Редакцияот 14.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XXI-сессиясы

 

2023-жылдын 14-июлу № 112

 

Мады айыл аймагынын Социализм айылындагы  №994 контурдан 2,90 га, №1006 контурдан 0,10 га,  №1003 контурдан 0,14 га, жалпы-3,14 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар”  категориясына которуу жөнүндө

 

          Мады айыл аймагынын Социализм айылындагы №994 контурдан 2,90 га, №1006 контурдан 0,10 га,  №1003 контурдан 0,14 га, жалпы- 3,14 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар” категориясына которуу жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы У.Олжобаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 13-беренесин  жетекчиликке алып Мады айылдык кеңеши

 

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Социализм   айылындагы    №994   контурдан   2,90 га,    №1006  контурдан  0,10 га,  №1003 контурдан 0,14 га,  жалпы-3,14 га жайыт  жер  аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан“Калктуу конуштар”  категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Мады айыл өкмөтүнүн  2023-жылдын  13-июлундагы  “Социализм   айылындагы    №994 контурдан 2,90 га, №1006 контурдан 0,10 га, №1003 контурдан 0,14 га, жалпы-3,14 га  жайыт жер  аянтын  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан  “Калктуу конуштар”  категориясына которуу жөнүндөгү” № 125 токтому бекитилсин.

3. Мады айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документерди даярдоо жагы тапшырылсын.

4. Бул токтомдун  аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу” боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Каримов) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов