Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-марты № 184
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 273 «Контрактты банктык коштоо жөнүндө» токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Мамлекеттик башкаруу секторунун мекемелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө контракттар боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү механизмдерин жөнөкөйлөштүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 273 «Контрактты банктык коштоо жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-мартындагы № 22 (3782) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |