Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-марты № 207
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Конкурстук тандоосуз кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмегинде:
- 4-главанын 3-пункту "Кинология" деген сөздөн кийин "жана ветеринария" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 26 (3786) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |