Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 30-марты №33
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 6-июну, № 45) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берененин 1-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуунун чоң үлүшү бар ишканалардын жана уюмдардын аудити;
6) мамлекеттик гарантия, кепилдик алган же мамлекеттик жана башка ресурстардын эсебинен жасалган бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерди башка ыкмалар менен аткарууга камсыздоо алган менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин каражаттарды пайдалануусунун аудити;";
2) 8-беренеде "тогуз" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 12-беренеде:
а) 1-бөлүк "финансы жана" деген сөздөрдөн кийин "/же" деген сөз менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө "курамынын үчтөн бирин", "үчтөн экисин" деген сөздөр тиешелүү түрдө "бир аудиторду", "эки аудиторду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Эсептөө палатасында мамлекеттик жарандык кызмат өтөө. Кызматчыларды аттестациялоо
1. Эсептөө палатасында мамлекеттик жарандык кызматка кирүү жана өтөө, ошондой эле андан бошотуу тартиби мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
2. Эсептөө палатасынын кызматчыларынын ээлеген кызмат ордуна ылайык келүүсүн аныктоо, кызматтык тартипти чыңдоо жана кызматтык өсүү келечектерин белгилөө үчүн Эсептөө палатасынын кызматчыларын аттестациялоо жүргүзүлөт.
3. Алгачкы аттестациялоо Эсептөө палатасына жумушка кабыл алынгандан бир жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
4. Эсептөө палатасынын кызматчыларын кезектеги аттестациялоо эки жылда бир жолу жүргүзүлөт.
5. Кызматчыларды аттестациялоо Эсептөө палатасынын аттестациялык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
Комиссиянын курамы Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан бекитилет.";
5) 24-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эсептөө палатасынын жогорку органы болуп Эсептөө палатасынын Кеңеши саналат, анын курамына Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору, кызмат адамдары кирет. Кеңештин курамы Эсептөө палатасынын төрагасынын буйругу менен бекитилет.";
6) 26-берененин 1-бөлүгүндө ", ошондой эле Тышкы мамлекеттик аудиттин стандарттарын" деген сөздөр алып салынсын;
7) 30-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 25 (3785) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 11-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |