Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 216 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Өнүктүрүү жана материалдык дем берүү фонду жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Өнүктүрүү жана материалдык дем берүү фонду жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Өнүктүрүү жана материалдык жактан дем берүү фондунун (мындан ары - ӨМДФ) каражаттарын пайдалануу тартибин аныктайт.
2. ӨМДФ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын (мындан ары - Академия) өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле Академиянын кызматкерлерине материалдык дем берүү жана социалдык коргоону камсыз кылуу максатында түзүлөт.
2-глава. ӨМДФ түзүү жана каражаттарынын көлөмүн аныктоо тартиби
3. ӨМДФ республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Академиянын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө фондунун 50 пайызы өлчөмүндө түзүлөт.
3-глава. ӨМДФ каражаттарын пайдалануунун жалпы тартиби
4. Академиянын ректорунун тиешелүү чечимдеринин негизинде ӨМДФ каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы жана багытталышы мүмкүн:
1) жаңы академиялык программаларды жана кесиптик өнүктүрүү программаларын түзүүгө, анын ичинде:
- окуу китептерин, илимий эмгектерди, брошюраларды жана башка адистештирилген адабиятты даярдоого, басып чыгарууга жана которууга;
- адистештирилген адабиятты, анын ичинде электрондук сактагычтарда сатып алууга;
- Академиянын Уставы менен аныкталуучу милдеттерди жана иштин багыттарын ишке ашырууга;
2) Академиянын кызматкерлеринин кесиптик ишинин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарынын негизинде Академиянын ректорунун чечими менен аныкталуучу төлөмдөрдүн өлчөмүндө жана мезгилдүүлүгүндө академиялык, аналитикалык, уюштуруучулук жана илимий-изилдөө ишиндеги жетишкендиктери үчүн Академиянын кызматкерлерине материалдык дем берүүгө жана сыйлоого;
3) Академиянын кызматкерлерине дарылануу жана башка максаттарда бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле иш берүүчү менен кызматкерлердин ортосунда түзүлгөн жамааттык келишим боюнча башка милдеттенмелерди аткарууга;
4) Академиянын кызматкерлерине тамактануу жана транспорттук чыгымдары үчүн компенсациялык төлөмдөргө;
5) Академиянын ректорунун чечими менен бекитилүүчү жобого ылайык Академиянын кызматкерлерине турак жай сатып алуу үчүн кайтарымдуу негизде каражаттарды берүүгө;
6) расмий жолугушууларды, конференцияларды, семинарларды, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, ошондой эле башка өкүлчүлүк чыгымдарга;
7) тартылган чет өлкөлүк профессорлорго жана эксперттерге сый акы төлөөгө.
5. Ушул Жобонун 4-пунктунун 2, 3, 4-пунктчаларында каралган төлөмдөр Академиянын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө фондунун курамына кирбейт жана орточо эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөктөрдү, өргүүлөрдү жана жөлөкпулдарды эсептөөдө эске алынбайт.
Академиянын кызматкерлери үчүн тамактануу жана транспорттук чыгымдар үчүн компенсациялык суммалар иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн төлөнөт (өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш жана майрам күндөрү иштеген күндөрдү кошпогондо).
4-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук тартиби
6. ӨМДФ каражаттарын сарптоо бекитилген чыгымдар сметасына жана ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын иш жүзүндө түшүүсүнө ылайык белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7. ӨМДФ каражаттарын тескөөчү жана пайдалануу үчүн жооптуу адам болуп Академиянын ректору эсептелет.