КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 1-апрели № 134
Транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын аралык (онлайн) режиминде мамлекеттик каттоону жүргүзүү боюнча убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө
Айдоочулук курамды эсепке алуу жана каттоо системасын тартипке келтирүү, транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү жана транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча чараларды апробациялоо максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 31-декабрына чейин кошуп алганда транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын аралык (онлайн) форматында мамлекеттик каттоону убактылуу укуктук жөнгө салуу (мындан ары – убактылуу укуктук жөнгө салуу) киргизилсин.
2. Транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик каттоонун убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин, анын колдонуу мөөнөтү убактылуу укуктук жөнгө салууну ишке ашыруу мезгилине белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси, «Түндүк» ачык акционердик коому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте:
1) убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
2) убактылуу укуктук жөнгө салуунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине квартал сайын отчетторду берип турсун;
3) онлайн-каттоо системасынын иштеши үчүн уюштуруу-техникалык чараларын көрсүн;
4) зарылдыгына жараша мыйзамдарда белгиленген тартипте жана финансылык контролдоо талаптарын сактоо менен убактылуу укуктук жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн төлөм жүргүзүү уюмдарын тартсын;
5) убактылуу укуктук жөнгө салуу ийгиликтүү ишке ашырылган учурда транспорт каражаттарын жана аларга менчик укуктарын туруктуу онлайн-каттоону киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 25 (3785) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |