Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XXIV-сессиясы
2023-жылдын 15-ноябры № 139
Мады айыл аймагынын Чагыр айылындагы аты жок көчөгө Жумашев Рахмандын ысымын коюу жөнүндө
Мады айыл аймагындагы Чагыр айылынын тургуну Сариева Санавархандын арызынын негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл аймагынын Чагыр айылындагы аты жок көчөгө Жумашев Рахмандын ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Чагыр айылындагы Жумашев Рахман атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун ондоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Жумашев Рахмандын балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |