Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2026-жылдын 30-марты № 1-Д
“Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдын 29-январындагы № 2-Д буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” 2024-жылдын 29-январындагы № 2-Д буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
– преамбуладагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” деген сөздөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– II бөлүм. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары ушул буйрукка тиркелген тиркемеге ылайык жаңы редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин массалык маалымат каражаттары жана калк менен иштөө башкармалыгынын башчысы буйрук катталган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде, 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык аны расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Башкы ыкчам башкармалыгынын башчысы:
1) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын директору:
1) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү иштерин уюштурууну камсыз кылсын;
2) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн;
3) мамлекеттик кызматтарга байланыштуу стандарттарды расмий веб-сайттарда жана маалыматтык такталарга жайгаштырууну камсыз кылсын.
5. Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтарды талаптагыдай көрсөтүү жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын директоруна жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
7. Буйрук тиешелүү тараптарга жеткирилсин.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | К.К. Чыныбаев |
Тиркеме |
«
II бөлүм. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттары
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Метеорологиялык, агрометеорологиялык, гидрологиялык адистештирилген маалыматтарды берүү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-глава, 5-пункт. |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин), толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу, орт, радиациялык коопсуздук, суу объектилериндеги адамдардын коопсуздугу, гидрометеорология жана мамлекеттик материалдык резервди башкаруу тармагындагы бирдиктуу мамлекеттик саясатты жузого ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын 0згечо кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы жана анын аймактык болумдору. Аймактык болумдордун тизмеси жана мамлекеттик кызмат керсотуулердун стандарты маалымат такталарында жана расмий веб-сайтта берилген |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | - Юридикалык жактар; - 16 жаштагы жана андан өйдө жеке жактар (Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар). |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Укуктук ченемдик актылар: – Кыргыз Республикасынын конституциясы; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө»; «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө»; – Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн токтомдору: «Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому; «Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги боюнча маалымат берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» от 2018-жылдын 16-июлундагы № 328 токтому; 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262«Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтому. |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | - Метеорология, агрометеорология, гидрология боюнча адистештирилген маалыматтарды фирмалык бланкта директордун же анын орун басарынын колу менен берүү; |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жандуу кезек күтүү тартибинде ишке ашырылат; - жеңилдиктери бар жарандар (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары, Улуу Ата мекендик согуштун майыптары, оорукта эмгектенгендер, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет; - жарандар үчүн санитардык-гигиеналык жайларды тоскоолсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздалган, анын ичинде ден-соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар, кармагычтар, дааратканалар менен жабдыланган; - мекемеде күтүүчү орундар, суу түтүгү, телефон менен камсыздлган; - маалымат алууда кезек күтүү болбойт; - телефон аркылуу консультация алуу жолу менен алдын ала маалыматка ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар; - мамлекеттик кызмат арыз ээсинин тандоосу менен мамлекеттик же расмий тилде көрсөтүлөт |
7 | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн мөөнөтү | Суроо-талапты кабыл алуу жана каттоо 10 мүнөттөн ашпайт, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу дагы (www.portal.tunduk.kg); - аткаруу мөөнөтү суралган маалыматтын көлөмүнө жараша болот (1 күндөн 28 күнгө чейин); - метеорологиялык, агрометеорологиялык жана гидрологиялык адистештирилген маалыматтарды берүү акы төлөнгөндүгүн тастыктаган документтердин негизинде ишке ашырылат (төлөө тапшырмасы, квитанция) жана 5 мүнөттөн ашпайт. |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкү булактардан алууга болот: - - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен: расмий web-сайт: www.mchs.gov.kg; электрондук почта: od_mchs@mes.kg; дареги: 720033, Бишкек шаары, Манас проспектиси, 101/1. тел.: +996 (312) 32-30-70. - - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынан: дареги: Бишкек шаары, Керимбеков көчөсү, 1, тел.: (0312) 31-46-63. Сайт: www.meteo.kg; электрондук почта: meteo@meteo.kg. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иштөө графиги: 09-00дан 18-00га чейин, түшкү тыныгуу 12-30дан 13-30га чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын иштөө графиги, иш күндөрү: 09-00дан 18-00га чейин, түшкү тыныгуу 12-30дан 13-30га чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg) |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды сүрөттөп же атап берүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматтын берилиши кайрылган адамдын баарына кепилденет жана төмөнкү булактардан берилет: - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайтында: www.mchs.gov.kg; - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын расмий сайтында: www.meteo.kg; - электрондук почтасында: meteo@meteo.kg; - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коомдук кабылдамасы: +996 (312) 32-30-70; - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын телефон/факсы аркылуу +996 (312) 31-46-63; - маалымат такталарында; - жеке байланышта; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg) |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Жарандардын кайрылуулары боюнча журналга келүүчүлөрдү каттоо менен жеке кабыл алуу жүргүзүлөт. Келүүчүлөрдү кабыл алуучу кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербестен, кызматтык жана функционалдык милдеттерди, кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс мамиле кылууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши зарыл. Келүүчүлөрдү кабыл алуучу кызматкердин үстөлүндө кызматкердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн маалымат тактачасы же кызматкердин маалымат бейджи болот. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар ж.б.) менен пикир алышуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. Пикир алышуу мамлекеттик же расмий тилде ишке ашырылат. Келүүчүгө пикир алышуунун тилин тандоо укугу берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жарандар жөнүндө жеке мүнөздөгү маалымат ачыкталбайт, кызматкерлер тарабынан жеке максатта пайдаланылбайт жана үчүнчү тараптарга берилбейт. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Жеке жактардан: - арыз ээсинин өзүнүн колу коюлган, эркин формада жазылган арызы; - өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү; - кызмат акысы төлөнгөн тууралуу квитанция (чек). Юридикалык жактардан: - кайрылуу кат; - каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - кызмат акысы төлөнгөн тууралуу квитанция (чек). Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (https://portal.tunduk.kg/.) аркылуу кайрылган учурда кайрылуучу порталга катталып жана порталдын нускамасында көрсөтүлгөн шарттарды аткарыш керек(https://portal.tunduk.kg/help_support) |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, расмий web-сайтта жана маалымат тактасында берилген баалардын прейскурантына ылайык аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - колдонуучунун каалоосу менен мамлекеттик же расмий тилде берилет; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын өз убагындагылыгы жана ишенимдүүлүгү; - адистештирилген маалымат Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун стандарттарына ылайык маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана сактоону камтыйт; - жеткиликтүүлүк (басылма жана электрондук форматта); - кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырланышына жол бербөө; - сылык жана сыпайы мамиле кылуу; - көрсөтүлүүчү кызматтын көлөмү суроо-талапка шайкеш келет; - окуумдуулук (басылманын дааналыгы) |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кызматты алууга сурамды (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта 2019-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык көрсөтүлөт. Электрондук сурам жөнөтүү үчүн кайрылуучу Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына катталуусу зарыл (portal.tunduk.kg). Онлайн интерактивдүүлүк этабы – 3 (веб-баракчада электрондук түрдө арызды толтуруу жана аны кагазга чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына дал келбеген учурда; - керектөөчү тараптан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер берилбеген учурда; - суралып жаткан гидрометеорологиялык маалыматтар жок болсо |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө жазылат жана керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле доонун маңызын, керектөөчүнүн колун камтууга тийиш жана берилген күнү көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну каттоодон өткөрөт жана 1 иш күнүнүн ичинде жетекчинин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын кайрадан каралуу мезгилдүүлүгү дайыма үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш |
».