Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 134 Жарлыгына) |
Транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик каттоонун
убактылуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик каттоонун убактылуу тартиби (мындан ары – Тартип) транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик каттоонун апробациялык режимин ишке ашыруу механизмин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин милдеттери:
– каттоо иш-аракеттерин жөнөкөйлөштүрүү жана арыз ээлерин тейлөө мөөнөттөрүн кыскартуу жолу менен регламентти оптималдаштыруу;
– натыйжалуу ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү киргизүү жана ашыкча документ жүгүртүүнү жокко чыгаруу жолу менен процесстерди санариптештирүү;
– маалыматтын аныктыгын камсыз кылуу үчүн транспорт каражаттарынын жана аларга менчик укуктарынын бирдиктүү маалымат базасын түзүү жолу менен системалуу эсепке алуу;
– кызмат көрсөтүүнүн ар бир этабын контролдоону автоматташтыруунун жана так регламенттөөнүн эсебинен коррупциялык факторлорду жоюу жолу менен ачык-айкындуулукту жогорулатуу.
3. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген жана М1 жана М1G категорияларындагы транспорт каражаттарын (баштапкы) мамлекеттик каттоо жол-жобосуна туура келген транспорт каражаттарына жайылтылат.
4. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) онлайн-каттоо – электрондук колтамганы пайдалануу менен мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу арызды аралыктан берүү, мында арыз ээсинин жеке кайрылуусун берүү жана транспорт каражатын көрсөтүү (М1/М1G) визуалдык жана техникалык кароо жана каттоо документтерин (белгилерин) алуу этаптарында гана талап кылынат;
2) арыз ээси – Кыргыз Республикасынын жараны, транспорт каражатынын менчик ээси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу;
3) электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү – «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашуу;
4) онлайн-каттоо сервиси – Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/«Түндүк» мобилдик тиркемеси же Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарын жана аларга менчик укуктарын каттоого байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана карап чыгуу процесстерин автоматташтыруу үчүн арналган төлөм уюмдарынын башка санариптик инструменттери;
5) санариптик документтин автору – санариптик кол тамга же идентификатору санариптик документке таандык болгон санариптик чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекти;
6) мамлекеттик ишкана – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун алдындагы «Жол кыймылына уруксат берүү институту» мамлекеттик ишканасы (мындан ары – «ЖКУИ» МИ);
7) адис – транспорт каражаттарын жана аларга менчик укуктарын каттоого жана кайра каттоого арыздарды кароого ыйгарым укуктуу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
8) «Транспорт каражаттарынын регистри» АМС автоматташтырылган маалыматтык системасы – транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – «ТКР» АМС);
9) «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе борбору» маалыматтык системасы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы;
10) «Face – ID» адамдын жүзүн таануу сервиси – адамдын инсандыгын ырастоо максатында аны идентификациялоо үчүн адамдын жүзүн таануунун биометрикалык технологиясы;
11) ТК – транспорт каражаты;
12) М1 – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулган жана айдоочунун орундугунан тышкары сегизден ашык эмес отуруучу оруну бар жеңил автомобилдер;
13) M1G – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулган жана айдоочунун орундугунан тышкары сегизден ашык эмес отуруучу оруну бар, жогорку өтүмдүүлүктөгү, М1 категориясындагы жеңил автомобилдер;
14) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар (арыз ээлери) – транспорт каражаттарынын менчик ээлери ( жеке жактар);
15) ыйгарым укуктуу органдар жана аткаруучулар (каттоо жана контролдоо):
– МБК;
– МКБга караштуу тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе борбору» МИ;
– Автотранспорт каражаттарын баалоо жана транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктү (мындан ары – ТКККК) белгиленген талаптарга берүү боюнча иштерди жүргүзүүгө аккредитацияланган жана Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториялары;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор (негизги аткаруучу);
16) техникалык жана инфратүзүмдүк операторлор (Санариптештирүү):
– «Түндүк» ААК жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын оператору («Түндүк» ЭВӨС);
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – «Кызмат» ММ).
2-глава. Онлайн режиминде каттоону жүргүзүү тартиби
5. Онлайн-каттоо жол-жобосу «Түндүк» мобилдик тиркемесиндеги жеке кабинет аркылуу же мамлекеттик сервистер менен интеграцияланган башка авторизацияланган маалыматтык системалар аркылуу электрондук арыз берүү жолу менен демилгеленет.
6. Транспорт каражаттарын онлайн-каттоо төмөнкү шарттарды сактоо аткарылганда жүргүзүлөт:
1) транспорт каражаттарын чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү;
2) колдонуудагы санариптик ТККККнын болушу;
3) транспорт каражатына карата каттоо аракеттерине тыюу салуунун же чектөөлөрдүн жоктугу (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камакка алуулар, күрөөлөр, соттук тыюу салуулар, кылмыш-жаза жана жарандык иштер боюнча тыюу салуулар жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар боюнча карыздар);
4) транспорт каражаты жөнүндө маалыматтардын менчик укугун күбөлөндүрүүчү берилген документтерге ылайык келиши;
5) белгиленген жыйымдардын, төлөмдөрдүн жана чегерүүлөрдүн төлөнгөндүгүн ырастоо.
7. Электрондук форматта каттоону жүзөгө ашыруунун тартиби төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) транспорт каражаттарын чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасоо (маалыматтарды түзүү жана берүү);
2) транспорт каражатын, орнотмолорду жана жабдууларды менчик укугун күбөлөндүрүүчү каттоо жана башка документтерде камтылган маалыматтарга шайкештиги предметине визуалдуу жана техникалык кароо (ТКККК берүү);
3) мамлекеттик каттоону тариздөө (текшерүү жана чечим кабыл алуу).
8. Бажы кызматынын кызматкери транспорт каражаттарын чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасоодо:
1) транспорт каражатын чек ара аркылуу мыйзамдуу ташууну ырастаган укук белгилөөчү жана товарды коштоочу документтерди кабыл алат;
2) алынган документтерди санариптештирүүнү жана маалыматтык системада сактоо үчүн алардын электрондук көчүрмөлөрүн түзүүнү жүзөгө ашырат;
3) бажы мыйзамдарына ылайык транспорт каражатын эркин жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө электрондук маалыматтарды түзөт;
4) ырастоочу документти (ЖБД, БКО) – электрондук форматта (QR-код же санариптик документ), ал эми зарыл учурларда кагаз түрүндө түзүүнү жана берүүнү камсыз кылат;
5) өндүрүүчү заводдун келип чыгуу сертификатын, инвойсту (эсеп-фактураны), транспорт каражатынын паспортун (ТКП), ЖБД жана БКО (же МБК мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн) берет;
6) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу транспорт каражаттарын андан ары мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн маалыматтык системаларга көрсөтүлгөн маалыматтарды жайгаштырат.
9. Транспорт каражаттарын чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүзөгө ашыруудан кийин документтердин түп нускалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык мааниге ээ электрондук документтер менен алмаштырылат. Зарылдыгына жараша кагаз түрүндөгү документ (МКБнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документтин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсү) онлайн-каттоонун кийинки этаптарында көрсөтүү үчүн ээсине берилет.
10. Транспорт каражаттарын чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүзөгө ашыруу аяктагандан кийин арыз ээсине кийинки этапка өтүү зарылдыгы жөнүндө транспорт каражаттарын онлайн-каттоо сервиси аркылуу электрондук кабарлоо жиберилет.
11. ТКны визуалдуу жана техникалык кароодон өткөрүү үчүн арыз ээси ТК жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган документтер менен Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген сыноо лабораториясына ТККККны кароо жана тариздөө үчүн менчик укугун күбөлөндүргөн каттоо жана башка документтерде камтылган маалыматтарга шайкештиги предметине кайрылат.
12. Аккредиттелген сыноо лабораториясы МБКнын маалыматтык системасында түзүлгөн электрондук документтердин (же алардын БМКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрүнүн) негизинде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) коопсуздук талаптарына жана билдирилген техникалык мүнөздөмөлөргө жалгыз ТКнын шайкештигин баалоо;
2) конструкциянын коопсуздук талаптарына жана билдирилген техникалык мүнөздөмөлөргө шайкештигине ТКны визуалдуу жана техникалык кароо;
3) ТК конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө санарип күбөлүктү түзүү жана категориясы, рулдун жайгашуусу жана өндүрүүчү өлкө жөнүндө маалыматтарды «Бирдиктүү терезе» системасына берүү;
4) төмөнкү документтердин скан-көчүрмөлөрүн мамлекеттик же расмий тилге талаптагыдай деңгээлде которуу менен маалыматтык системага киргизүү (бул маалыматтар маалыматтык системалар аркылуу берилет):
– ТКнын эркин жүгүртүүгө чыгарылгандыгын ырастаган (ЖБД же БКО);
– өндүрүүчү заводдун чыгаруу сертификаты;
– инвойс (эсеп-фактура);
5) «Кароо» АМСке андан ары онлайн-каттоо үчүн зарыл болгон толук маалыматтарды киргизүү, анын ичинде:
– тиби;
– түсү;
– орундардын саны;
– кыймылга келтирүү тиби;
– келген өлкөсү.
13. Кароонун жана зарыл маалыматтарды киргизүүнүн жыйынтыгы боюнча арыз ээсине этаптын аяктагандыгы жана кароо жүргүзүлгөндүгү жөнүндө «Түндүк» системасы аркылуу электрондук кабарлама жөнөтүлөт.
14. Кароо этабы аяктагандан кийин каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет мамлекеттик номердин интеграцияланган маалыматтар базаларында айып пулдар боюнча карызынын болушуна автоматташтырылган текшерүү жүргүзүлөт (бар болсо). Карыздар аныкталган учурда транспорт каражатын онлайн-режимде мамлекеттик каттоо жол-жобосу алар толук төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөт.
15. МБКнын жана аккредитацияланган лабораториялардын түзүлгөн электрондук маалыматтарынын негизинде «РТС» АМСте автоматтык режимде арыз ээси тарабынан ТКга болгон менчик укукту белгилөө үчүн ырасталууга жана электрондук колтамганы колдонуу менен кол коюлууга тийиш болгон арыздын долбоору түзүлөт.
16. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) автоматташтырылган маалыматтык системалардан («Кароо» АМС, «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы, бажы органдарынын маалыматтык системалары) келип түшкөн маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын текшерүүнү;
2) берилген материалдарды талдоону жана АМСте түзүлгөн электрондук арызды ырастоо жолу менен транспорт каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууну;
3) «РТС» АМС программалык каражаттары менен автоматтык режимде мамлекеттик каттоо номердик белгисин ыйгарууну;
4) менчик укугун жана ТКга жол кыймылына катышууга уруксатты ырастоочу транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү тариздөө жана берүүнү.
17. ТКны жана аларга менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик каттоо транспорт каражатынын эркин жүгүртүүгө чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтар (ЖБДнын чыгарууга берилген уруксаты менен) алынган учурдан тартып 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө, эгерде башка мөөнөттөр транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбесе жүзөгө ашырылат.
18. Автоматташтырылган маалыматтык системада каттоо аракеттери аяктагандан кийин арыз ээсине мобилдик тиркеме же жеке кабинет аркылуу ТК каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери (МКНБ) берүүгө даяр болгондугу жөнүндө электрондук кабарлама жөнөтүлөт.
19. ТК жана МКНБ каттоо тууралуу даяр күбөлүктү берүү арыз ээсинин инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ көрсөтүлгөн шартта, транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө арыз ээси жеке кайрылган учурда берилет.
Арыз ээси ТКнын эркин жүгүртүүгө чыгарылгандыгын ырастаган төмөнкүлөрдү (ЖБД же БКО) (же МБК мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр), инвойс (эсеп-фактура) берет:
– өндүрүүчү заводдон транспорт каражатынын чыгарылгандыгын ырастаган сертификатты;
– транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же «ТРАНЗИТ» каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттары катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери (бар болгондо).
20. ЕАЭБ мыйзамдарынын талаптарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекеттеринин аймактарында автотранспорт каражатын ээликтен ажыратууда, пайдаланууга берүүдө же тескөөдө бажы органынан уруксат алуу зарылдыгы жөнүндө маалыматтар белгиленген тартипте электрондук маалымат базасына, ошондой эле каттоо документтеринин «Өзгөчө белгилер» графасына киргизилет.
3-глава. Жарандардын «Түндүк» тиркемесин колдонуу тартиби
21. Онлайн-каттоо боюнча кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси тиешелүү мамлекеттик сервис модулун (ТКны алгачкы каттоо) колдонуу менен «Түндүк» мобилдик тиркемесиндеги жеке кабинети аркылуу транспорт каражатын мамлекеттик каттоого электрондук арыз берет. Бул иш-аракет мамлекеттик кызматты аралыктан көрсөтүү жол-жобосунун башталышы болуп саналат.
22. Сервиске жетүү Кыргыз Республикасынын санариптештирүү мыйзамдарына ылайык арыз ээси идентификациялоодон жана аутентификациялоодон өткөндөн кийин берилет, мында аралыктан идентификациялоо «Face-ID» биометрикалык маалыматтарын (жүзүн таануу) колдонуу менен, арыз ээсинин макулдугу алынган жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптары так сакталган шартта жүргүзүлүшү мүмкүн.
