Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-апрели № 211
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине
карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө
«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 18 жана 50-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине карата минималдуу талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 224 «Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 224 «Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 «Баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын ишин жөнгө салуу маселеси жөнүндө» токтомунун 9-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 25 (3785) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 211 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине карата минималдуу ТАЛАПТАР
1-глава. Жалпы талаптар
1. Ушул Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине карата минималдуу талаптар "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында ачык жайгаштырууга жол берилген чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарын кошо алганда, баалуу кагаздардын листингинин минималдуу шарттарын белгилейт.
2. Колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) уруксат берүүнүн демилгечиси - эмитент же фондулук биржанын тооруктарынын катышуучусу, анын демилгеси боюнча эмитенттин баалуу кагаздары фондулук биржанын листингине киргизилет;
2) фондулук биржанын листингдик талаптары - листингден өтүүгө өтүнмө берген эмитент же мындай жол-жободон өткөн, баалуу кагаздары фондулук биржалардын өзгөчө тизмесине киргизилген эмитент ылайык келүүгө тийиш болгон критерийлердин жана ченемдердин жыйындысы;
3) фондулук биржанын өзгөчө тизмеси - листингдин жол-жобосунан өткөн баалуу кагаздар листингдин тиешелүү категориясына киргизилген биржа документи;
4) эркин жүгүртүү - ачык жүгүртүү үчүн жеткиликтүү болгон баалуу кагаздардын үлүшү;
5) листингдин жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу - баалуу кагаздардын айрым түрлөрүнө жана эмитенттерине карата колдонулуучу, баалуу кагаздарды соодалоо үчүн фондулук биржанын листингине киргизүүнүн тездетилген жана бир кыйла жөнөкөй жол-жобосу.
3. Листинг баалуу кагаздарды фондулук биржанын өзгөчө тизмесине киргизүү жол-жобосу болуп эсептелет, ал экиден кем эмес категориядан: биринчи (эң жогорку) категориядан жана экинчи (эң жогоркудан кийинки) категориядан турат.
Делистинг - баалуу кагаздарды фондулук биржанын өзгөчө тизмесинен чыгаруу жол-жобосу. Делистингдин эрежелери фондулук биржа тарабынан белгиленет.
Фондулук биржа Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категорияларына киргизилүүчү баалуу кагаздарга жана алардын эмитенттерине кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу.
4. Листингдин биринчи (эң жогорку) жана экинчи (эң жогоркудан кийинки) категорияларынан башка категорияларга киргизилген баалуу кагаздарга жана алардын эмитенттерине карата талаптар фондулук биржанын ички документтери менен белгиленет.
5. Фондулук биржада баалуу кагаздардын листингинин жана делистингинин эрежелери, ошондой эле аларга толуктоолор жана өзгөртүүлөр баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш жана макулдашуудан кийин күчүнө кирет.
6. Мамлекеттик баалуу кагаздардын фондулук биржада биринчи (жогорку) категориядагы листингине ээ болушу үчүн эмитент Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги болууга тийиш, ал эми ал тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар фондулук биржада жайгаштырылганда жана жүгүртүүдө ушул минималдуу талаптардын 3-главасында көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен листингдин жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу боюнча ушул категорияга киргизилет.
7. Муниципалдык баалуу кагаздардын фондулук биржанын листингинде экинчи (эң жогоркудан кийинки) категорияда болушу үчүн эмитент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болуп саналат, мында алар чыгарган карыздык баалуу кагаздар ушул минималдуу талаптардын 3-главасында каралган талаптарды сактоо менен листингдин жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу боюнча бул категорияга киргизилет.
8. Эмитентке жана анын баалуу кагаздарына аларды листингге киргизүүдө коюлган талаптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарга жайылтылбайт.
9. Фондулук биржа өзүнүн компетенциясынын чегинде жана листинг эрежелеринде белгиленген тартипте эмитенттин ишинин листингдин тиешелүү категориясынын талаптарына ылайык келүүсү боюнча тынымсыз мониторинг жүргүзөт.
10. Эмитент фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингинин бир кыйла жогорку категориясынын листингинин талаптарына ылайык келген учурда анын баалуу кагаздары листингдин бир кыйла жогорку категориясына которулат.
11. Эгерде эмитент анын баалуу кагаздары киргизилген фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингинин категориясынын талаптарына ылайык келбей калса, фондулук биржа эмитенттин төмөнкү категориядагы листингинин талаптарына ылайык келүүсүн баалайт.
Эгерде мындай баалоонун жыйынтыгында эмитент листингдин төмөнкү категориясынын талаптарына жооп берсе, анын баалуу кагаздары листингдин тиешелүү төмөнкү категориясына которулууга тийиш.
Эгерде эмитент листингдин төмөнкү категорияларынын биринин да талаптарына жооп бербесе же листингдин талаптарын олуттуу бузса же Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузса, анын ичинде баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттарын аткарбоого же өз убагында аткарбоого жол берсе (сый акы төлөө же баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча милдеттенмелерди кошкондо), анын баалуу кагаздары фондулук биржанын эрежелеринде белгиленген тартипте фондулук биржа тарабынан делистингге жатат.
12. Листингдин жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу төмөнкүлөргө карата колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына;
2) муниципалдык баалуу кагаздарга;
3) чет мамлекеттик баалуу кагаздарга;
4) ушул талаптардын 22-пунктуна ылайык тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү эл аралык финансылык уюмдардын баалуу кагаздарына.
2-глава. Фондулук биржанын баалуу кагаздар листингине киргизилүүчү жана киргизилген акцияларга жана алардын эмитенттерине карата талаптар
13. Эмитенттин акциялары фондулук биржанын листингинин биринчи (эң жогорку) категориясында болушу үчүн бул баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) эмитентти мамлекеттик каттоо анын баалуу кагаздарын фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине киргизүү жөнүндө арыз берилгенге чейин кеминде 3 (үч) жыл мурда ишке ашырылууга тийиш;
2) эмитент акционердик коом формасында иштөөгө жана коомдук компаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
3) эмитенттин өздүк капиталы 200 (эки жүз) млн. сомдон кем болбоого тийиш;
4) эмитент акыркы отчеттук жылда же акыркы 3 (үч) жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болууга тийиш;
5) эмитент өзүнүн финансылык отчеттуулугун Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулук көз карандысыз аудитордук уюмдун корутундусу менен бекитилүүгө тийиш;
6) эмитеттин корпоративдик башкаруу кодекси болушу керек;
7) эмитенттин уюштуруу документтеринде жана (же) баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектисинде, анын ичинде депозитардык тил каттарда баалуу кагаздардын менчик ээлеринин аларды ажыратууга (өткөрүп берүүгө) болгон укуктарын кысымга алган же чектеген ченемдер камтылууга тийиш эмес.
14. Эмитенттин акциялары фондулук биржанын листингинин экинчи (эң жогоркудан кийинки) категориясында болушу үчүн бул баалуу кагаздар жана алардын эмитенттери төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) эмитентти мамлекеттик каттоо анын баалуу кагаздарын фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине киргизүү жөнүндө арыз берилгенге чейин кеминде 1 (бир) жыл мурда ишке ашырылууга тийиш. Эгерде эмитент кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлсө, анын иштөө мөөнөтүнө кайра уюштуруунун натыйжасында эмитент түзүлгөн юридикалык жак (жактар) түзүлгөн учурдан тартып мөөнөт эсептелет;
2) эмитент акционердик коом түрүндө иштөөгө жана коомдук компаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
3) эмитенттин өздүк капиталы 30 (отуз) млн. сомдон кем болбоого тийиш;
4) эмитент акыркы отчеттук жылда же акыркы 2 (эки) жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болууга тийиш;
5) эмитент өзүнүн финансылык отчеттуулугун Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулук көз карандысыз аудитордук уюмдун корутундусу менен бекитилүүгө тийиш;
6) эмитенттин корпоративдик башкаруу кодекси болушу керек;
7) эмитенттин уюштуруу документтеринде жана (же) баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектисинде, анын ичинде депозитардык тил каттарда баалуу кагаздардын менчик ээлеринин аларды ажыратууга (өткөрүп берүүгө) болгон укуктарын кысымга алган же чектеген ченемдер камтылууга тийиш эмес.
3-глава. Фондулук биржанын баалуу кагаздар листингине киргизилүүчү жана киргизилген карыздык баалуу кагаздарга жана алардын эмитенттерине карата талаптар
15. Эмитенттин карыздык баалуу кагаздары фондулук биржанын листингинин биринчи (эң жогорку) категориясында болушу үчүн карыздык баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) эмитентти мамлекеттик каттоо анын баалуу кагаздарын фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине киргизүү жөнүндө арыз берилгенге чейин кеминде 3 (үч) жыл мурда ишке ашырылууга тийиш;
2) эмитент акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө иштөөгө жана коомдук компаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
3) эмитенттин өздүк капиталы 200 (эки жүз) млн. сомдон кем болбоого тийиш;
4) эмитент акыркы отчеттук жыл үчүн же акыркы 3 (үч) жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болууга тийиш;
5) эмитент өзүнүн финансылык отчеттуулугун Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулук көз карандысыз аудитордук уюмдун корутундусу менен ырасталууга тийиш;
6) эмитенттин корпоративдик башкаруу кодекси болушу керек;
7) эмитенттин уюштуруу документтеринде жана (же) баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектисинде, анын ичинде депозитардык тил каттарда баалуу кагаздардын менчик ээлеринин аларды ажыратууга (өткөрүп берүүгө) болгон укуктарын кысымга алган же чектеген ченемдер камтылбоого тийиш.
16. Мамлекеттик баалуу кагаздарды жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобо боюнча листингдин биринчи (эң жогорку) категориясына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздардын фондулук биржанын листингинин экинчи (эң жогоркудан кийинки) категориясына киргизүү үчүн бул баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) эмитент чыгарган баалуу кагаздарды эркин сатууну чектеген кандайдыр бир шарттарды белгилебөөгө тийиш;
2) баалуу кагаздарга карата төлөө боюнча же болбосо купондук төлөөлөр боюнча эмитенттин мөөнөтү өткөн милдеттенмелери болбоого тийиш.
17. Эмитенттин карыздык баалуу кагаздары фондулук биржанын листингинин экинчи (эң жогоркудан кийинки) категориясында болушу үчүн бул баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) эмитентти мамлекеттик каттоо анын баалуу кагаздарын фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине киргизүү жөнүндө арыз берилгенге чейин кеминде 1 (бир) жыл мурда ишке ашырылууга тийиш;
2) эмитент акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө иштөөгө жана коомдук компаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын ченемдерине ылайык аныкталган эмитенттин өздүк капиталы 30 (отуз) млн. сомдон кем болбоого тийиш;
4) эмитент акыркы отчеттук жыл үчүн же акыркы 2 (эки) жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болууга тийиш;
5) эмитент өзүнүн финансылык отчеттуулугун Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулук көз карандысыз аудитордук уюмдун корутундусу менен ырасталууга тийиш;
6) эмитенттин корпоративдик башкаруу кодекси болушу керек;
7) эмитенттин уюштуруу документтеринде жана (же) баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектисинде, анын ичинде депозитардык тил каттарда баалуу кагаздардын менчик ээлеринин аларды ажыратууга (өткөрүп берүүгө) болгон укуктарын кысымга алган же чектеген ченемдер камтылбоого тийиш.
4-глава. Инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарына карата талаптар
18. Үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы ишин акционердик коомдон башка уюштуруу-укуктук формада жүргүзө алат.
19. Инвестициялык фонддун баалуу кагаздары фондулук биржанын листингинин биринчи (эң жогорку) категориясында болушу үчүн бул баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы же акционердик инвестициялык фонд фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине анын баалуу кагаздарын киргизүү жөнүндө арыз бергенге чейин кеминде 3 (үч) жыл мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталууга тийиш;
2) акционердик жана үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы 30 (отуз) млн. сомдон кем болбоого тийиш;
3) үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын өздүк капиталы 30 (отуз) млн. сомдон кем болбоого тийиш;
4) үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы же акционердик инвестициялык фонд акыркы отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча же акыркы 3 (үч) жылдык мезгилдин суммасы боюнча чыгашасыз болууга тийиш;
5) акционердик инвестициялык фонд өзүнүн финансылык отчеттуулугун Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулук көз карандысыз аудитордук уюмдун корутундусу менен ырасталууга тийиш.
20. Инвестициялык фонддун баалуу кагаздары фондулук биржанын листингинин экинчи (эң жогоркудан кийинки) категориясында болушу үчүн бул баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы же акционердик инвестициялык фонд фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине анын баалуу кагаздарын киргизүү жөнүндө арыз бергенге чейин кеминде 3 (үч) ай мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталууга тийиш;
2) акционердик жана үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы 10 (он) млн. сомдон кем болбоого тийиш;
3) үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын өздүк капиталы 10 (он) млн. сомдон кем болбоого тийиш;
4) үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы же акционердик инвестициялык фонд акыркы отчеттук мезгилдин (жылдын жана (же) кварталдын) жыйынтыгы боюнча чыгашасыз болууга тийиш;
5) акционердик инвестициялык фонд өзүнүн финансылык отчеттуулугун Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулук көз карандысыз аудитордук уюмдун корутундусу менен бекитилүүгө тийиш.
5-глава. Эл аралык финансылык уюмдардын баалуу кагаздарынын листингине карата минималдуу талаптар
21. Тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү эл аралык финансылык уюмдардын баалуу кагаздары эң жогорку листинг категориясына гана киргизилет.
22. Тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү эл аралык финансылык уюмдарга ачык сунуш баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталганда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген маалыматтарды ачуу боюнча ченемдер сакталганда жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобо боюнча листингге жол берилет.
6-глава. Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарынын листингине карата минималдуу талаптар
23. Чет өлкөлүк эмитент анын ээлери жана башка бенефициардык менчик ээлери (жеке жана юридикалык жактар) офшордук зоналарда катталбаган жана иш жүргүзбөгөн, ошондой эле алардын террористтик же экстремисттик ишке же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелерине (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) киргизилбеген шартта Кыргыз Республикасынын фондулук биржасында листингге жол берилет.
24. Чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздары эң жогорку же эң жогорку категориядан кийинки листинг категориясына киргизилиши мүмкүн.
25. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын фондулук биржанын листингине киргизүү үчүн чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздары жана анын эмитенти төмөнкүдөй талаптарга ылайык келиши керек:
1) чет өлкөлүк эмитентти мамлекеттик каттоо анын баалуу кагаздарын фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине киргизүү жөнүндө арыз берилгенге чейин кеминде 3 (үч) жыл мурда жүргүзүлүүгө тийиш;
2) чет өлкөлүк эмитент акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө иштөөгө жана коомдук компаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
3) чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын ачык сунуштоону жана ушул ачык сунуштоонун проспектисин мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш.
Фондулук биржа баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча киргизилүүчү чет өлкөлүк баалуу кагаздарга жана алардын эмитенттерине кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу.
26. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-1-бөлүгүнө ылайык чет өлкөлүк баалуу кагаздарды фондулук биржанын листингине киргизүү үчүн чет өлкөлүк эмитент төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) чет өлкөлүк юрисдикцияда катталган жана юридикалык статуска ээ болушу керек;
2) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тизмеге кирген чет өлкөлүк лицензияланган фондулук биржада листинги болушу керек;
3) финансылык отчеттуулукту Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулук фондулук биржа тарабынан таанылган аудитордук уюмдардын тизмесине кирген көз карандысыз аудитордук уюмдун корутундусу менен ырасталышы керек жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш;
4) уруксат берүүнүн демилгечиси Кыргыз Республикасында брокердик жана (же) дилердик ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу менен келишим түзүүгө тийиш;
5) уруксат берүүнүн демилгечиси Кыргыз Республикасынын аймагында депозитардык ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу менен келишим түзүүгө тийиш;
6) эгерде эмитент юридикалык жак катары катталган өлкөнүн мыйзамдарында анын бар болушу каралган болсо, эмитенттин эмитент юридикалык жак катары катталган өлкөнүн мыйзамдарында каралган тартипте бекитилген корпоративдик башкаруу кодекси же өзүнүн мазмуну боюнча ушуга окшош башка документи болууга тийиш;
7) эмитенттин уюштуруу документтеринде жана (же) баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектисинде, анын ичинде депозитардык тил каттарда баалуу кагаздардын менчик ээлеринин аларды ажыратууга (өткөрүп берүүгө) болгон укуктарын кысымга алган же чектеген ченемдер камтылбоого тийиш;
8) акциялардын эркин жүгүртүлүшү жайгаштырылган акциялардын жалпы санынын (эмитент тарабынан сатып алынгандарды, жүктөлгөн жана/же бөгөттөлгөндөрдү кошпогондо) кеминде 25 (жыйырма беш) пайызын түзүшү керек (жайгаштырылгандан кийин түзүшү керек);
9) эмитент 1 (бир) жылдан кем эмес жүгүртүү мөөнөтү менен чет өлкөлүк лицензияланган фондулук биржада экинчилик рыногунда баалуу кагаздардын жүгүртүлүшүнө ээ болууга тийиш;
10) лицензияланган фондулук биржада эмитенттин экинчилик рыногунда баалуу кагаздары менен соода жүргүзүүнүн суткалык көлөмү 1 (бир) млн. АКШ долларына эквиваленттүү суммадан кем болбоого тийиш;
11) чет өлкөлүк лицензияланган фондулук биржада эмитенттин баалуу кагаздарын экинчилик рынокто сатып алууга ачык өтүнмөлөрдүн көлөмү 100 (жүз) миң АКШ долларына эквиваленттүү суммадан кем болбоого тийиш;
12) эмитенттин ишинин минималдуу мөөнөтү 3 (үч) жылдан кем болбоого тийиш;
13) Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган эмитенттин бардык олуттуу фактылары жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын биржасынын сайттарында мамлекеттик жана (же) расмий тилге которулуп берилиши керек.
27. Чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарынын делистинги төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) чет өлкөлүк лицензияланган биржаларда листингдин токтотулушу;
2) Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын же биржанын талаптарын бузуу;
3) чет өлкөлүк эмитенттин уюштуруу документтерине ылайык кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынан делистинг жөнүндө ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечимин аткаруу үчүн берилген чет өлкөлүк эмитенттин арызы.
28. Чет өлкөлүк баалуу кагаздарды листингге киргизүү үчүн өтүнмөнү эмитенттен тышкары брокерлер же инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруучулар бере алышат.
29. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык баалуу кагаздар катары квалификацияланбаган, криптовалюталык активдерден көз каранды болгон финансылык инструменттерге жол берилбейт.