МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XXV-сессиясы
2023-жылдын 24-ноябры № 150
Мады айыл аймагынын Социализм айылындагы №994 контурдан 2,90 га, №1006 контурдан 0,10 га, №1003 контурдан 0,14 га, жалпы-3,14 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар” категориясына которуу жөнүндө
Мады айыл аймагынын Социализм айылындагы №994 контурдан 2,90 га, №1006 контурдан 0,10 га, №1003 контурдан 0,14 га, жалпы- 3,14 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар” категориясына которуу жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековдун билдирүүсүн жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 31-январында № 27-б “Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан 2023-жылдын 10-ноябрындагы оң корутундусун угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социализм айылындагы №994 контурдан 2,90 га, №1006 контурдан 0,10 га, №1003 контурдан 0,14 га, жалпы - 3,14 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн башчысына жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документерди даярдоо жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Каримовко жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |