы: |
| 1 балл |
|
|
2. | Донор өлкөлөрдүн эл аралык (финансылык) институттары каржылаган мамлекеттик бийлик органдарына жардам көрсөтүү үчүн биргелешкен долбоорлордо, программаларда иштелип чыккан ЧУА | 1. Донор өлкөлөрдүн эл аралык (финансылык) институттары тарабынан ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгууну каржылоо жөнүндө түшүндүрмө катты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу
2. Донор өлкөлөрдүн эл аралык (финансылык) институттары тарабынан ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн каржылоону пайдалануунун натыйжалуулугу | 1 балл
1балл |
| ООБА (1 балл) - макулдашылган
ЖОК (0 балл) - макулдашылган эмес
ООБА (1 балл) - ченемдик укуктук акт кабыл алынды
ЖОК (0 балл)- ченемдик укуктук акт кабыл алынган жок |
| Бардыгы: |
| 2 балл |
|
|
| Баалоо жүргүзгөн адамдын Аты-жөнү: |
|
|
|
|
| Байланыш: мобилдик: жумушчу: e-mail: |
|
|
|
|
| Датасы: |
|
|
|
|
Эскертүү: төмөндө баллдын аныктамасынын баяндамасын караңыз.