Редакцияот 01.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 1-апрели № 213

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана региондорду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Бишкек» эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө жободо:

– 2-пунктта:

«өндүрүштү,» деген сөздөн кийин «туризмди,» деген сөз менен толукталсын;

– 6-пунктта:

биринчи абзацта «346,09 гектар» жана «3» деген цифралар тиешелүү түрдө «346,6208» жана «4» деген цифраларга алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«– Бишкек шаарында мурдагы Батыш автобекетинин аймагында 0,5308 га аянттагы участокто.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 26 (3786) жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев