ТоктомКүчүндө

Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 2/1 «Жайыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысына кошумча үстөк төлөө жөнүндө» токтому

Редакция29.01.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

VIII чакыруу, 1 сессиялык отурум

 

2026-жылдын 29-январы № 2/1

 

Жайыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысына кошумча үстөк төлөө жөнүндө

 

2022-жылдын 1-августундагы № 266 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 4-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Жайыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын маяналарына, 2026-жылдын январь айынан тартып жергиликтүү бюджеттен 30% кошумча үстөк төлөөгө уруксат берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е.Дженбаевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

 К.К. Чолпонкулов