Загрузка документа…
БАЙТИК БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024–жылдын 22-августу № 79
Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар категориясына которууга макулдук берүү
Омуралиев Айбек Анарбековичтин өнөр жай объектилерин жана эс алуучу жай жайгаштыруу үчүн Байтик айылынын №526 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,11 га жер тилкесинин “Айыл чарба багытындагы (жайыт) жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка максаттар” категорияга которуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жана карап чыгып Байтик Баатыр айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Омуралиев Айбек Анарбековичтин өнөр жай объектилерин жана эс алуучу жай жайгаштыруу үчүн Байтик айылынын №526 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,11 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы (жайыт) жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка максаттар” категорияга которууга макулдук берилсин;
2. Байтик Баатыр айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба багытындагы жер тилкесин “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар” категориясына которуу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ходатайство берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Байтик Баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго жүктөлсүн.
Төрага |
| Осмоналиев К. |