ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII чакыруу, 1 сессиялык отурум
2026-жылдын 29-январы № 3
Коммерциялык ишмердүүлүк үчүн берилген муниципалдык жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна жана 39-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 571-токтому менен, ошондой эле Жайыл айыл өкмөтүнүн каржы, экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Караеванын муниципалдык жерлердин ижара акысын жогорулатуу маселеси боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Алексеевка айылынын Центральная көчөсүндөгү 1а дарегинде жайгашкан жер участогунун ижара акысы айына 6000 (алты миң) сомдон бекитилсин, келишимдин шарттарын андан ары кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү менен.
2. Жайыл айылдык аймагындагы мобилдик операторлорго берилген жер участокторунун ижара акысы өз ара макулдашуу боюнча айына 15000 (он беш миң) сомго чейин көбөйтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е. Дженбаевага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.К. Чолпонкулов |