МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XXI-сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 118
Лаглан айылындагы борбордук көчөгө Абдубали Аажу уулу Мамазаирдин ысымын коюу жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы Лаглан айылынын тургуну Мамадиев Советбектин арызынын жана протоколунун негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл аймагынын Лаглан айылындагы борбордук көчөгө Абдубали Аажы уулу Мамазаирдин ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Лаглан айылындагы Абдубали Аажы уулу Мамазаир атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун ондоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Абдубали Аажы уулу Мамазаирдин балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |