КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 10-декабры № 356
Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Радини
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен
сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Падышалыгынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |