Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VIII сессиясы
Токтом
2026-жылдын 24-марты №13
Мал багуучулардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл чарба жана мал чарбасы боюнча башкы адис А.Шермуканбетовдун сунушун угуп жана талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын мал багуучуларына төмөндөгүдөй тариф
менен 2026-жылга жайыт акы жылына бир жолу кой-эчкиге-15сомдон, уйга-60 сомдон, жылкыга 100 сомдон, топозго-700 сомдон өз убагында 1-ноябрдан кечиктирбестен төлөө жагы чабандарга милдеттендирилсин;
2. Малчыларды жайлоого 1-10-апрелден баштап көчүрүлсүн жана айдоо жерлерди
коруу иштери башталсын;
3. Жеке менчик айдоо жерлерге кирген малдарга Кыргыз Республикасынын укук
бузуу Кодексинин 238-беренесине ылайык айып пул салынсын;
4. 2026-жылда бодо малды 600 сомдон, койду 120сомдон, тайды 800сомдон, эчкини
150 сомдон, кочкорду 150 сомдон багуу жагы чабандарга милдеттендирилсин;
5. Сырт өрөөнүнө 2026-жылдын 10-июнуна чейин көчүү жагы милдеттендирилсин;
6. Сырт өрөөнүнө көчпөгөн чабандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуу
Кодексинин 252-беренесине ылайык айып пул салынсын;
7. Сырт өрөөнүнөн 1-октябрь айынан кийин көчүп келүү жагын эскертүүнү жана
эрте келген малчыларга Кыргыз Республикасынын укук бузуу Кодексинин 252-беренесине ылайык айып пул салынсын;
8. Орто жайытта ээн калган кароосуз малдардын ээлерине Кыргыз
Республикасынын укук бузуу Кодексинин 238-беренесине ылайык айып пул салынсын;
9. 2026-жылы жайытты жакшыртуу максатында үрөн себилген жерлерге мал
киргизбөө жана киргизген чабандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуу Кодексинин 238-беренесине ылайык айып пул салынсын;
10. Ар бир айылдан бир гана чабан калтырылсын, элдин иштетчү жана ооруган
малдарын алып калуу максатында;
11. Жайыт инспектору менен мал багуучунун ортосунда келишим жана мал багуучу
менен жергиликтүү тургундардын мал кошуудагы келишими милдеттүү түрдө түзүлсүн
2.Бул токтомдун аткарылышын айыл чарба жана мал чарбасы боюнча башкы адис А.Шермуканбетовго милдеттендирилсин.
3. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго тапшырылсын.
Төрага М.Жунушалиев