Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-апрели № 212
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу
академиясынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жана штаттык санынын чеги жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 327 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7 040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын (мындан ары – Академия) кызматкерлеринин эмгек акысынын ставкаларын жана тарифтик ставкасын (маянасын) эсептөө үчүн негиз болуп саналат;
2) Академиянын кызматкерлеринин эмгек акысынын ставкасы жана тарифтик ставкасы (маянасы) минималдуу базалык ставканын (7 040 сом) өлчөмүн кызматтык маяналарга жана ставкаларга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет;
3) президенттик компенсациялык төлөм Академиянын төмөнкү категорияларга кирген кызматкерлерине төлөнөт:
– административдик-башкаруучу жана профессордук-окутуучулук курамга – 15 000 сом өлчөмүндө;
– техникалык жана кенже персоналга – 5 000 сом өлчөмүндө (бир ставкадан көп эмес).
Президенттик компенсациялык төлөм Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген Академиянын кызматкерлеринин эмгек өргүүсүн жана эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн жүргүзүлөт (кызматтык иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алышта иштеген күндөрү кошулбайт);
4) педагогикалык иш стажы, окумуштуулук даражасы, ардак наамдары, бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги, ошондой эле иштин өзгөчө шарттары үчүн кошумча төлөмдөр жана үстөктөр Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат;
5) атайын эсептин каражаттарынын эсебинен каржылануучу Академиянын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары Академия тарабынан аныкталат.
Академиянын атайын эсептин каражаттарынын эсебинен каржылануучу кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жана ставкаларына эселөө коэффициенттери, ошондой эле эмгек акыны саатына төлөөнүн өлчөмдөрү Академиянын тиешелүү кызмат орду боюнча бюджеттик эсептин каражаттарынын эсебинен каржыланган кызматкерлеринин кызматтык маяналарына, ставкаларына эселөө коэффициенттеринен жана эмгек акыны саатына төлөөнүн өлчөмдөрүнөн төмөн болбоого тийиш;
6) профессордук-окутуучулук курамдын угуучуларга карата катышы 1:5 түзөт.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Академиянын кызматкерлеринин штаттык санынын чеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Академиянын профессордук-окутуучулук курамынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык;
3) Академиянын кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;
4) Академиянын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 788 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын штатын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышындагы «, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын штатын» деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 268 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-октябрындагы № 255 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 5-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 527 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2 жана 3-пункттары.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028 жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
7. Академия ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 25 (3785) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |