Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-апрели № 214
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы функциялык жана түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516 «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:
– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.»;
– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти.»;
– 16, 17-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 26 (3786) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |