Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII чакыруу, 1 сессиялык отурум
2026-жылдын 29-январы № 2
Жайыл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Жайыл айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Б.Караеванын 2026-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2026-жылдын 1-январына карата акча каражатынын калдыктарын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жайыл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга бюджеттин киреше бөлүгү бекитилсин:
- Өздүк каражаттар –25 385 200,00 миң сом;
- Атайын каражаттар – 5 574,0 миң сом;
Баардыгы:- 30 959,2 миң сом
2.2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттардын калдыктары төмөнкү суммада бекитилсин:
Бюджеттик эсеп – 5 427 600,00 миң сом;
Союз МСУ – 21,1миң сом 70111-Мамкызмат бөлүмү;
Жашылдандыруу – 100,0 миң сом -70629 ТЖКЧ бөлүмү;
Иттерди жок кылуу – 100,0 миң сом -70629 ТЖКЧ бөлүмү;
Соттун токтомун аткаруу – 400,0 миң сом-70629 ТЖКЧ бөлүмү;
Дем бер.грант, өз салым 3 долб.-4 806,5 миң сом-70629 ТЖКЧ бөлүмү;
Атайын каражат- 109,8 миң сом;
МЧББУ ”Жайыл Ата” тамак аш- 74,1 миң сом;
МЧББУ “Колосок” тамак аш- 35,7 миң сом.
3. 2026-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү бекитилсин:
-Аппарат- 12 467,5 миң.сом;
-ӨК -200,0 миң сом;
-Жайыт -190,0 миң сом;
-ЖКХ- 6 574,3 миң.сом;
- Маданият -1 356,4 миң.сом;
- МЧББУ – 1 415,0 миң сом;
- Мектептер – 2 398,0 миң сом;
- Соц.коргоо – 784,0 миң сом;
- Атайын счет – 5 574,0 миң сом.
Баардыгы : -30 959,2 миң сом.
4. Жайыл айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
5. Жайыл айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы (Караева Э.Б.)- акча каражаттарынын калдыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте максаттуу пайдаланылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е.Дженбаевага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.К. Чолпонкулов |