23. Арыз берүүчү транспорт каражатын мамлекеттик каттоого арыз берүү үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жеке кабинетин түзүү менен маалыматтык системада каттоодон өтүүгө;
2) электрондук колтамгасын колдонуу менен инсандыгын ырастоого;
3) биометрикалык технологияларды колдонуу менен кошумча идентификациядан өтүүгө;
4) «Транспорт каражаттарын каттоо» мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүн тандоого;
5) ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүн тандоого;
6) транспорт каражаты жана менчик укугу жөнүндө маалыматтарды киргизүүгө.
24. Электрондук түрдөгү төмөнкү документтерди жүктөө:
1) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти;
2) транспорт каражатын эркин жүгүртүүгө чыгарууну ырастаган документтерди;
3) транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө санариптик күбөлүктү (ТКККК);
4) чет тилдерде түзүлгөн документтер мамлекеттик же расмий тилдерге котормосу менен берилүүгө тийиш;
5) Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка документтерди;
6) транспорт каражатынын наркын көрсөтүү;
7) идентификациялык жеке номерин (ИЖН) киргизүү;
8) арызга электрондук колтамга коюу;
9) мамлекеттик төлөмдөрдү электрондук формада төлөө.
25. Формасы толтурулгандан кийин арыз система аркылуу түзүлөт жана арыз берүүчү тарабынан милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш.
26. Арыз берүүчү электрондук колтамгасын койгон жана автоматташтырылган маалыматтык системага келип түшкөн учурдан тартып арыз берилген болуп саналат.
27. Арыз келип түшкөндөн кийин берилген маалыматтарга, анын ичинде төмөнкүлөргө автоматташтырылган текшерүү жүргүзүлөт:
1) маалыматтардын тууралыгы;
2) чектөөлөрдүн болушу;
3) төлөмдөрдү ырастоо.
28. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган:
1) транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдердин долбоорун түзөт;
2) транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адиси акыркы чечимди кабыл алат.
29. Арыздарды кароонун натыйжалары боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
1) транспорт каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө;
2) транспорт каражатын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө.
30. Мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн учурда маалыматтар «ТКК» АМСке киргизилет жана ушул Тартиптин 18-пунктуна ылайык арыз ээсине электрондук кабарлоо жөнөтүлөт, ошондой эле кагазда алып жүрүүчү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ болгон транспорт каражатын каттоо жөнүндө электрондук күбөлүк түзүлөт.
31. Мамлекеттик каттоодон баш тартылган учурда:
1) арыз ээсине баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жүйөлөштүрүлгөн кабарлоо жөнөтүлөт;
2) арыз ээсине чечимди административдик же соттук тартипте даттанууга укугу түшүндүрүлөт.
32. Баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) маалыматтардын анык эместиги жана толук эместиги;
2) тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн болушу;
3) транспорт каражатынын издөөдө болушу;
4) маалыматтардын документтерге ылайык келбеши;
5) ырасталган төлөмдүн жоктугу.
33. Баш тартуунун себептери жоюлгандан кийин арыз ээси кайрадан арыз берүүгө укуктуу.
34. Транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо төмөнкү учурларда гана жокко чыгарылышы мүмкүн:
1) билип туруп анык эмес маалыматтарды берүү фактысы белгиленгенде;
2) соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
3) транспорт каражатын мыйзамсыз ээликтен ажыратуу фактысы белгиленгенде;
4) каттоо маалыматтарын олуттуу бурмалоого алып келген техникалык каталар аныкталганда.
35. Жокко чыгаруу жөнүндө чечим транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адиси тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдеринин негизинде арыз ээсин (менчик ээсин) милдеттүү түрдө кабарлоо менен кабыл алынат, мында жокко чыгаруу жөнүндө негизделген чечим кабыл алынгандан кийин төлөм кайтарылбайт.
36. Чечим кабыл алынганга чейин арыз ээсине кат жүзүндө түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
37. Жокко чыгаруу жөнүндө чечим административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.
38. Система арызды кабыл алгандан кийин арыз ээсине датасын жана убактысын көрсөтүү менен анын катталгандыгы жөнүндө кабарлоо жөнөтөт.
39. Мамлекеттик каттоодон кийин:
1) VID уникалдуу электрондук каттоо идентификатору ыйгарылат;
2) менчик укугу жөнүндө жазуулар белгиленет.
40. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) системадагы каттоону ырастоого;
2) документтерди тариздөөнү жана номердик белгилерди мамлекеттик каттоону камсыз кылууга.
4-глава. Электрондук өз ара аракеттенүүнүн өзгөчөлүктөрү
41. Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдар менен уюмдардын ортосундагы маалыматтарды ведомстволор аралык алмашуу «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу электрондук формада жүргүзүлөт.
Аталган системанын иштөөсү техникалык мүмкүн болбогон учурларда гана маалыматтарды алмашуунун башка ыкмаларын колдонууга уруксат берилет жана кийин электрондук түрдө милдеттүү түрдө белгиленүүгө тийиш.
42. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, транспорт каражатын онлайн-каттоого арыз берүүдө арыз ээси тарабынан кагаз түрүндөгү документтерди берүү талап кылынбайт.
Документтердин түп нускаларын берүү зарыл болгон учурда транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү жана мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берүү этабында гана талап кылынышы мүмкүн.
43. Ушул Тартипке ылайык түзүлгөн жана алынган электрондук документтер жана маалыматтар Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык алар түзүлгөн жана кол коюлган шартта кагаз түрүндөгү документтерге юридикалык жактан бирдей деп таанылат.
44. Электрондук документтердин юридикалык мааниси электрондук кол тамганы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган идентификациялоо жана аутентификациялоо каражаттарын колдонуу менен камсыз кылынат.
45. Ушул Тартипке ылайык түзүлгөн электрондук документтер алардын бүтүндүгүн, аныктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен мамлекеттик маалыматтык системаларда сакталууга тийиш.
46. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү процессинде техникалык үзгүлтүктөр же каталар аныкталган учурда ыйгарым укуктуу органдар аларды жоюуну камсыз кылууга жана зарыл болгон учурда мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө мүмкүн болгон кечигүүлөр жөнүндө арыз ээсине кабарлоого милдеттүү.
5-глава. Маалыматты коргоо жана жоопкерчилик
47. Электрондук формада кызматтарды көрсөтүү процессинде иштелип чыккан маалымат, анын ичинде арыз ээлеринин жеке жана биометрикалык маалыматтары Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жана маалыматтык коопсуздук жөнүндө мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, жеке жана биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгууга мамлекеттик кызматты көрсөтүү үчүн зарыл болгон көлөмдө жана жеке маалыматтардын субъектинин макулдугу болгондо гана уруксат берилет.
48. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) маалыматты уруксатсыз алуудан коргоону;
2) маалыматтардын чыгып кетүүсүн, бурмалануусун жана аны жок кылуунун алдын алууну;
3) купуялуулук режимин сактоону;
4) маалыматты коргоонун сертификатталган каражаттарын колдонууну (тиешелүү талаптар болсо);
5) маалыматтык системалардагы иш-аракеттерди эсепке алууну жана белгилөөнү.
49. Мамлекеттик органдар жана уюмдар төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) берилүүчү маалыматтардын аныктыгы жана актуалдуулугу;
2) маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоо;
3) маалыматтарды өз убагында иштеп чыгуу жана берүү;
4) маалыматтык системалардагы техникалык үзгүлтүктөрдүн жана каталардын кесепеттерин жоюу.
50. Маалыматтык системанын оператору төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) системанын үзгүлтүксүз иштешин;
2) иштелип жаткан маалыматтарды коргоону;
3) маалыматтарды резервдик көчүрүүнү жана калыбына келтирүүнү;
4) жеткиликтүүлүк деңгээлдерине ылайык маалыматтарга жеткиликтүүлүктү чектөөнү.
51. Маалыматты коргоо боюнча талаптар бузулган учурда күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
52. Жеке маалыматтар чыгып кеткен же аларга мыйзамсыз жеткиликтүүлүк аныкталган учурда ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тиешелүү жактарга кабарлоого милдеттүү.
53. Арыз ээси төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы;
2) өзүнүн идентификациялоо каражаттарынын жана электрондук кол тамгасынын сакталышы;
3) үчүнчү жактарга өзүнүн жеке кабинетине жеткиликтүүлүктү берүүгө жол бербөө.
54. Арыз ээси төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн жеке маалыматтарынын иштелип чыккандыгы жөнүндө маалыматтарды алууга;
2) өзүнүн маалыматтарына жеткиликтүү болууга жана аларды оңдоого;
3) мамлекеттик органдардын жана маалыматтык системалардын операторлорунун аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга;
4) жеке маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча талаптар бузулган учурда өзүнүн укуктарын коргоого.
6-глава. Корутунду жоболор
55. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган онлайн-каттоо сервисинин оператору катары аракеттенет жана мамлекеттик каттоону электрондук формада көрсөтүүнүн методологиясы жана уюштурулушу үчүн жоопкерчилик тартат.
56. Ушул Тартиптин жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ортосунда каршылыктар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
57. Ушул Тартип менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси, жарандык мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.